Sign In
Евразия өкмөттөр аралык кеңеши ЕАЭБдин алкагында металлургия тармагын чийки зат менен камсыздоо боюнча биргелешкен иш-чаралардын тизмесин даярдоодо

Евразия өкмөттөр аралык кеңеши ЕАЭБдин алкагында металлургия тармагын чийки зат менен камсыздоо боюнча биргелешкен иш-чаралардын тизмесин даярдоодо

08.02.21

Евразия экономикалык бирлигинин ички рыногунун иштешинин алкагында Казакстан Республикасы жана Беларусь Республикасы тарабынан милдеттенмелерди аткаруу маселеси - кара жана түстүү металлдардын сыныктары менен калдыктарын экспорттоого чектөөлөрдү алып салуу - 5-февралда Евразия өкмөттөр аралык кеңештин отурумунда каралды.


Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБдин металл сыныктарынын жалпы рыногундагы учурдагы кырдаалды талдап, кырдаалды жөнгө салуу боюнча сунуштарды даярдады. Изилдөөгө ылайык, кара металл сыныктарын камдоо жана керектөө баланстары Бирликте сыныктардын тартыштыгы жок экендигин көрсөтүп турат.


ЕӨАК отурумунда ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович да бул туурасында билдирди. Россия Беларуска металл сыныктарынын негизги экспорттоочусу, ал эми Казакстан - РФге негизги экспорттоочусу болуп саналат. 2019-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүндө кара металлдардын калдыктарын жана сыныктарын өз ара жеткирүү 578 млн доллар суммасына 2,2 млн тоннаны түздү. Эксперттик эсептөөлөр боюнча, 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча өз ара сооданын көлөмү 2019-жылга салыштырмалуу накталай мааниде алганда 37,7% га төмөндөгөн.


Металл сыныктарын камдоо үчүн олуттуу потенциал болгон шартта, Бирликтин металлургиялык ишканаларында, биринчи кезекте россиялык ишканаларда, металл сыныктарынын жетишсиздигине байланыштуу көйгөйлөрдүн курчушу ЕАЭБдин алкагында кара металл сыныктарын камдоодо жана жеткирүүдө структуралык көйгөйлөрдүн бар экендигин көрсөтөт.


Буга байланыштуу, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мүчөлөрү Бирликтин металлургиялык ишканаларын чийки зат менен камсыздоо боюнча кырдаалды жөнгө салуу боюнча мүмкүн болгон чараларды талкуулашты, анын ичинде - сыныктарды камдоо тармагын өбөлгөлөө, Бирликтин алкагында ЕАЭБдеги кара жана түстүү металлдардын калдыктарына жана сыныктарына суроо-талап менен сунуштун болжолдуу балансын түзүү, мүчө мамлекеттер тарабынан улуттук деңгээлде колдонулган, кара жана түстүү металлдардын калдыктарын жана сыныктарын үчүнчү өлкөлөргө экспорттоого убактылуу чектөөлөрдү унификациялоо, Бирликтин ички рыногунда металлургия ишканалары үчүн чийки затка жеткиликтүүлүктүн чектелишин колдонбоо.


"Бүгүнкү күндө металлургия тармагындагы туруктуу өнүгүү технологиялык компетенттүүлүккө гана эмес, ошондой эле Бирликтин алкагындагы кооперациянын деңгээлине, тоскоолдуктарды жана кедергилерди четтетүүгө, биргелешип тармакты колдоо боюнча чараларды көрүүгө байланыштуу"
, - деп баса белгиледи Михаил Мясникович.​