Sign In
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Виктор Христенко: «Кризистен чыгуу механизмдери чөлкөмдүк топтордун диалогунда аныкталмакчы»

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Виктор Христенко: «Кризистен чыгуу механизмдери чөлкөмдүк топтордун диалогунда аныкталмакчы»

08.04.15

7-апрелде Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Виктор Христенко менен Германия Федеративдик Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рюдигер фон Фричтин жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар евразиялык экономикалык долбоордун өнүгүшүнүн негизги баскычтарын, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өнүгүү стратегиясын, Кыргыз Республикасынын кошулушунун контекстинде Бирликтин кеңейүү перспективаларын, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин Европа бирлиги менен иштешүү перспективаларын талкуулашты.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Виктор Христенко ЕАЭБ чөлкөмдүк экономикалык интеграциянын эл аралык уюму экенин айтты. Ал Бирлик бирдиктүү ички базарды кеңейтүүгө, ЕАЭБ бизнесинин жаңыланышына жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн жогорулашына шарт түзүүгө, инвесторлор үчүн бирдиктүү базардын азыркыдан да тунуктугуна жетишүүгө, ошондой эле ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүнүн экономикаларынын тутумдук туруктуулугун жогорулатууга багытталгандыгын баса белгиледи. Виктор Христенко айтып өткөндөй, бул максаттарга Евразия экономикалык долбооруна мүчө өлкөлөрдүн экономикалык интеграциясын тереңдетүү жолу менен гана жетүүгө болот.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы түшүндүргөндөй, Комиссиянын ишмердүүлүгү товарлардын, кызматтардын, капиталдын жана жумушчу күчтүн эркин кыймылын камсыз кылууга, ЕАЭБ тууралуу Келишимде аныкталган жалпы максаттарга жетүү үчүн экономиканын өзөктүү секторлорунда макулдашылган саясаттарды 10 жылга алдыга түзүүгө багытталган.

«Интеграциянын эсебинен улуттук деңгээлде түзүлгөн кедерги жана чектөөлөрдү жокко чыгаруу мүмкүн, себеби бирликтин ченемдик базасы ДСУ ченемдерине жана эрежелерине, мыкты тажрыйбаларга таянуу менен кыйла ийкемдүүрөөк моделдин негизинде курулат. Бирликтин баалуулугу - уланып жаткан экономикалык кризистин фонунда интеграциялык бирикмеге мүчө өлкөлөр үчүн тобокелдерди азайтуу мүмкүнчүлүгүндө. Муну менен бирге, ЕАЭБ тышкы экономикалык байланыштарды жигердүү диверсификациялайт», - деп Виктор Христенко белгиледи. Анын айтымында, европалык өнөктөр менен салттуу иштешүүгө кошумча азиялык чыйыр күчөөдө, Латын Америкасындагы өнөктөр менен иштөө жигердүүрөк жүрүүдө.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы баса белгилегендей, Евразия экономикалык жана Европа бирликтеринин өз ара мамилелери – бүгүнкү күндөгү эң актуалдуу темалардын бири Буга байланыштуу Евразия экономикалык комиссия Европа бирлиги менен диалогго даяр. Анын үстүнө, ЕАЭБ негизинде ДСУнун ченемдери жана эрежелери турат, бул болсо де-факто иштешүүнүн бирдиктүү тилин түзөт.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Виктор Христенко ЕАЭБ менен ЕБ ченемдерин эриш-аркак келтирүүнүн баалуулугу шексиз экенин айтып өттү. «Так ушул ЕАЭБ укугунда евразиялык жана европалык интеграциялык бирикмелердин укугун эриш-аркак келтирүү мүмкүн. Ааламдык кризистен чыгуу чөлкөмдүк топтордун диалогунда аныкталмакчы. Булар натыйжалуу диалогду түзүүгө канчалык ийгиликтүү болушу дүйнөнүн 15 жылдан кийинки көрүнүшүн аныктайт», - деп Виктор Христенко белгиледи. ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Европа бирлиги менен Евразия экономикалык бирлигинин бири-бирине өз ара пайдалуу негизде диалог түзүүдөн башка жолу жок деген ишенимин билдирди.

Өз кезегинде, ФРГнын РФдагы Элчиси Рюдигер фон Фрич Германиянын федералдык өкмөтү үчүн кризистен чыккандан кийинки перспективаны көрүү маанилүү экенин айтты. Ал ЕБ менен ЕАЭБ ортосунда диалогду жөнгө салуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.