Sign In
ЖЕЭК жыйынтыктары: газ, мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рынокторун түзүү боюнча программалар жактырылып, ЕАЭБ алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларацияга кол коюлду

ЖЕЭК жыйынтыктары: газ, мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рынокторун түзүү боюнча программалар жактырылып, ЕАЭБ алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларацияга кол коюлду

07.12.18
6-декабрда Санкт-Петербургда (Россия) өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) отурумунун жүрүшүндө интеграция, өнөр жай кызматташтыгы, энергетика чөйрөлөрүндө бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынды.
 
Иш-чарага Армения Республикасынын Премьер министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин жана Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян катышышты. Отурумга ошондой эле Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додон катышты.
 
Отурумду ачып жатып, ЖЕЭК Төрагасы Владимир Путин, 2018-жылы ЕАЭБ органдарында россиялык төрагалыктын жыйынтыктарын чыгарууда "Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кызматташтык бир топ ийгиликтүү жана абдан динамикалуу алдыга жылууда, бул биздин мамлекеттердин экономикалык потенциалын толугураак ачууга өбөлгө түзүүдө" деп баса белгиледи.

ЕАЭБтин бирдиктүү санариптик мейкиндигин ишке киргизүү үчүн ченемдик жана институтционалдык база түзүлгөн. Бирликтин 2019-жылга карата бюджетинде ири санариптик долбоорлорду жүзөгө ашырууга олуттуу каражаттар каралган.

Россиялык тарап ошондой эле интеграциялык күн тартипке жарандардын бир жерден экинчи жерге баруусун жөнөкөйлөштүрүү маселелерин киргизүүнү, саламаттыкты сактоо, туризм, спорт тармактарында тыгызыраак өз ара иштешүүнү жөнгө салууну сунуштады.

Отурумдун жыйынтыктарын чыгарууда Владимир Путин баса белгилегендей, жалпы пикирге ылайык, интеграциялык эң маанилүү маселелердин катарына бирликтин ичиндеги рыноктун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, өнөр жай кооперациясын бекемдөө, бирдиктүү санариптик мейкиндикти түзүү, валюталык-финансылык жана акча-насыя саясатын тыгыз координациялоо кирет.

Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян өз сөзүндө баса белгилеп өткөндөй, Армения ЕАЭБде интеграциялык процесстерди мындан ары тереңдетүүгө кызыкдар.

"Биздин өлкөлөрдүн интеграциясы аяккы жыйынтыгында бизнес жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана адамдык потенциалды толук өлчөмдө жүзөгө ашырууга алып келиши керек. Интеграциянын натыйжалары бардыгына сезилиши зарыл. Эгерде интеграцияга жөнөкөй адамдар кызыкдар болсо, ал кайтарылгыс мүнөзгө ээ болот", - деп баса белгиледи Никол Пашинян.

Ошондой эле ал Жогорку Евразия экономикалык кеңешинде төрагалыктын эстафетасын кабыл алууга Армения даяр экендигин кошумчалады.

Беларустун Президенти Александр Лукашенко Евразия экономикалык бирлигинин форматында кызматташтыктын динамикасын өнүктүрүүгө өлкөнүн даярдыгын тастыктады.

"Тажрыйба көрсөткөндөй, тоскоолдуктарды четтетүү гана эмес, ошол эле учурда алардын кайтадан келип чыгуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган шарттарды түзүү да маанилүү, - деди Александр Лукашенко. - Буга ылайык биздин Евразия экономикалык комиссиясына кайсыл-бир катышуучу өлкө тарабынан кандайдыр-бир чектөөлөр кайрадан киргизилген же мурда болгондорду узартылган учурларда чечим кабыл алуу укугун берүүнү сунуштайм".
 
Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев экономиканын негизги секторлорунда "кеме казык" болуучу долбоорлорду жүзөгө ашыруу зарылчылыгын белгилеп өттү. Буга байланыштуу Комиссияга жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө мындай долбоорлордун тизмесин аныктоо сунушталды.
 
"1994-жылы ММУда мен алгачкы жолу бул интеграциялык долбоорду түзүү идеясын айтып чыгып, тең укуктуулук жана ыктыярдуулук принциптери жөнүндө билдиргем. Ошондо мен убакыттын өтүшү менен эл аралык аренада чоң оюнчуга айланган күчтүү экономикалык бирликти элестеткем. Бүгүн бул идея реалдуулукка айланды. Кийинки жылы ЕАЭБ жөнүндө келишимге кол коюлганына 5 жыл жана евразиялык интеграция идеясына 25 жыл болот. Кийинки жылдын май айында кезектеги отурумду Астанада өткөрүп, аны мааракелүү эки датага арноону сунуштайм", - деди Казакстан башчысы.
 
Кыргызстан Президенти Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБ мүчө өлкөлөрү менен мамилелер өлкө үчүн дайыма артыкчылыктуу болорун белгилеп жана ачык, ишенимдүү диалогго даяр экендигин билдирди. "Биз чек ара аралык рыноктордо атаандаштыктын абалы жөнүндө маселени талкуулоо маанилүү деп эсептейбиз. Атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузууну токтотуу боюнча кабыл алынган чараларды талдап чыгуу, Бирлик туурасында натыйжалуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү эл аралык уюм катары позитивдүү түшүнүктү дайыма жаратуу зарыл", - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян өз кезегинде, журналисттердин алдында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун жыйынтыктары боюнча чыгып сүйлөгөн сөзүндө, интеграциялык долбоорду андан ары илгерилетүү жана өнүктүрүүгө багытталган 15 маселе боюнча чечимдер кабыл алынгандыгын билдирди. ЖЕЭК мүчөлөрү артыкчылыктуу багыттардын бири катары экономикаларды санариптик трансформациялоону эсептешет. "Биз Астанада компетенциялар борборун түзүүнү сүйлөштүк, кийин мындай борборлор ЕАЭБтин башка өлкөлөрүндө да түзүлүшү мүмкүн. Комиссияга бул борбор менен өз ара иштешүүнүн тартибин жана санариптик долбоорлорду имплементациялоонун механизмдерин иштеп чыгуу тапшырмасы берилди", - деп белгиледи Тигран Саркисян.

Ошондой эле ал сынамык долбоорлор туурасында, атап айтканда товарларга санариптик көзөмөлдөө боюнча долбоорлор туурасында айтып берди. "Бул Бирликтин бардык беш өлкөсү үчүн жалпы система болмокчу, товарларды он-лайн режимде көзөмөлдөөнү камсыздоо үчүн, салык жана бажы кызматтары ага жеткилик алышат", - деди Тигран Саркисян.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы баса белгилегендей, Бирликтин газ, мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рынокторун түзүү боюнча программалар ЖЕЭК мүчөлөрү тарабынан жактырылган. "Биз программаларда каралган иш-чараларды жүзөгө ашырууну баштайбыз, бирок ошол эле учурда газдын транзитине бааларды аныктоонун методикасынын үстүндө ишти улантабыз. Бул Жогорку экономикалык кеңештин деңгээлинде бекитүү үчүн чечүү талап кылынган дискуссиялык маселелердин бири", - деди Тигран Саркисян.
 
Жыйынтыгында ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы билдиргендей, 2019-жылы Бирлик ЕАЭБ жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын беш жылдыгын жана евразиялык интеграция идеясынын 25 жылдыгын белгилейт. Бул убакытта Бирлик интеграциялык бирикме катары калыптанып жана бүгүнкү күндө дүйнөдөгү алдыңкылардын бири болуп саналат. "Жакында эле биз АСЕАН менен меморандумга кол койдук, бул уюм да биздин тажрыйбаны изилдеп, тереңдетилген кызматташтык жолу менен барууну пландаштырууда. Бул глобалдык тренд, жана биз беш жылдын ичинде бул багыт боюнча олуттуу алдыга жыла алдык", - деп жыйынтыктады Тигран Саркисян.

***

Мамлекет башчыларына ЕАЭБде санариптик күн тартипти жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө баяндама сунушталды. Бирлик өлкөлөрүнүн өкмөттөрү менен биргеликте Комиссия 2025-жылга чейин Бирликтин санариптик күн тартибин жүзөгө ашыруунун негизги багыттарынын жоболорун жана артыкчылыктарын ишке ашырууда, алар 2017-жылдын октябрында Жогорку Евразия экономикалык кеңеши тарабынан бекитилген. Комиссияга мүчө мамлекеттердин ишкер чөйрөлөрүнөн жана бийлик органдарынан иштеп чыгууга 40 долбоор келип түшкөн. Алардын көпчүлүк бөлүгү - Бирлик өлкөлөрүнүн бизнесинен келип түшкөн. Аларды иштеп чыгуу механизми жолго салынып, аны жакшыртуунун ыкмалары да аныкталды, санариптик күн тартипти жүзөгө ашыруу үчүн биринчи баскычта зарыл ченемдик-укуктук база түзүлүүдө.
 
"Санариптик көзөмөлдөө (анын ичинде идентификациялоо) системасынын иши жана аны өнүктүрүү" демилгеси боюнча сынамык долбоорлор өткөрүлүүдө. Бир нече темалар боюнча илимий-изилдөө иштери жүргүзүлүүдө, алардын ичинде атап айтканда - "ЕАЭБде электрондук коштоо документтерин жайылтуу жана өз ара таануу", "Евразия экономикалык бирлигинин санариптик транспорттук коридорлорунун экосистемасынын концепциясын иштеп чыгуу", "Дайындардын чек ара аралык айланымын жөнгө салуунун моделдерин иштеп чыгуу". Эксперттик аянтчаларда дайындардын жүгүртүмүн жөнгө салуу, "жөнгө салуу кумдуктары", санариптик соода, санариптик өнөр жай кооперациялары, санариптик транспорттук коридорлор ж.б. маселелер боюнча жигердүү иштер жүргүзүлүүдө.

Биринчи демилгелерди талдоо, сунуштарды жеткире иштеп чыгуу, базалык долбоорлор жана Бирликтин интеграцияланган маалыматтык системасы менен байланыштыруу, санариптик долбоорлорду жүзөгө ашыруунун механизмдерин өнүктүрүү зарылчылыгын көрсөттү.

Комиссия мүчө мамлекеттердин компетенциялар борборлорунун биргелешкен иштерин жигердештирүүнү пландаштырууда, анын ичинде эксперттик аянтчалардын жана долбоорлордун алкагында. Санариптик мейкиндикте баарыдан мурда бизнес жана керектөөчүлөр менен өз ара иштешүү, санариптик күн тартипти жүзөгө ашыруудагы долбоордук ишмердүүлүккө ажырагыс түрдө киргизилген багыт болуп калышы керек.


Мамлекет башчылары ЕАЭБте интеграциялык процесстерди андан ары тереңдетүү жөнүндө декларацияга кол коюшту.

Документте Бирлик жөнүндө келишимдин таасиринин тармактарын кеңейтүү жана интеграциялык күн тартипке жаңы маселелерди киргизүү каралган. Ал Бирликтин алкагында Бирликтин бирдиктүү рыногунун максималдуу натыйжалуулугун камсыздоо жана бизнес жана керектөөчүлөр үчүн анын мүмкүнчүлүктөрүн жүзөгө ашыруу, "инновациялар аймактарын" түзүү жана илимий-өнөр жай жана технологиялык өнүгүүлөрдү өбөлгөлөө сыяктуу негизги багыттар боюнча интеграциялык процесстерди андан ары тереңдетүүгө, ошондой эле интеграциянын потенциалын адамдар үчүн ачууга жана алардын жашоо сапатын жогорулатууга, Бирликти тышкы өнөктөштөр менен өз ара пайдалуу жана тең укуктуу кызматташтыкка жана өз ара иштешүүнүн жаңы форматтарын түзүүгө ачык, заманбап дүйнөнүн эң олуттуу өнүктүрүү борборлору катары калыптануусуна багытталган.

Мүчө мамлекеттер декларацияны кабыл алуусу евразиялык экономикалык интеграция үчүн импульс болуп, Бирликти өнүктүрүүнүн келечектүү багытын бекемдейт.

Декларацияны жүзөгө ашыруу боюнча механизмдер жана иш-чаралар 2025-жылга чейин евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктоочу документке киргизилет.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери газ, мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рынокторун түзүү программаларын бекитишти.

ЕАЭБтин газ жалпы рыногун түзүү программасын кабыл алуу мүчө мамлекеттер үчүн олуттуу мааниге ээ, анткени анда каралган иш-чаралар атаандаштыкты өнүктүрүүгө, газтранспорттук тутумдарына басмырлоосуз жеткиликти камсыздоого жана рыноктук баа чыгарууга өтүүгө багытталган, бул улуттук экономикаларды туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоого өбөлгө түзмөкчү.

ЕАЭБ мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рынокторунда бирдиктүү биржалык мейкиндик, айкын биржалык жана биржадан тышкаркы индикаторлор түзүлөт, мүчө мамлекеттердин ээлик кылуучу субъекттеринин мунай жана мунай өнүмдөрү менен биржалык соодалашуусуна басмырланбаган жеткилиги камсыздалат, ошондой эле бирдиктүү биржалык мейкиндиктин алкагында жасалган бүтүмдөрдү (келишимдерди) аткаруу механизми аныкталат.
 
Бирликтин мунай жана мунай өнүмдөр жалпы рынокторун түзүү мүчө мамлекеттердин андан аркы экономикалык өнүгүүсүнө, энергетикалык коопсуздугунун бекемделишине жана энергетикалык ресурстардын дүйнөлүк рыногунда Бирлик өлкөлөрүнүн товарларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн өсүшүнө алып келет.

Жогорку Евразия экономикалык кеңеши Жерди аралыктан зонддоо (ЖАЗ) дайындарынын улуттук булактарынын негизинде космостук жана геомаалыматтык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө мүчө мамлекеттердин кызматташтыгын өнүктүрүү жөнүндө сунушун жактырды.

ЕАЭБ өлкөлөрү биргелешип каржылаган, өнөр жай чөйрөсүндөгү биринчи евразиялык кооперациялык долбоор ишин баштоого даярдалууда. Бул иш "Космостук жана геомаалыматтык технологиялар - глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн өнүмдөрү" Евразиялык технологиялык платформасынын катышуучулары болуп эсептелген россиялык, казакстандык жана белоруссиялык ишканалардын аракети менен ишке ашырылып жатат.
 
ЖЕЭК ЕАЭБ өлкөлөрүнө жактырылган сунуштардын негизинде, "Космостук жана геомаалыматтык технологиялар - глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн өнүмдөрү "Евразиялык технологиялык платформасынын базасында жана Евразия экономикалык комиссиясынын координациялоочу ролу менен "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин Жерди аралыктан зонддоо дайындарынын улуттук булактарынын негизинде космостук жана геомаалыматтык кызмат көрсөтүүлөр боюнча интеграцияланган системасы" мамлекеттер аралык программасынын долбоорун даярдоо тапшырмасы берилди. Улуттук космостук системалардын интеграциясы, кызыкдар мүчө мамлекеттердин ишканаларынын кооперациясынын алкагында заманбап космостук аппараттарды долбоорлоо жана өндүрүү каралган документ Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кароосуна сунушталат. Катышуучу өлкөлөрдүн өкмөттөрү улуттук космостук программалардын алкагында мамлекеттер аралык программанын иш-чараларын каржылоосу жана жүзөгө ашырышы керек болот.
 
Программа ЕАЭБтин бирдиктүү экономикалык мейкиндигинин артыкчылыктарын колдонууга, Бирлик өлкөлөрүнүн өнөр жай, илимий-техникалык жана маркетингдик мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүүгө мүмкүндүк берет.
 
Жогорку Евразия экономикалык кеңеши 2019-жылга ЕАЭБтин эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын бекитти.
 
Чет мамлекеттердин өкмөттөрү, аймактык бирикмелер, эл аралык уюмдар жана бизнес-коомчулуктары, ошондой эле эксперттик чөйрөлөр менен болгон ишмердүүлүктүн үч негизги багыттары белгиленди.

Биринчисинде өз ара иштешүү жөнүндө меморандумдардын, преференциалдык жана преференциалдык эмес соода макулдашууларын түзүү туурасында өткөрүлүүчү сүйлөшүүлөрдүн алкагында буга чейин түзүлгөн кызматташтык механизмдерин өнүктүрүү каралат.

Экинчи тректе кызматташтыктын ченемдик-укуктук жана институтционалдык инструменттерин түзүү үчүн, Бирлик менен кызматташууга кызыкдар тараптар менен өз ара иштешүү каралат.

Эл аралык кызматташтыктын үчүнчү треги евразиялык экономикалык интеграция жөнүндө ишенимдүү жана актуалдуу маалыматты таратууга жана Бирлик туурасында аймактык экономикалык интеграциянын натыйжалуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү эл аралык уюм катары позитивдүү түшүнүктү жаратууга багытталган.

2019-жылы артыкчылыктуу өнөктөштөр Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин, Европа бирлигинин өлкөлөрү, Кытай, кызматташтык жөнүндө меморандум түзүлгөн же түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жаткан өлкөлөр - Сингапур, Камбоджа, Таиланд, Куба, Чили, Перу, Иордания, Марокко, Фарер аралдары, Молдова, эркин соодалашуу аймактары жөнүндө макулдашуулар түзүлгөн же сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жаткан өлкөлөр - Вьетнам, Сингапур, Израиль, Египет, Индия, Сербия, ошондой эле эл аралык уюмдар жана аймактык экономикалык бирикмелер - Бириккен улуттар уюму (БУУ) жана анын аймактык экономикалык комиссиялары, Европада коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм (ЕККУ), Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ), "Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгы" форуму (АТЭК), ошондой эле Түштүк-чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы (АСЕАН), Анд коомдоштугу, МЕРКОСУР ж.б. болмокчу.

Армения Республикасы ротациялык негизде 2019-жылы ЕАЭБ органдарында – Жогорку Евразия экономикалык кеңешинде, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинде жана Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинде төрагалык кылуучу өлкө катары аныкталган. Армения ЕАЭБтин органдарында бул жылы төрагалык кылган Россия Федерациясынын ордуна иш алып барат.

ЖЕЭКтин кезектеги отуруму 2019-жылы Астанада (Казакстан Республикасы) өткөрүлөт.