Sign In
Бирлик өлкөлөрүндө коронавируска каршы вакцина биргелешип өндүрүлөт

Бирлик өлкөлөрүндө коронавируска каршы вакцина биргелешип өндүрүлөт

08.02.21

Эске салсак, ЕАЭБ мамлекет башчыларынын былтыркы жылдын апрелиндеги жолугушуусунда өнөр жайдын учурдагы абалын талкуулоодо коронавирус пандемиясына байланыштуу Бирликтин дары боюнча коопсуздугунун маселелери каралган. Кеңешменин катышуучулары анда аталган планды иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн жана өз убагында экендигин белгилешкен. Комиссия тиешелүү тапшырмаларды алган.


Вакциналарды биргелешип өндүрүүнү өнүктүрүү маселеси ЕЭК Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Артак Камаляндын Евразия өнүктүрүү банкынын жетекчилиги менен 2020-жылдын декабрь айында болгон жолугушуусунун негизги темаларынын бири болуп калды.


«Кызматташтыктын мөөнөттөрү жана формалары жөнүндө айтууга эрте - деталдары иштелип чыгарыла элек. Анткен менен, бардыгы бул көйгөйдү тезинен чечүүнүн маанилүүлүгүн түшүнүшөт. Ошондуктан жакын арада бардык маселелер макулдашылат деп ишенем",
- деп баса белгиледи Артак Камалян.

Өткөн жылдын декабрь айында стратегиялык маанидеги дары-дармек препараттарын өндүрүү планы аяктап, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү тарабынан жактырылып, ЕЭКтин сайтында коомдук талкууга коюлган.


Стратегиялык мааниси бар дары-дармек препараттарын жана фармацевтикалык субстанцияларды өндүрүүнүн импорттун ордун алмаштыруу максатында Бирликтин фармацевтика тармагын өнүктүрүүгө жана кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар иш-чаралардан тышкары, пландын долбоору коронавирус инфекциясына каршы вакцинанын биргелешкен өндүрүшүн түзүүнү изилдөөнү камтыйт. Бул маселенин кечиктирилүүгө мүмкүн эместик, ошондой эле өткөн жылдын 11-декабрында Минск шаарында өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында жарыяланган, биргелешкен вакцина өндүрүшүн евразиялык деңгээлде уюштуруу демилгесин эске алуу менен, Комиссия жана Россиялык тикелей инвестициялар фонду (РТИФ) Бирликтин мамлекеттеринде "Спутник V" россиялык вакцинасынын биргелешкен өндүрүшүн түзүү маселесин изилдей башташкан.


2020-жылдын аягына карата РТИФ Казакстан Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте зарыл уюштуруу маселелерин иштеп чыгып, тиешелүү технологиялардын трансферин түзүп, Караганды фармацевтикалык комплексинин жабдууларында вакцинаны даярдоо линиясын ишке киргизишкен. Өндүрүштүн көлөмү ай сайын вакцинанын 300 миң дозасына жетет деп болжолдонууда. Азыркы тапта 90 миңден ашык доза даярдалып чыгарылган, алар бардык каттоодон өткөрүлгөндөн кийин калкты эмдөөгө жөнөтүлөт.


Жалпысынан Казакстанда "Спутник V" вакцинасынын кеминде эки миллион дозасын чыгаруу пландаштырылууда.


Препаратты Казакстандын аймагында жайылтуу РТИФ менен "СК-Фармация" компаниясынын - Казакстан Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин бирдиктүү дистрибьюторунун кызматташтыгынын алкагында жүргүзүлөт.


Жакынкы мезгилде "Спутник V" вакцинасын өндүрүү Беларуска да башталышы керек. Өндүрүштү локалдаштыруу жаатында кызматташуу боюнча бир катар келишимдерге кол коюлуп, тиешелүү технологиялардын трансфери жөнгө салынган.


Мындан тышкары, Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында Армениянын жана Кыргызстандын фармацевтикалык өндүрүүчүлөрүн биргелешкен ишканаларды өнүктүрүүгө тартуу маселеси жигердүү талкууланууда.​