Sign In
Египет менен эркин соода жөнүндө макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөр күз айларында Москвада өткөрүлүшү ыктымал

Египет менен эркин соода жөнүндө макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөр күз айларында Москвада өткөрүлүшү ыктымал

08.09.20

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (Министр) Андрей Слепнёвдун Египеттин Россиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ихаб Наср менен жолугушуусу болуп өттү. Тараптар экономикалык мамилелердин учурдагы күн тартиби боюнча пикир алмашышты жана эркин соода жөнүндө макулдашуунун үстүнөн сүйлөшүүлөр боюнча иштин статусун карап өтүштү.


Андрей Слепнёвдун айтуусу боюнча, өткөн жылдардын ичинде тараптар макулдашуунун долбоорун макулдашуу процессинде орчундуу прогресске жетишишкен. Атап айтканда, электрондук соода, бажы кызматташтыгы жана жол-жоболорду, техникалык тоскоолдуктарды жеңилдетүү жаатында келишкендиктерге жетишилген. Товарлар менен соода жүргүзүү, ошондой эле санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар маселелери макулдашуунун жогорку деңгээлинде турат.


"Бизнеске өз ара сооданы көбөйтүүгө гана эмес, үчүнчү өлкөлөрдүн, биринчи кезекте – Африканын рынокторуна чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берген амбициялуу макулдашууга чыгуу зарыл. Бул регуляторикага да, тарифтерге да тиешелүү", – деп министр баса белгиледи.


Бул максатка жетүү үчүн Андрей Слепнёв пандемияга байланыштуу токтотулган сүйлөшүүлөрдүн процессин толук кандуу кайра баштоону сунуш кылды. Буга чейин сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раундун Москвада өткөрүү көздөлүп, Египеттин соода жана өнөр жай министри Невин Гамеа менен тийиштүү келишкендикке жетишилген эле. Буга байланыштуу Ихаб Наср жакынкы убакытта Россиянын жана Египеттин ортосундагы аба каттамдарынын калыбына келтирилиши күтүлүп жаткандыгын белгиледи жана сүйлөшүүлөрдүн бетме-бет форматта өткөрүлүшүнө көмөк көрсөтүүгө убада берди. Тийиштүү чакыруу египеттик тарапка жакынкы убакытта жөнөтүлөт деп келишишти.​