Sign In
ЕЭК министрлери Армениянын бизнес-коомдоштугу менен жолугушуу өткөрүштү

ЕЭК министрлери Армениянын бизнес-коомдоштугу менен жолугушуу өткөрүштү

08.10.20

8-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) министрлери Андрей Слепнев, Тимур Жаксылыков, Артак Камалян, Гегам Варданян жана Виктор Назаренко, ошондой эле Армения Республикасынын экономика министринин орун басары Варос Симонян Армениянын Экономика министрлигинин чоң залында Армениянын бизнес-коомдоштугунун өкүлдөрү менен жолугушту.

ЕЭКтин жана Армениянын Экономика министрлигинин өкүлдөрү ишкерлер менен Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) ишинин актуалдуу маселелерин, Бирликтин алкагындагы жөнгө салуучу чөйрөнү жакшыртуу, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчүнүн эркин жүрүүсүн камсыз кылуу, Бирликтин аймагындагы жалпы рыноктордун иштешине тоскоолдуктарды аныктоо жана жоюу маселелерин талкуулашты.

Биринчи кезекте жолугушуунун катышуучулары ЕАЭБдин ичинде жүргүнчүлөрдү ташууну калыбына келтирүү зарылдыгы жөнүндө маселени көтөрүштү. Комиссиянын өкүлдөрү бул тема эртең Бирлик өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары тарабынан караларын түшүндүрүштү.

Ишкерлер товарлардын, биринчи кезекте дары каражаттарынын санариптик маркалануусу киргизилип жаткандыгына тынчсыздануусун билдиришти. ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев белгилегендей, Бирлик өлкөлөрү маркалоо боюнча чечим кабыл алууга укуктуу, ошол эле учурда бизнестин жаңы шарттарга ылайыкташуусу үчүн өткөөл мезгил каралган.

Чек ара аралык электрондук соода маселеси кеңири талкууну жаратты. Бизнес-коомдоштугуна бул чөйрөнү жөнгө салуунун келечеги түшүндүрүлдү. ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу министри Виктор Назаренко бул маселенин продукциянын коопсуздугу сыяктуу жагына көңүл бурду. Жөнөтүлгөн товарлар шайкештикти баалоо боюнча зарыл процедуралардан өтпөйт жана чындыгында, алардын сапатына жана коопсуздугуна эч ким кепилдик бере албайт.

Армениялык ишкерлер алкоголдук продукциялардын коопсуздугу боюнча техникалык регламенттин күчүнө киришин кийинкиге жылдыруу жана тамеки заттарына техникалык регламенттерди иштеп чыгууну маселесин да көтөрүштү. Ошондой эле, Бирликтин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу, жалпы каржы рыногун түзүү, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери көңүл борборунда болду.

Армения Республикасынын экономика министринин орун басары Варос Симонян төрт "эркиндик" принцибине карабастан, Бирлик мамлекеттери ички рынокто көп тоскоолдуктарды жаратып жаткандыгын баса белгиледи. Товарларды жана жүктөрдү байкоого алуунун натыйжалуу тутумун киргизүү тоскоолдуктарды жоюуга жана жаңыларын жаратпоого мүмкүндүк берет.​