Sign In
«Бешилтиктин» өлкөлөрүнүн транспорттук ведомстволорунун жетекчилери интеграцияны өнүктүрүү боюнча перспективаларды белгилешти

«Бешилтиктин» өлкөлөрүнүн транспорттук ведомстволорунун жетекчилери интеграцияны өнүктүрүү боюнча перспективаларды белгилешти

07.10.19

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин транспорт тармагындагы ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңеши Ереванда «Евразия континентинин транзиттик потенциалы» эл аралык форумунун алкагында транспорттук саясатты ишке ашыруу боюнча 2018–2020-жылдарга карата «жол картасын» аткарууну жана 2023-жылга чейин евразиялык «бешилтиктин» өлкөлөрүндө аталган документти түзүү боюнча сунуштарды талкуулады.

 

Отурумду Армениянын аймактык башкаруу жана инфраструктуралар министри, Кеңештин 2019-жылдагы төрагасы Сурен Папикян өткөрдү.

 

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча мүчөсү (министр) Эмиль Кайкиев учурда Комиссия өлкөлөр менен биргеликте ишке ашырып жаткан, алгачкы үч жылдык иш-чаралардын планын иштеп чыгуу боюнча тажрыйбанын негизинде жаңы «жол картасынын» долбоорун даярдоо боюнча ишти жүргүзүүнү сунуш кылды. Анда тараптардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөн, ал сунуштарды иштеп чыгып, иш-чараларды макулдашкан жана документтин долбоорун министрлердин кароосуна көрсөткөн эле.

 

«Белгиленген мөөнөттөрдө үлгүрүү үчүн жылдын аягына чейин жумушчу топтун курамын түзүп, ага 2021–2023-жылдарга карата «жол картасынын» долбоорун даярдоону тапшыруу зарыл», – деди Эмиль Кайкиев.

 

Ошондой эле, жолугушууда евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарынын долбоору үчүн сунуштар көрсөтүлдү.

 

Интеграцияны тереңдетүү боюнча сунуштарды талкуулоодо Россиянын Транспорт министрлигинин Россия Федерациясынын транспорттук-экономикалык балансынын (ТЭБ) үлгүсү боюнча ЕАЭБдин транспорттук-экономикалык балансын иштеп чыгуу жөнүндө демилгеси каралды.

 

Россиянын транспорттук ведомствосунун пикири боюнча, ЕАЭБ ТЭБ транспорттук пландаштыруу тутумунун негизин жана транспорттук коридорлор жана каттамдар инфраструктурасынын координацияланган өнүгүшүн башкаруу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. ТЭБ инфраструктураны реконструкциялоонун жана өнүктүрүүнүн ар түрдүү варианттарын, каттамдардын өзгөрүшүн эске алуу менен, инфраструктурага болжолдуу жүктөмдөрдү эсептөөгө жана негиздөөгө, өткөрүү жөндөмдүүлүгүнүн болжолдонгон мүнөздөмөлөрүн, кыймыл ылдамдыктарын жана жеткирүү убакытынын туруктуулугун (болжолдоп айта ала тургандыгын), тармактын элементтеринин жүктөмдөрүн жана тар жерлерди кайрадан бөлүштүрүүнү эске алуу менен жүк агымдарын тармактар боюнча оптималдуу бөлүштүрүүгө, долбоорлорду даражалап, алардын эң натыйжалууларын тандап алууга мүмкүндүк берет.

 

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн транспорттук ведомстволорунун жетекчилери Каботаждык автомобилдик жүк ташуулар программасын ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Алар документти ишке ашырууну баштоо үчүн зарыл болгон чараларды эң жакынкы убакытта аягына чыгаруу зарылчылыгын белгилешти. «Программанын аракетке кире электиги Бирликтин укугунун аткарылбагындыгы болуп саналат. Бул ички рыноктогу тоскоолдук катары чечмеленет», – деп белгиледи Эмиль Кайкиев.

 

Жетекчилер кеӊешинин кезектеги отуруму ушул жылдын 20-ноябрында Москвада «Транспорт жумалыгы – 2019» Россиялык эл аралык форумунун алкагында өткөрүлмөкчү.

 

Маалымат

Россиянын ТЭБи – программалык өнүм, ал жөнөтүү жана жеткирүү региондору жана боюнча бөлүштүрүлгөн жүк агымдарынын, транспорт түрлөрү жана жүктөрдүн категориялары боюнча бөлүштүрүлгөн жүк агымдарынын көлөмдөрүнүн көп кырдуу матрицасы болуп саналат. Матрица жүк базасынын жана жүк агымдарынын корреспонденциясынын он жылдык мурунку тарыхын камтыйт.

 

Тоо-кен казып алуу жана кайра иштетүү өнөр жайынын, соода, курулуш, айыл чарба продукциясынын жүктөп жөнөтүлгөн көлөмдөрү боюнча Росстаттын расмий маалыматтары, товарлардын экспорту жана импорту боюнча статистика, отун-энергетика комплексинин ведомстволук статистикасы, ошондой эле деңиз, ички суулар, автомобилдик транспорт статистикаларын, «РЖД» ААКнын маалыматтарын камтыган транспорттук статистика ТЭБди түзүү үчүн баштапкы маалыматтар болуп саналат.