Sign In
Бирлик өлкөлөрүнүн IT-министрлери ЕАЭБдин санариптик платформасын түзүү зарылдыгы жөнүндө билдиришти

Бирлик өлкөлөрүнүн IT-министрлери ЕАЭБдин санариптик платформасын түзүү зарылдыгы жөнүндө билдиришти

07.10.20
Евразия экономикалык бирлигинин интеграциялык долбоор катары ийгилиги жана өнүгүүсү, олуттуу деңгээлде мамлекеттик маалыматтык тутумдардын натыйжалуу интеграцияланышына жана санариптик технологияларды колдонуу тажрыйбасын кеңейтүүгө көзкаранды. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар министри Гегам Варданян “ЕАЭБдин санарип платформасы - өлкөлөрдүн кооперациясы” аттуу панелдик талкууда билдирди, ага Бирликтин мүчө мамлекеттеринин санариптик трансформацияга жооптуу аткаруучу бийлик органдарынын жетекчилери катышкан. Иш чара "Өнөр жайлык Россиянын санариптик индустриясы" (ӨРСИ) конференциясынын алкагында өттү.

ЕЭК министри белгилеп өткөндөй, учурда мүчө мамлекеттердин уникалдуу интеграциялык базасы - Бирликтин интеграцияланган маалымат тутуму бар, ал экономикалык интеграциянын учурдагы милдеттерин дагы, санариптик трансформациянын келечектүү багыттарын дагы камсыз кылууга мүмкүнчүлүктөрдү камтый алат.

"Биз ЕАЭБдин санарип платформасы жөнүндө сөз кылганда, биз ЕАЭБдин жарандарына биргелешкен мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн бири-бири менен өз ара аракеттене ала турган, Бирликтин мүчө мамлекеттеринин мамлекеттик башкаруусунун санариптик сервистеринин үзгүлтүксүз жана чек ара аралык өз ара аракеттенүүсүн болжойбуз", - деп баса белгиледи Гегам Варданян.

Ал эскерткендей, Евразия экономикалык комиссиясынын алкагында Бирликтин өзөктүү долбоорлорунун бири - интеграцияланган маалымат тутуму ишке ашырылууда, ал ыйгарым укуктуу органдардын ортосундагы маалыматтык өз ара аракеттенүүнү, анын ичинде мамлекеттер аралык маалыматтар жана электрондук документтер менен алмашууну, ошондой эле Бирлик органдарынын ишмердүүлүгүн камсыз кылат.

Армения Республикасынын жогорку технологиялык өнөр жай министри Акоп Аршакяндын пикири боюнча, ЕАЭБ санариптик платформасын түзүү – Бирликти өнүктүрүүнүн алкагында актуалдуу жана зарыл. "Диджитализация мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу, ачык-айкын жана келечектүү өнүгүшүнүн негизи болуп саналарын белгилөөгө болот. Бул контекстте сервистердин комплекстүү санариптик экотутумун калыптандыруу боюнча Билик өлкөлөрүнүн ортосунда өз ара иштешүүнү макулдашуу зарыл элемент болуп саналат. Мунун негизи ЕАЭБ интеграцияланган маалыматтык системасы болушу мүмкүн", - деп белгиледи Акоп Аршакян.

Бирлик үчүн санарип платформасын түзүү зарылдыгын Беларуссиянын байланыш жана маалыматташтыруу министри Константин Шульган да белгилеп, “2021–2025-жылдарга Беларуссиянын санариптик өнүгүүсү” мамлекеттик программасын даярдоо иштери жөнүндө айтып берди. "ЕАЭБдин санарип платформасын куруу улуттук платформалык чечимдерди интеграциялоо жолу менен жүргүзүлүшү керек, анын натыйжасында Бирликтин санарип платформасы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик санарип платформаларын бириктирет, бул "бештиктин" алкагындагы интеграциялык процесстердин андан ары өнүгүшүнө шарт түзөт", - деп белгиледи министр.

"ЕАЭБ санариптик платформасын түзүү биз үчүн зарыл маселе болуп саналат. Аны ишке ашыруу үчүн талап кылынган биринчи кезектеги кадамдарды белгилеп кетүү маанилүү”, - деди Казакстан Республикасынын санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министри Багдат Мусин. Ошондой эле ал, айып пулдарды төлөө, аралыктан билим алуу, телемедицина жана электрондук документ жүгүртүүнүн алкагында өз ара аракеттенүү кызмат көрсөтүүлөрүн санарип платформасынын сервистери катары киргизүүнү сунуштады.

Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаиловдун пикири боюнча, ЕАЭБ санариптик платформасын түзүү Республика үчүн актуалдуу маселе болуп саналат. "Биз технологияларды өнүктүрүүгө жана ага бизнес-процесстердин катышуучуларынын жашоосун жеңилдеткен сервистерди киргизүүгө ниеттенебиз. Айрыкча, ЕАЭБ өлкөлөрү менен маалымат алмашуу стандарттары, мигранттар үчүн кызматтарды ачуу жаатында өз ара аракеттенүүнү каалайбыз. Биздин өлкөдө идентификациянын бирдиктүү системасы иштейт, менин оюмча, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ушундай системалары менен өз ара иштешүү мүмкүнчүлүгү жарандарга ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин айрым кызматтарын алууга мүмкүндүк берет. Албетте, мүмкүн болгон бардык тобокелдиктерди алдын ала изилдеп чыгуу керек", – деди Алтынбек Исмаилов.

"Мен коллегаларымды колдойм. Ар бир өлкөдө болгон, колдонулуп жаткан базалык платформалык чечимдерди интеграциялоодон баштоо керек, – деп баса белгиледи Россия Федерациясынын санариптик өнүгүү, байланыш жана массалык коммуникациялар министринин орун басары Максим Паршин. –Кеп, колдонуучу өзүнүн идентификациялоо системасы аркылуу кирип, ЕАЭБдин башка өлкөлөрүндө кызмат көрсөтүүлөрдү ала турган, идентификация тутумун өз ара таануу жөнүндө болуп жатат. Бул физикалык жана юридикалык жактар үчүн биринчи фундаменталдык багыт болуп саналат."

Гегам Варданяндын пикири боюнча, Бирликтин өлкөлөрү менен биргеликте бул платформалар бири-бири менен өз ара иштеше ала турган эрежелерди жана механизмдерди иштеп чыгуу зарыл. Мисалы, Казакстанда же Арменияда жүргөн Россиянын жараны керектүү мамлекеттик кызматты кандайча ала алаарын аныктоо маанилүү. ЕЭК министри белгилеп өткөндөй, ЕАЭБтин санариптик платформасы, анын ичинде Бирликтин бизнесине сервистерди жана кызматтарды көрсөтүшү керек.

Гегам Варданяндын пикири боюнча, Бирликтин экономикасындагы процесстердин санариптик трансформациясынын аныктоочу фактор болуп, санариптик активдерди калыптандыруу жана коргоо жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн санариптик көзкарандысыздыгын камсыздоо саналат.

Маалымат

"Өнөр жайлык Россиянын санариптик индустриясы" - санариптик экономиканы өнүктүрүү, өнөр жайды санариптик трансформациялоо, “Россия Федерациясынын санариптик экономикасы” улуттук программасын ишке ашыруу, россиялык жогорку технологиялуу экспортун өнүктүрүү жана кибер коопсуздук маселелери боюнча мамлекеттин жана бизнестин глобалдык диалогу үчүн Россия Федерациясында өткөрүлгөн биринчи конференция.​