Sign In
Тимур Жаксылыков: «Брокерлерге жана дилерлерге уюшулган тооруктарда катышууга жол берүү жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу Бирликтин биржа мейкиндигин түзүүнү аквтидештирет»

Тимур Жаксылыков: «Брокерлерге жана дилерлерге уюшулган тооруктарда катышууга жол берүү жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу Бирликтин биржа мейкиндигин түзүүнү аквтидештирет»

IMG_6935.jpg
08.10.19

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясына караштуу Каржы рыноктору боюнча консультативдик комитеттин отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жалпы каржы рыногун түзүү, ошондой эле каржы кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу маселелери талкууланды. Аталган отурум Ереванда (Армения Республикасы) ЕЭК Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыковдун төрагалыгы астында болуп өттү.

 

Отурумду ачып жатып, Тимур Жаксылыков 1-октябрда Жогорку Евразия экономикалык кеңеши ЕАЭБдин жалпы каржы рыногун түзүүнүн концепциясын бекиткендигин билдирди. «Бул жалпы каржы рыногун түзүү боюнча процесстерди түзүмдөгөн жана аларга кошумча импульс берген маанилүү документ болуп саналат», – деди ЕЭК министри.

Отурумдун катышуучулары ЕАЭБдин бир мамлекетинин брокерлерине жана дилерлерине башка мүчө мамлекеттин биржасындагы уюшулган тооруктарында катышууга жол берүү жөнүндө макулдашуунун долбоорунун жаңы редакциясын карап чыгышты.

«Брокерлерге жана дилерлерге жол берүү жөнүндө макулдашуу фонд биржаларына өз ара жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга, баалуу кагаздарды сатып алуу жана сатуу келишимдерин түзүү үчүн биржалык тооруктарда түздөн-түз катышууга жана жалпы эле ЕАЭБдин жалпы биржа мейкиндигин түзүүгө өбөлгө түзөт», – деп Тимур Жаксылыков баса белгиледи.

Брокерлерге жана дилерлерге жол берүү жөнүндө макулдашуу биржалык тооруктарда жана эсептешүү тутумдарында басмырлоосуз катышуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу менен, брокерлердин жана дилерлердин лицензияларын өз ара таануудагы тоскоолдуктардын жоюлушун караштырат.


Консультативдик комитеттин мүчөлөрү баалуу кагаздарды ЕАЭБ мамлекеттеринин биржаларында жайгаштырууга жана жүгүртүүгө өз ара жол берүү жөнүндө макулдашуунун долбоорун карап чыгышты.

Ошондой эле, ЕАЭБ мамлекеттеринин каржы тармагындагы мыйзамдарын андан ары шайкеш келтирүү жана ЕАЭБдин жалпы биржа мейкиндигин түзүү боюнча «жол картасын» ишке ашыруу маселелери каралды.


Мындан сырткары, отурумдун катышуучулары алып келүү бажы алымдарын ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосунда улуттук валюталарда которууну уюштурууга карата маселелерди талкуулашты. Бөлүштүрүлгөн алып келүү бажы алымдарын улуттук валюталарда эсептөө боюнча эсептик-клиринг тутумун колдонуу жөнүндө Евразия өнүктүрүү банкынын сунушу чоң кызыкчылыкты туудурду.

Консультативдик комитеттин чечими менен банк аманаттарын камсыздандыруу (кепилдөө), ЕАЭБдин аймагындагы каржы уюмдарынын жоюлушу, каржылык калыбына келиши жана банкроттугу жаатындагы мыйзамдарды шайкеш келтирүү маселелери боюнча эксперттик топ түзүлдү.


Ошондой эле, отурумдун катышуучулары лицензиялар боюнча маалыматтар базасын жана эмитенттер жана баалуу кагаздар боюнча маалыматтар базасын түзүүгө байланыштуу Каржы рыноктору тармагындагы жалпы процесстерди ишке ашыруу эрежелеринин жаӊы редакциясын талкуулашты.

Отурумдун аягында каржы рыногунун катышуучуларын корпоративдик башкаруу тутумуна карата талаптар каралды.