Sign In
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Ирандын Ислам Кеңешинин Межлисинин Төрагасы Мохаммад Багер Галибаф менен жолугушту

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Ирандын Ислам Кеңешинин Межлисинин Төрагасы Мохаммад Багер Галибаф менен жолугушту

IMG_9497.jpeg
09.02.21

Жолугушуунун жүрүшүндө көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана соода-экономикалык күн тартиби козголду. Атап айтканда, Евразия экономикалык бирлигинин жана анын мүчө мамлекеттери менен Иран Ислам Республикасынын ортосунда эркин соода аймагын түзүүгө алып келген Убактылуу макулдашууну ишке ашыруу, эркин соода келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо, ошондой эле жалпысынан кызматташууну активдештирүү жолдору талкууланды.

"Мурдатан калыптанган ийгиликтүү тажрыйбаны жана ЕАЭБ өлкөлөрү менен Ирандын ортосундагы салттуу достук мамилелерди эске алуу менен, ишибиздин натыйжалуулугун жана үзүрдүүлүгүн жогорулатууга жардам бере турган жаңы ыкмаларды иштеп чыгуу маанилүү", - деп баса белгиледи Михаил Мясникович.

Өз кезегинде Мохаммад Багер Галибаф Ирандын ЕАЭБ менен масштабдуу кызматташууга терең кызыкдар экендигин билдирип, Бирликтин түзүлгөндүгүнүн өз убагында экендигин жана анын дүйнөдө кадыр-баркынын өсүп жаткандыгын белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө анын катышуучулары инвестициялык кызматташтыктын жыйынтыктары жана келечеги, өнөр жай жана айыл чарба жаатындагы кооперация жөнүндө пикир алмашышты, өз ара эсептешүүлөрдү камсыз кылуу жана COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү маселелерине токтолушту. ЕАЭБ өлкөлөрү менен Ирандын ортосунда товар жүгүртүүнүн өсүшүнө жана бүткүл ири евразия аймагынын транспорттук байланыш деңгээлин жогорулатууга оң таасирин тийгизе турган транспорттук-логистикалык долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушууга ошондой эле Иран Ислам Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Казем Жалали, Иран Межлисинин депутаттары, Комиссия тарабынан - Коллегиянын соода иштери боюнча мүчөсү (министр) Андрей Слепнев катышты.

Маалымат

Евразия экономикалык бирлигинин жана анын мүчө мамлекеттеринин, бир тараптан, жана, экинчи тараптан, Иран Ислам Республикасынын ортосунда эркин соода аймагын түзүүгө алып барган убактылуу макулдашуу 2018-жылдын 17-майында кол коюлган жана 2019-жылдын 27-октябрында күчүнө кирген.

ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин башчылары 2020-жылдын 11-декабрында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында Иран менен эркин соода аймагы жөнүндө макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо чечимин кабыл алышкан. Азыркы тапта биринчи консультацияларга даярдыктар жүрүп жатат. Эркин соода жөнүндө макулдашуу боюнча иш 2019-жылдын 27-октябрынан тарта үч жылдын ичинде бүткөрүлүшү керек.​