Sign In
Комиссия бизнес менен товарларды ЕАС белгиси менен маркалоо боюнча консультацияларды өткөрдү

Комиссия бизнес менен товарларды ЕАС белгиси менен маркалоо боюнча консультацияларды өткөрдү

08.05.19

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) ЕАЭБдеги тоскоолдуктардын «Ак китебине» киргизилген чектөөлөрдүн бири менен болгон жагдайды талкуулоо үчүн Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын жана бизнес-коомдоштуктарынын өкүлдөрү менен консультацияларды өткөрдү. Кеп Россия Федерациясынын бажы органдарынын өлкөгө алып келинген товарларга карата товарды жүгүртүүнүн бирдиктүү ЕАС белгиси менен (англис тилинен Eurasian Conformity) алдын ала маркаланган болушуна талабы жөнүндө болууда.

Комиссияга россиялык бизнес өкүлдөрү тарабынан, алып келинген товарларды ички керектөө үчүн чыгаруу боюнча бажы жол-жоболоруна жайгаштырууда, бажы органдары тарабынан аларда ЕАС белгисинин болушун текшерүү маселеси боюнча кайрылуулар бир нече ирет келип түшкөн. Ишкердик коомдоштуктун өкүлдөрү бул талап ЕАЭБ укугуна каршы келет жана бир катар чыгымдарга алып келүүдө деп эсептешет. Бул жөнүндө ЕЭКтин Ички рыноктордун иши боюнча департаментинин директору Илья Чёрный жолугушуунун жүрүшүндө билдирди. «Биз бул жана буга окшош башка жагдайларды жөнгө салуу үчүн бүгүнкү күндө жакынкы эки жылга карай «жол картасын» даярдап жатабыз. Комиссия мындай маселелердин үстүндө иштөөгө даяр жана бул чектөөнү жоюу үчүн иш чараларды ишке ашырат, ал эми бул аяккы натыйжада бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрү үчүн башка тоскоолдуктарды да жоюуга мүмкүндүк берет», – деп белгиледи Илья Чёрный. ЕАЭБдин аймагына үчүнчү өлкөлөрдөн алып келинген товарларда белгинин болушуна контроль мүчө мамлекеттерде ар башка – Россия Федерациясынын бажы кызматы аталган белгинин ЕАЭБдин бажы аймагына алып келүүдө эле дароо бар болушун талап кылат, ал эми Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын бажы кызматтары импорттоочуларга мындай талаптарды койбойт жана бул белгини мүчө мамлекеттердин аймактарында түшүрүүгө мүмкүндүк берет. Ишкердик коомдоштуктун айрым өкүлдөрүнүн пикири боюнча, ЕАС маркалоосунун болушуна ар түрдүү талаптар Россиялык бизнесте кошумча чыгымдарды жаратууда. «СВ-ТРАНСЭКСПО» компаниясынын генералдык директору Марина Лякишева «Комиссиянын аянтчасы бул маселе боюнча оптималдуу чечим иштеп чыгууга мүмкүндүк берет» деп эсептейт. Анын пикири боюнча, товарларды ЕАЭБдин аймагынан сырткары маркалоого талап ЕАС белгиси менен маркалоо кызматтары үчүн төлөмдүн ЕАЭБге кирбеген үчүнчү өлкөлөргө кетишине алып келүүдө, ошол эле убакта аталган кирешени РФ субъектилери алса болмок. ЕЭКтин аянтчасындагы консультацияларда россиялык бизнестин 100дөн ашуун өкүлдөрү – ритейлден тартып металлургдарга чейин катышышты.

Маалымат

EAC Евразиялык шайкештик деп чечмеленет (Eurasian Conformity) — товардын техникалык регламенттердин коопсуздук талаптарына жооп беришин жана шайкештикти тастыктоо жол-жобосунан өткөндүгүн күбөлөндүрөт. Бирликтин техникалык регламенттеринде товарды мүчө мамлекеттердин рыногунда продукцияны жүгүртүүнүн бирдиктүү белгиси менен маркалоо зарылдыгы каралган. Жүгүртүүнүн бирдиктүү белгиси менен маркалоо продукцияны Евразия экономикалык бирлигинин рыногуна чыгаруунун алдында ишке ашырылат.