Sign In
ЕАЭБ-Кытай: алдыда биргелешкен чоң иш күтүүдө

ЕАЭБ-Кытай: алдыда биргелешкен чоң иш күтүүдө

08.08.19

«ЕАЭБдин жана «Бир алкак – бир жолдун» айкалыштырылышы – бул Евразиядагы экономикалык да, тарыхый да өбөлгөсү бар интеграциялардын интеграциясы идеясынын ишке ашырылышы», – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсүнүн (министринин) жардамчысы Федор Черницын 7-августта Пекинде Кытай Эл Республикасынын алдыңкы талдамалык борборлорунун жетекчилери менен жолугушууда билдирди. Кытайга ал КЭРдин Коомдук илимдер академиясынын Россия, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия Институтунун директору Су Чжуанчжинин чакыруусу боюнча келген.

ЕЭК министринин жардамчысы кытайлык өнөктөштөргө евразиялык интеграция долбоорунун учурдагы абалы жана Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) келечекке карата пландары тууралуу айтып берди. Алар Бирликтин мүчө мамлекеттери тарабынан кабыл алынган, ЕАЭБдин алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларацияда аныкталган.

Федор Черницын Бирликтин жана чет мамлекеттердин эл аралык байланыштары жакшы натыйжаларды берип жаткандыгын белгилөө менен, Комиссиянын эл аралык досьесине өзгөчө көңүл бурду.
«Бизде алардын өкмөттөрү менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдар түзүлгөн бардык өлкөлөр боюнча соода-экономикалык кызматташтыктын сандык жана сапаттык өнүгүүсүн байкоодобуз. Аны менен өз ара кызматташтык Бирлик үчүн приоритеттүү болуп саналган Кытайды алсак, бизди алдыда биз бир жыл мурда кол коюлган Соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашууда жаза алгандын баарын ишке ашыруу боюнча чоң, кылдат, татаал жана узак иш күтүүдө», – деп баса белгиледи ал.

ЕАЭБдин жана «Бир алкак – бир жолдун» айкалышуу тематикасы аудиториянын көңүл борборунда болду. Аталган долбоорду ишке ашырууга байланыштуу суроолорго түшүндүрмөлөрдү берип жатып, ЕЭК өкүлү айкалыштыруу боюнча иш – бул
«ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Кытайдын элдик чарбаларынын өсүп жаткан өз ара көз карандылыгы жана толукталуу мүмкүнчүлүгү түрүндөгү экономикалык өбөлгөлөрү да, Евразия өлкөлөрүнүн жана Кытайдын элдеринин байыркы тарыхтан бери келаткан маданий коддорунун жалпылыгы түрүндөгү тарыхый өбөлгөлөрү да бар эки цивилизациялык мейкиндикти «бириктирүүгө» багытталган» масштабдуу биргелешкен ишмердик экендигин белгиледи. «Айкалыштыруу кечээ ойлоп табылып, кечээ башталган жок. Бул миң жылдык тамыры бар интеграциялык процесс», – деди Федор Черницын.

Кытайлык «мээ тресттеринин» өкүлдөрү анын чыгып сүйлөгөн сөзүнүн тезистерин колдошту жана ЕАЭБ жана «Бир алкак – бир жолду» айкалыштырууга карата бирдиктүү мамилелерди түзүү боюнча биргелешкен талдамалык ишти жүргүзүүнү сунушташты.

Тегерек столдун алкагында ЕАЭБдин жана Кытайдын тышкы контурдагы, атап айтканда, Борбордук Азия контурундагы биргелешкен ишмердигинин перспективалары тууралуу пикир алмашуу орун алды.
«Бирликтин өлкөлөрүнүн жана Кытайдын Борбордук Азиядагы бири бирин толуктаган экономикалык активдүүлүгү – бул региондун тынчтык жолу менен туруктуу өнүгүүсүнүн жана анын бакубаттуулугунун өсүшүнүн кепилдиги», – деп ишенет Федор Черницын.

Тегерек столдун катышуучулары ЕАЭБди жана «Бир алкак – бир жолду» айкалыштыруу маселелери боюнча ЕЭК жана КЭРдин Коомдук илимдер академиясы тарабынан биргелешкен докладдын даярдалышын сунуш кылышты. ЕЭК өкүлү кытайлык кесиптештерин Комиссиянын Москвадагы штаб-квартирасына келүүгө жана Бирликтин өлкөлөрүнүн кызыкдар болгон эксперттик уюмдарын чакыруу менен кезектеги «мээ чабуулун» өткөрүүгө чакырды. Иш-чараны ушул жылдын аягында уюштуруу пландаштырылууда.