Sign In
Беларусь Республикасынын Президенти, ЖЕЭК Төрагасы Александр Лукашенконун Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин башчыларына кайрылуусу

Беларусь Республикасынын Президенти, ЖЕЭК Төрагасы Александр Лукашенконун Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин башчыларына кайрылуусу

IMG02870.jpg
09.01.20

2020-жылдын 1-январынан тарта Беларусь Республикасы Евразия экономикалык бирлигинин органдарындагы төрагалыкты кабыл алуу менен, аны өнүгүүсүнүн кезектеги беш жылдык циклин ачат.

Биргелешкен иш-аракеттерди ЕАЭБдин рынокторундагы тоскоолдуктарды толугу менен жоюуга, алып коюуларды же чектөөлөрдү максималдуу түрдө кыскартууга, эркин атаандаштык чөйрөнү түзүү үчүн тоскоолдуктардын жаңы түрлөрүнүн пайда болушунун алдын алууга багыттоону сунуш кылабыз.

ЕАЭБ органдарынын айрым ыйгарым укуктарын тактоо зарылдыгы бышып жеткендигин белгилейбиз. Бирликтин органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерди аткаруудагы, ЕАЭБ укугун сактоодогу аткаруучулук тартип жөнүндө маселенин тутумдук чечилишин колдойбуз. Бирликтин органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууну, чечимдерди кабыл алуу тартибин мыктылоону, бир катар ыйгарым укуктарды ЕЭК Коллегиясына өткөрүп берүү менен, ЕЭК Кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумдарынын күн тартибин оптималдаштырууну максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.

Бирликтин институционалдык түзүмүн өркүндөтүү, Евразия экономикалык комиссиясынын жана ЕАЭБ Сотунун компетенцияларын евразиялык интеграциянын өнүгүүсүнүн заманбап жана перспективдүү баскычтары менен шайкеш келтирүү зарыл.

Интеграциялык күн тартибин ишке ашырууда индикаторлорду интеграциянын негизги багыттары боюнча аныктоону, аларга жетүү жана тийиштүү иш-чараларды аткаруу үчүн жоопкерчиликти караштырган программалык-максаттык ыкмага өтүү зарыл.

Евразия экономикалык комиссиясынын улуттан жогорку компетенциясын күчөтүү талап кылынууда, биринчи кезекте тоскоолдуктардын жана алып коюулардын саны эң көп болгон чөйрөлөрдө: техникалык жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу, мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруу, субсидияларды берүү. Бирликтин органдары тарабынан алдын ала каралышын караштырган, улуттук чектөө чараларын киргизүүнүн уруксат берүүчү тартибин орнотуу зарылчылыгы бышып жетти.

Комиссияга кошумча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү анын жоопкерчилигинин, тартибинин, кадрдык курамынын, ишинин айкындыгынын жана тараптарга отчёттуулугунун күчөтүлүшү менен коштолууга тийиш.

Комиссия өз алдынча субъект катары, анын ишмердигин өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурууну, анын ичинде анын чечимдерин милдеттүү түрдө аткаруу механизмдерин киргизүүнү талап кылган, ЕАЭБ Сотуна кайрылуу укугуна ээ болушу зарыл.

Беларусь Республикасы Евразия экономикалык бирлигинин андан аркы өнүгүүсүн төмөнкү маанилүү милдеттерди чечүү менен байланыштырат.

Өнөр жай, айыл чарба, энергетика, транспорт тармактарында жана башка тармактарда бирдиктүү же жалпы саясатка өтүү. Ошондо гана Бирликтин максаттарына каршы келген жана өз ара соодада тоскоолдуктарды жаратып жаткан улуттук укуктук актылардын кабыл алынышы үчүн өбөлгөлөр жана шарттар жокко чыгарылат.

ЕАЭБдин жалпы энергетика жана транспорт рынокторун түзүү боюнча иштин аякташы баа түзүү, тарифтер жана табигый монополия кызматтарына жетүү жаатындагы басмырлабоочу мамилелер менен коштолууга тийиш. Бул маселени баскычтар боюнча чечүү көрүнүктүү болуп, жыл сайын конкреттүү натыйжаларга ээ болушу зарыл.

Жалпы каржы рыногун куруунун алкагында ЕАЭБдин төлөм мейкиндигин түзүү, үзгүлтүксүз чек ара аралык эсеп-кысаптарды жана Бирликтин мейкиндигинде төлөмдөрдү камсыз кылуу, экономикаларды долларсыздаштыруу, мүчө мамлекеттердин улуттук валюталарындагы эсеп-кысаптардын үлүшүн көбөйтүү, мамлекеттер аралык төлөмдөрдүн тышкы факторлордон (SWIFT тутумдары, чет элдик банк-корреспонденттер, санкциялык тобокелдиктер) көз карандысыздыгын камсыз кылуу боюнча предметтик ишти баштоону сунуш кылабыз.

Өнөр жай секторунда улуттук саясаттарды шайкеш келтирүүгө, бир түрдүү мамилелерди киргизүүгө, мамлекеттик колдоо аспаптарын жакындатууга жана анын деңгээлине, өнөр жай кооперациясын курууга жана регионалдык кошулган нарк чынжырларын түзүүгө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана өндүрүштөрдү жергиликтештирүүгө, ички рыноктун муктаждыктарын канааттандыра ала турган жана ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна биргеликте чыгуусун камсыз кыла ала турган заманбап продукцияны чыгарууга негизги орун берилүүдө.

Улуттук программалардын негизинде Бирликтин импортту алмаштыруу боюнча бирдиктүү программасын кабыл алуу зарыл. Инновациялык өнүгүүнүн узак мөөнөттүү стратегиялык программасын иштеп чыгуу, илимий-техникалык жана инновациялык чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты бекемдөө талап кылынууда. Мунун баары Бирликтин органдарынын башкаруусу алдында ишке ашырылышы зарыл.

Чарбачылык ишмердикти жүргүзүү шарттарын текшилөө, Бирликтин ички мейкиндигинде жалпы жана ачык атаандаштык чөйрөсүн түзүү маанилүү маселе болуп саналат. Евразия экономикалык комиссиясы өзүнүн иштөө форматын байкоочудан мыйзам чыгаруучуга өзгөртүү менен жана мамлекеттик колдоо чараларын көрсөтүүдөн улам өнөр жай продукциясынын ички рыногундагы теңдемсиздикти жоюу боюнча чараларды кабыл алуу менен, субсидиялоо маселелерине көңүл бөлүшү зарыл. Зарыл болсо, өзгөчөлүү субсидияларды колдонуу жаатында Комиссиянын функцияларын кеңейтүү зарыл.

ЕАЭБдин агроөнөр жай комплексинин өнүгүүсүн болжолдоонун заманбап тутумуна жана айыл чарба продукциясын жана азык-түлүктөрдү үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна илгерилетүүнүн натыйжалуу тутумдарын колдонуу менен тереңдетилген мамлекеттер аралык кооперацияга негизделген, Бирликтин балансталган агрардык рыногун түзүүгө өзгөчө көңүл бөлүү керек. Сезимтал айыл чарба товарлары боюнча мамлекеттер аралык өнүктүрүү программаларын, анын ичинде ЕАЭБде атаандаштык артыкчылыктарды колдонуунун негизинде агроөнөр жай өндүрүштөрүн адистештирүү маселелерин иштеп чыгуу талап кылынат.

Техникалык жөнгө салуу тармагында Бирликтин өлкөлөрү үчүн бирдиктүү болуп саналган техникалык регламенттерди жана эл аралык мамилелерге негизделген жана ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин коопсуздугун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылууга багытталган заманбап стандарттарды иштеп чыгуунун тездетилишин байкоодобуз.

Аккредиттөөнүн натыйжаларына жана шайкештикти баалоонун аныктыгына өз ара ишенимди жогорулатуу, мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) механизмдеринин шайкештигин камсыз кылуу талап кылынууда. Бирдиктүү рынокто продукцияны жүгүртүүгө чыгаруу жана конролдоо жол-жоболорунун бардык катышуучулары үчүн катуу жана ачык жоопкерчилик тутумун түзүү зарыл. ЕАЭБдин техникалык жөнгө салуусунун жана сапат инфраструктурасынын бирдиктүү санариптик платформасын, стандарттарды иштеп чыгуунун санариптик чөйрөсүнүн түзүү, уруксат берүүчү документтердин электрондук формаларына өтүү, ошондой эле талаш маселелерди чечүү үчүн арбитраждык баалоо механизмин орнотуу бул маселелерди чечүүгө өбөлгө түзмөкчү. Комиссиянын стандартташтыруу, аккредиттөө, шайкештикти баалоо жана мамлекеттик контроль (көзөмөл) жаатындагы функциялары кайра кароого жатат.

Ветеринардык, санитардык жана фитосанитардык чараларды колдонуунун бирдиктүү саясатына өтүүнү камсыз кылуу максатында ЕАЭБ жөнүндө келишимдин жоболоруна комплекстүү талдоо жүргүзүү зарыл деп эсептейбиз. Санариптик күн тартиби боюнча биздин өлкөлөрдүн андан аркы өз ара аракеттенүүсүн колдойбуз.

ЕАЭБдеги жана КМШдагы интеграциялык процесстерди өз ара байланыштырууну активдештирүү, Шериктештик боюнча өнөктөштөрүбүздүн Бирликтеги мүчөлүккө кызыгуусун жогорулатуу талап кылынууда.

ЕАЭБди эл аралык мамилелер тутумуна инкорпорациялоо, эл аралык уюмдар жана бирикмелер менен, анын ичинде ШКУ, АСЕАН, Европа бирлиги, МЕРКОСУР, БСУ, ЭКӨУ менен кызматташтыкты активдештирүү, ошондой эле Евразия мейкиндигиндеги интеграциялык процесстерди өз ара байланыштыруу боюнча ишти улантуу маанилүү. Үчүнчү өлкөлөр менен, биринчи кезекте БРИКС өлкөлөрү (Бразилия, Индия, Кытай, ТАР), Индонезия сыяктуу ири өлкөлөр жана башкалар менен соода режимдерин либералдаштыруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн тректери кошулмакчы. ЕАЭБдин товарларын жана кызмат көрсөтүүлөрүн чет элдик рынокторго алып чыгуу боюнча биргелешкен долбоорлорду баштоо зарыл. Транспорт-логистика инфраструктурасын биргелешип өнүктүрүү боюнча иш-аракеттерди, анын ичинде "Бир алкак, бир жол" демилгесинин долбоорлорунда натыйжалуу катышууну активдештирүү керек.

Жалпы (бирдиктүү) маалыматтык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашырууга чыгуу менен ЕАЭБдин дүйнөлүк жана регионалдык деңгээлде өз ордун ээлеши боюнча кошумча чараларды кабыл алууну сунуш кылар элек. Жалпы маалыматтык саясаттын Концепциясын, аны ишке ашыруу Стратегиясын жана аларды аткаруу боюнча иш-аракеттердин планын иштеп чыгуу талап кылынмакчы.

Евразиялык интеграциянын 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарын кабыл алуу жана аткаруу Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимде белгиленген максаттарды, милдеттерди жана милдеттенмелерди ишке ашырууга, ошондой эле интеграциялык орбитага кошумча кызматташтык чөйрөлөрүн тартууга өбөлгө түзөт деп ишенебиз. Атап айтканда, бул мүчө мамлекеттердин экономикаларынын инновациялык олуттуу жетишкендигин камсыз кылуу менен, илимий-техникалык тармакта өз ара аракеттенүүгө, ири инфраструктуралык жана өнөр жай долбоорлорун ишке ашырууга, евразиялык чек ара аралык компанияларды түзүүгө жана евразия продукциясынын дүйнөлүк рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга тиешелүү.

Эң маанилүүсү – евразиялык интеграциянын биздин мамлекеттердин жарандары тарабынан кеңири колдоого ээ болушун камсыз кылуу. Социалдык аспектилерге, натыйжалуу жумуштуулукту жана эмгекчилерди коргоону жогорулатууга, билим берүү, саламаттыкты сактоо чөйрөлөрүндөгү кызматташтыкка, дени сак жашоого үгүттөөгө, жаштардын евразиялык интеграция процесстеринде кеңири катышуусуна, башка гуманитардык тармактардагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бөлүү зарыл.

Айтылган демилгелер жана иштөө багыттары Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери тарабынан колдоого алынат, ал эми аларды ишке ашыруу өз ара ишеним, сыйлоо жана ачыктыктын негизинде биздин Бирликтин адымдап өнүгүшүнө өбөлгө түзөт деп үмүттөнөм.

Александр Лукашенко