Sign In
Зергерчилик бюро евразиялык экспорттоочуларды колдойт

Зергерчилик бюро евразиялык экспорттоочуларды колдойт

Арутюнян_Junwex_04.02.21.jpg
08.02.21

Санкт-Петербург шаарында өткөн XXIX Эл аралык JUNWEX зергерчилик көргөзмөсүндө Евразия экономикалык комиссиясы "ЕАЭБдин алкагында зергерчилик чөйрөсүндө макулдашууну жүзөгө ашыруунун келечеги. Евразиялык зер буюмдар экспортунун бюросун түзүү. Зер буюмдардын электрондук соодасын өнүктүрүү" темасында тегерек стол өткөрдү.

 

ЕЭКтин Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Тигран Арутюнян иш-чаранын катышуучулары менен Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнөн зер буюмдарын экспорттоону колдоо жана жалпы зергерчилик рыногун түзүү боюнча биргелешкен чараларды талкуулады. Мүчө мамлекеттердин Евразиялык зер буюмдар экспортунун бюросун түзүү жана Евразия өнүктүрүү банкы менен биргеликте зер буюмдардын электрондук соода чөйрөсүндө пилоттук долбоорду түзүү боюнча демилгелери каралды.

 

«Биз Евразиялык зер буюмдар экспортунун бюросунун административдик жол-жоболорду өркүндөтүү жана продукциянын сапатын жакшыртуу маселелерин чечүүдө чоң мүмкүнчүлүктөрүн көрүп турабыз, - деп билдирди Тигран Арутюнян. - Бюронун ыктыярдуу сертификаттоо тутумун түзүү жолу менен жана бирдиктүү брендди түзүүнүн аркасында биз Бирликтин позитивдүү имиджин чыңдайбыз, ошондой эле анчалык белгилүү эмес өндүрүүчүлөрдүн продукциясын үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтебиз. Бюронун тастыктамасын эл аралык сапат стандарты катары таануу биздин ишибиздеги негизги максаттардын бири болушу керек".

 

Көргөзмөнү көрүүнүн жүрүшүндө Тигран Арутюнян "Петербургду таануу" зергерчилик сынагынын катышуучуларынын эмгектери менен таанышып, зергерчилик компанияларынын өкүлдөрү менен бир катар жумушчу жолугушууларды өткөрдү.

 

JUNWEX ири тармактык медиа-холдинги менен болгон сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, Евразиялык зер буюмдар экспортунун бюросун мүчөлөрүнө холдингдин көргөзмө-жарманке иш-чараларына катышуу үчүн артыкчылыктарды түзүү боюнча принципиалдуу келишимдерге жетишилди.

 

Маалымат

 

JUNWEX көргөзмөсү дээрлик 30 жылдык тарыхка ээ. Россиянын жана башка өлкөлөрдүн, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин алдыңкы компаниялары мыкты өнүмдөрүн көрсөтүшөт: зер буюмдарды, сааттарды, ашкана буюмдарын, өкүлчүлүк жана сувенирдик буюмдарды, көркөм курал жана башка көптөгөн нерселерди. JUNWEX TECH технологияларынын жана зергерчилик жабдыктарынын көргөзмөсү өзүнчө экспозицияны ээлейт. Көргөзмөнүн алкагында Бүткүл россиялык зергерлердин “Петербургду таануу” сынагы өтөт.​