Sign In
ЕАЭБ жана Кубанын ортосундагы мамилелер оң гана динамиканы көрсөтүүдө

ЕАЭБ жана Кубанын ортосундагы мамилелер оң гана динамиканы көрсөтүүдө

08.02.19
6-8-февралда Гаванада Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жана Куба Республикасынын мамилелерин өнүктүрүүгө арналган бир катар иш-чаралар болуп өттү. Комиссиянын Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян баштаган Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) делегациясы Кубага болгон жумушчу сапардын алкагында мындан аркы экономикалык кызматташтыктын маселелерин талкуулашты.
 
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын жана өлкөнүн Мамлекеттик кеңешинин төрагасынын орун басары Инес Мария Чапмандын сүйлөшүүсүндө Кубага карата Бирлик өлкөлөрүнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
 
Инес Мария Чапман Кубанын жаңыланган экономикалык саясатынын негизги элементтерин презентациялап, маалыматтык технологияларды өнүктүрүүгө, ошондой эле өнөр жай тармагын модернизациялоо жана өнүктүрүү боюнча программаларга өзгөчө көңүл бурду.
 
Тигран Саркисян республикада жаңы экономикалык программалар жүзөгө ашырыла баштаган мезгилде ЕАЭБ үчө-мамлекеттеринин жана Кубанын ортосунда кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. "Кубада экономиканы диверсификациялоонун багытын эске алуу менен ЕАЭБден өнөктөштөр бул процесстерге катышууга даяр. Мындан тышкары биздин Бирликтин ишкерлери тарабынан конкреттүү долбоорлор жана сунуштар бар", - деди ЕЭК Коллегиясынын башчысы.
 
Куба Республикасынын Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары Рикардо Кабрисас менен жолугушууда Тигран Саркисян баса белгилеп өткөндөй, бул баскычта ЕАЭБтин мүчө-мамлекеттеринин жана Кубанын ортосунда товар айланымынын жана кызматташтыктын өсүшүнүн булагы болуп кала турган негизги багыттарды табуу маанилүү. "Биз максаттарды жүзөгө ашырууда өзүбүздүн салттуу өнөктөштөр менен тыгыз кызматташуу биз үчүн маанилүү. Куба - ЕАЭБдин бардык мүчө мамлекеттеринин эски өнөктөшү, жана биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелер дайыма оң динамиканы гана көрсөткөнү биздин кубандырат", - деп билдирди Тигран Саркисян.

ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Кубага экспорт 2018-жылдын январь-ноябрь айларында 2017-жылдын ушундай эле мезгили менен салыштырмалуу 25,7%га өскөн, ал эми 2017-жылы - 28,4%га өскөн, анын ичинде Беларустан – 15,8%га жана Россиядан – 29,5%га. Бирлик өлкөлөрүнүн Куба менен товар айланымы 2018-жылдын январь-ноябрь айларында 2017-жылдын ушундай эле мезгили менен салыштырмалуу 6,8%га жогорулаган. 2017-жылга ушундай эле көрсөткүчтөрдүн өсүшү 15,2%ды түзгөн.
 
Ал эми Кубанын Министрлер кеңешинин вице- премьери өз кезегинде Куба ЕАЭБтин бардык мүчө мамлекеттери менен мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди. "Россия жана Беларусь менен биз жигердүү экономикалык кызматташтык жүргүзүп келебиз, бирок биз Бирликтин башка катышуучулары менен да ушундай эле динамика болушун каалайбыз. Экономиканы диверсификациялоо, биотехнологияларды, натыйжалуу айыл чарбасын, модернизацияланган өнөр жайды, калыбына келүүчү энергетиканы өнүктүрүү боюнча биздин жаңы программалар биздин кызматташтыктын өсүшү үчүн жакшы негиз түзөт", – деп билдирди ал.
 
Өлкөлөр ЕАЭБтин өлкөлөрүнүн жана Кубанын бизнеси үчүн маалыматтык брошюраны биргелешип иштеп чыгуу жөнүндө макулдашышты.
 
ЕЭК делегациясынын Кубага жумушчу сапарынын алкагында ЕЭКтин жана Куба Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда өз ара иштешүү боюнча Биргелешкен комиссиясынын биринчи отуруму жана ишкер чөйрөлөрдүн ЕАЭБтин мүчө мамлекеттеринин жана Кубанын ортосунда кызматташтык маселелери боюнча конференциясы болуп өттү.
 
Отурумдун жыйынтыгы боюнча ЕЭК Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министри) Татьяна Валовая жана Куба Республикасынын тышкы соода жана тышкы инвестициялар боюнча министри Родриго Мальмьерка Диас ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын катышуусунда ЕЭКтин жана Куба Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду жүзөгө ашыруу боюнча 2019-жылга иш-чаралардын биргелешкен планына кол коюшту.
 
Тараптар чоң маани берген планга ылайык, ЕЭКтин ыйгарым укуктуу бөлүмдөрүнүн жана Кубанын мамлекеттик бийлигинин органдарынын ортосунда консультациялардын сериясы башталат.
 
Иш-чаранын жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин жана Кубанын ортосунда товар айланымынын өсүшү айтылып, соода-экономикалык кызматташтыкты өркүндөтүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
 
"Биздин өз ара сооданын масштабдары өсүүдө: 2017-жылы товар айланымы 15%га, ал эми өткөн жылдын 11 айынын жыйынтыктары боюнча – дагы 7%га жогорулаган. Анткен менен Бирликтин бардык өлкөлөрү менен сооданы диверсификациялоо маанилүү милдет болуп саналат. Азыркы учурда айланымдын көпчүлүк бөлүгү Россияга (77%га жакын) жана Беларуска (16% жакын) таандык. Бирикменин башка өлкөлөрүнүн кызматташууга кызыгуусу сөзсүз түрдө бар", – деп билдирди Татьяна Валовая.
 
Ошондой эле ал ЕЭКтин жана Куба Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум кабыл алынгандан бери бир жылдан азыраак убакыт өтсө дагы, тараптардын кызматташуусу мурдагыдан жигердүү болгонун белгилеп өттү. "Биз Комиссиянын өкүлдөрүнүн кубалык өнөктөштөр менен байланышынын жогорку деңгээлин чоң канааттануу менен белгилейбиз, – деди ЕЭК министри. – Мисалга, 2018-жылы фармацевтика жаатында эксперттердин консультациясы болуп өткөн, кубалык делегация Ереванда болуп өткөн "Евразия жумалыгы" эл аралык көргөзмө формуна катышты".
 
Өзүнүн саламдашуу сөзүндө Родриго Мальмьерка Диас белгилеп өткөндөй, соодадагы жакшы динамикаларга карабастан, Кубанын жана Бирлик мамлекеттеринин экономикалык кызматташтыгынын азыркы көлөмдөрү алардын мүмкүнчүлүктөрү менен таптакыр айкалышпайт. Ошол эле учурда ал товар айланымын жогорулатуу үчүн потенциалды белгилеп өттү, өзгөчө Армения, Казакстан жана Кыргызстан менен. "Биргелешкен комиссиянын ишин жана ЕЭКтин жана Куба Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду Евразия экономикалык бирлигинин бардык өлкөлөрү менен кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн оптималдуу негиз катары карайбыз",– деп жыйынтыктады Куба Республикасынын өкүлү.
 
Күн тартибине ылайык өткөрүлгөн дискуссия кубалык тараптын Бирликтин дарылар жана медициналык буюмдар чөйрөсүндөгү жаңылыктарына, ошондой эле экономиканын реалдуу секторунда бардык мүчө мамлекеттер менен кызматташтыкты өстүрүүгө кызыкдарлыгын чагылдырды, анын ичинде кубалык өнөр жайды модернизациялоого, биринчи кезекте машина куруу жана химия тармагына байланыштуу биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруунун алкагында.
 
ЕЭКтин Бирликте өнөр жай кооперациясын тереңдетүү боюнча күч аракеттери жана бул багытта "бешилтиктин" мамлекеттеринин Куба менен кызматташтыгынын перспективалары туурасында ЕЭКтин Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Сергей Шухно айтып берди. Анын пикири боюнча, кооперациянын конкреттүү чөйрөлөрүн аныктоо максатында, кубалык ишкер чөйрөлөрдүн ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана ошондой эле евразиялык бизнестин Кубага бизнес-миссияларын уюштуруу максатка ылайыктуу.

Биргелешкен комиссиянын кийинки отуруму 2020-жылы Бирликтин мамлекеттеринин биринде өткөрүлмөкчү.
 
Бирликтин мамлекеттеринин жана Куба Республикасынын ишкерлеринин түздөн-түз байланыштарынын маанилүүлүгү туурасында маектешүү Куба Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулган бизнес-конференцияда улантылды. Бул ЕАЭБ менен Кубанын ортосундагы Кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлгандан кийин уюштурулган биринчи форум болду. Ага ЕАЭБтен өнөктөштөр менен кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган кубалык компаниялардын өкүлдөрү катышышты. Бизнес-форумдун алкагында тараптар соода, билим берүү, медицина жана каржылык сектор чөйрөсүндө кызматташтык долбоорлорун талкуулашты.
 
Биргелешкен комиссиянын отурумунун жана ишкер чөйрөлөрү үчүн конференциянын катышуучулары - мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү: Армениянын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси – Ара Айвазян, Беларустун атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси – Александр Александров, Казакстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси – Акылбек Камалдинов жана Россиянын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси – Андрей Гуськов болушту. Алар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Кубанын кызматташтыгынын потенциалын натыйжалуураак колдонуунун зарылдыгын колдошту. ЕЭК өкүлдөрү да иш-чараларга катышып жана баяндамалар менен чыгып сүйлөштү.
 
ЕЭК делегациясынын Кубага болгон сапарынын жүрүшүндө ошондой эле ЕЭК министри Татьяна Валоваянын Кубанын тышкы иштер министринин орун басары Марселино Медина Гонсалес, Кубанын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Альфредо Гонсалес Лоренсо менен жумушчу жолугушуулары болуп өттү.
 
Маалымат
2018-жылдын 31-майында Гаванада Евразия экономикалык комиссиясынын жана Куба Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлган.
 
Документтин максаты – сооданын айланымын жана инвестицияларды көбөйтүүдө, сооданын өнүгүүсүнө тоскоолдук кылган кедергилерди четтетүүдө, ошондой эле экономикада биргелешкен иш-чараларды системалык түрдө өткөрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачууда Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн жана Кубанын күч-аракеттерин координациялоо.
 
Куба – ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүнүн эски, салттуу жана жакшы тааныш өнөктөшү. Кызматташтыктын терең тарыхий тамырлары бар жана өлкөлөрдү экономикалык жана маданий жактан байланыштырып турган, жалпы олуттуу пайдубалга таянат. ЕЭК жана Куба өкмөтүнүн Меморандуму - заманбап шартта өз ара иштешүүнү жаңылоо жана жигердештирүү үчүн платформа.