Sign In
Кыргызстанда бильярддык спорт боюнча «Эркин пирамида – 2019» Дүйнө чемпионаты башталды

Кыргызстанда бильярддык спорт боюнча «Эркин пирамида – 2019» Дүйнө чемпионаты башталды

IMG02020.JPG
08.08.19

8-августта Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чолпон-Ата шаарында (Кыргыз Республикасы) Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин, вице-премьерлердин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин катышуусунда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын деңгээлинде болуп өткөн отурумунун алдында бильярддык спорт боюнча эркектер жана аялдар арасында «Эркин пирамида – 2019» Дүйнө чемпионаты башталды.

Аталган иш-чара, курамына Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия кирген, ЕАЭБ жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 5-жылдыгына жана евразиялык интеграция идеясынын 25-жылдыгына арналган. Чемпионаттын уюштуруучулары – Эл аралык пирамида конфедерациясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосунда Евразия экономикалык комиссиясы.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия экономикалык бирлигиндеги атайын өкүлү Алмаз Сазбаков иш-чаранын ачылыш аземинде турнирдин катышуучулары жана коноктору менен өлкөнүн өкмөтүнүн атынан саламдашып өттү.
«Бильярд боюнча дүйнө чемпионаты бильярдга өзгөчө көнүл бурулган Кыргызстанда өткөрүлүп жаткандыгы кубандырат. Акыркы жылдарда кыргыз спортчулары спорттун бул түрүндө жакшы натыйжаларды көрсөтүшүүдө», – деп баса белгиледи ал.

Эл аралык
пирамида конфедерациясынын президенти, Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаты Павел Завальный эркин пирамиданын – «орус бильярдынын» 300 жылдан ашык тарыхы бар экендигин жана ал «бильярддын евразиялык түрүнө» айлангандыгын айтып берди.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Комиссия үчүн «биздин элдердин гүлдөп өсүшүнө багытталган евразиялык интеграция идеясын ишке ашырууда коомдун колдоосу өтө маанилүү» деп айтты.
«Албетте, биздин Евразия мейкиндигибизде бильярд, биздин маданий жалпылыгыбызды тастыктаган символ, биздин ишмердигибиздин ийгиликтүү ишке ашырылышы үчүн өтө чоң мааниге ээ болгон, спорттун популярдуу түрү болуп саналат», – деп жыйынтыктады Тигран Саркисян.

Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары Игорь Петришенко ЕЭК Кеңешинин отурумун спорттук бөлүк менен өткөрүү жаңы салтка айлангандыгын белгиледи. Июль айында Комиссиянын Кеңеши II Европа оюндарынын ачылыш күнүндө өткөрүлгөн.
«Евразиялык интеграцияга спорттук дипломатия форматынын кошулуп жаткандыгы эң сонун нерсе, – деп жыйынтыктады Игорь Петришенко. – Биз жарандарыбыз биздин өлкөлөрдө эркин болушу, орун которуштурушу, эмгектениши үчүн бардык шарттарды түзүүдөбүз. Евразиялык интеграция биздин элдердин жыргалчылыгын жакшыртууга багытталган».

Казакстан Республикасынын
Вице-премьер-министри Алихан Смаилов катышуучуларга ийгилик, ал эми көрүүчүлөргө – кызыктуу иш-чараны каалап өттү.

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын Биринчи орун басары – РФ каржы министри
Антон Силуанов бильярд оюнунун интеллектуалдуулугун белгиледи жана аны Евразия экономикалык комиссиясынын иши менен салыштырды: «Бул жерде жагдайды талдап, соккунун туура багытын тандап, шарга өтө так тийип, аны лузага түшүрүп, натыйжа алуу зарыл».

Чемпионат, кошо алганда, 13-августка чейин улантылат.
Чемпионатты ЕАЭБдин мааракелүү күндөрүн майрамдоонун алкагында өткөрүү демилгеси ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисянга таандык, аны Эл аралык пирамида конфедерациясынын президенти толугу менен колдоду.

Турнирде дүйнөнүн 20дан ашуун өлкөлөрүнөн чыккан 80ден ашуун спортчу катышууда. Мелдештердин жүрүшүндө эркин пирамида боюнча дүйнө чемпиону жана эң күчтүү оюнчулар аныкталат.