Sign In
ЕЭК жана Тынч океан альянсы Өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюушту

ЕЭК жана Тынч океан альянсы Өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюушту

08.07.19
«ЕЭК жана Тынч океан альянсынын – Колумбия, Мексика, Перу жана Чили өлкөлөрүнүн жаш, бирок тез өнүгүп келе жаткан бирикмесинин ортосундагы диалогдун расмийлештирилиши – узакка созулган сүйлөшүү процессинин натыйжасы болду жана кыйла натыйжалуураак ички өнүгүү жана бардык мүчө мамлекеттердин ортосунда экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү максатында эки түзүмдүн бири бирин жакшыраак таанууга жана тажрыйба алмашууга өз ара кызыкчылыгын чагылдырат», ¬– деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Татьяна Валовая Комиссиянын жана Тынч океан альянсы жөнүндө алкактык макулдашуунун мүчө мамлекеттеринин ортосунда Өнөктөштүк жөнүндө декларация түзүлгөндөн кийин билдирди. Документке 5-июлда Лимада Тынч океан альянсынын мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги 14-саммитинин жүрүшүндө кол коюлду.

Татьяна Валоваянын пикири боюнча, «ЕЭК – Тынч океан альянсы» диалогунун форматы дүйнөлүк экономиканын өнүгүшүнүн актуалдуу тенденцияларына жооп берет жана эки бирикменин өкмөттөрүнүн жана бизнес-коомдоштуктарынын ортосундагы диалог үчүн мыкты инфраструктураны түзөт. «Жаңы регионализм – XXI кылымдын тренди, жана, эл аралык байланыштар тармагын кеңейтүү менен, ЕАЭБдин калыптанып жаткан экономикалык архитектурага гармониялуу түрдө төп келип жаткандыгы маанилүү. Биз АСЕАН, МЕРКОСУР менен өз ара аракеттенебиз, бир катар башка бирикмелер менен диалог модалдуулугун талкуулоодобуз», ¬– деди ЕЭК өкүлү.

ЕЭК министри Комиссия Тынч океан альянсы менен декларацияны ЕЭКтин бул багыттагы ишиндеги маанилүү учур катары кабыл алат, анын үстүнө альянстын өлкөлөрүнө бүткүл Латын Америкасынын ИДӨсүнүн 35% ашык бөлүгү туура келет, ал эми интеграцияны тереңдетүү бөлүгүндө анын катышуучуларынын алдында турган тапшырмалар дымактуулугу боюнча Евразия экономикалык бирлигиндеги тапшырмалардан калышпайт деп баса белгиледи.

ЕЭК министри Лимага сапарынын алкагында Перу Республикасынын тышкы соода жана туризм министри Эдгар Васкес Вела, Колумбия Республикасынын тышкы иштер министри Карлос Холмс Трухильо Гарсия, Чили Республикасынын тышкы иштер министри Теодоро Рибера Неуманн менен жумушчу жолугушууларды өткөрдү. Жолугушуулардын жүрүшүндө бири-биринин рынокторуна товарлардын жетүүсү бөлүгүндө эң көп практикалык кызыкчылыкка ээ болгон маселелер боюнча тармактык өз ара аракеттенүүнү ишке салууга басым жасоо менен, мурда түзүлгөн механизмдердин – Чили жана Перунун өкмөттөрү менен эки тараптуу жумушчу топтордун алкагында диалогду активдештирүү маселелери, Колумбия менен өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле ЕЭК жана Тынч океан альянсынын ортосундагы Декларацияны ишке ашыруунун перспективалары негизги маселелерден болду. ЕАЭБ – Тынч океан альянсы биргелешкен бизнес-форумун уюштуруу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу жана ишкердик коомдоштуктарга тике байланыштарды орнотууда көмөк көрсөтүү жөнүндө келишкендик түзүлдү.

Перуга сапарынын жүрүшүндө Татьяна Валовая Латын Америкасынын эң улуу интеграциялык бирикмеси болуп саналган, жана 2017-жылы ЕЭК биринчи болуп байланыштарды түзгөн Анд коомдоштугунун жетекчилиги менен жолугушту. Тараптар интеграциялык бирикмелердин учурдагы өнүгүүсү тууралуу актуалдуу маалыматтарды алмашышты жана өз ара аракеттенүүнү жолго салуу, анын ичинде эки түзүмдүн өкүлдөрүнүн жана ишкердик коомдоштуктарынын ортосунда тематикалык видеоконференцияларды өткөрүү жана сапарларды алмашуу боюнча конкреттүү кадамдарды белгилешти.

Маалымат
Тынч океан альянсы ¬– бул аймагы Тынч океанга чыккан, Латын Америкасынын мамлекеттеринин бирикмеси (Колумбия, Мексика, Перу жана Чили). Тынч океан альянсы экономикалык демилге болуп саналат жана туруктуу түрдө аракеттенген административдик түзүмгө ээ эмес. Альянстын жогорку органы – мамлекет башчыларынын саммити, ал жыл сайын бирикменин учурдагы убактылуу төрагасы болуп саналган өлкөдө өткөрүлөт. 2019-жылдын июль айынан 2020-жылдын июлуна чейин альянстагы төрагалык Перу Республикасынан Чили Республикасына өтөт, төрагалык жарым жылдык мөөнөткө алфавиттик тартипте кезек менен өткөрүп берилет.
Документке ЕЭКтин атынан Коллегиянын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Татьяна Валовая кол койду. Тынч океан альянсынын атынан: Чили Республикасынын атынан – тышкы иштер министри Теодоро Рибера Неуманн, Колумбия Республикасынын атынан – тышкы иштер министри Карлос Холмс Трухильо Гарсия жана соода, өнөр жай жана туризм министри Хосе Мануэль Рестрепо Абондано, Мексика Кошмо Штаттарынын атынан – тышкы иштер министри Марсело Луис Эбрард Касаубон жана экономика министри Грасиэла Маркес Колин, Перу Республикасынын атынан – тышкы иштер министри Нестор Пополисио Бардалес жана тышкы соода жана туризм министри Эдгар Васкес Вела документке кол коюшту.