Sign In
Евразия экономикалык комиссиясынын Транспорт жана инфраструктура департаментинин директорунун орун басары болуп Елена Шерышева дайындалды

Евразия экономикалык комиссиясынын Транспорт жана инфраструктура департаментинин директорунун орун басары болуп Елена Шерышева дайындалды

IMG_17431111.jpg
07.12.20

Елена Ивановна Шерышева 1964-жылдын 15-июнунда төрөлгөн. 1989-жылы Москва мамлекеттик маданият институтун, ал эми 2012-жылы – "Жогорку экономика мектеби" Улуттук изилдөө университетин бүтүргөн.

Дээрлик 20 жыл бою билим берүү чөйрөсүндө, анын ичинде Билим берүү боюнча федералдык агенттиктин Эл аралык билим берүү жана кызматташтык бөлүмүндө, Россия Федерациясынын Билим берүү жана илим министрлигинин Эл аралык кызматташтык департаментинде ар түрдүү кызматтарда иштеген.

2012-жылдын сентябрынан 2013-жылдын ноябрына чейин Бирликтик мамлекеттин Туруктуу комитетинин Социалдык саясат жана маалыматтык камсыздоо департаментинде иштеген.

2013-жылдан тарта Россия Федерациясынын Транспорт министрлигинин Эл аралык кызматташтык департаментинде эмгектенип келген.

2020-жылдын 4-декабрынан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын Транспорт жана инфраструктура департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.

2019-жылы II даражадагы "Ата Мекенге сиңирген эмгеги үчүн" орденинин медалы менен жана ""Евразия экономикалык бирлигинин өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланган.​