Sign In
ЕЭК транспорт тармагындагы уюмдар менен кызматташтыкты бекемдөөдө

ЕЭК транспорт тармагындагы уюмдар менен кызматташтыкты бекемдөөдө

IMG_20191001_192828.jpg
07.10.19

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Евразия экономикалык комиссиясынын жана Транспорттук, экспедициялык жана логистикалык уюмдардын Евразия бирлигинин (ЕСТЭЛО) ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумга кол койду. Эки уюм тең тоскоолдуктарды жоюу жана Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жалпы кызмат көрсөтүүлөр рыногун түзүү боюнча эң мыкты иш-тажрыйбаларды киргизүү боюнча чараларды иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бөлүү менен, өз ара аракеттенүүнү андан ары өнүктүрүүнү көздөшүүдө.

«ЕАЭБдин жалпы транспорттук кызмат көрсөтүүлөр рыногун түзүү транзиттин эркиндигин, тоскоолдуктардын жоктугун жана алып коюулардын азайтылышын камсыз кылган чараларды кабыл алууну караштырат. ЕСТЭЛО менен кызматташтык тоскоолдуктарды аныктоодо жана аларды жоюу боюнча чечимдерди иштеп чыгууда бизнестин катышуу деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет», деди ЕЭК Коллегиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча мүчөсү (министр) Эмиль Кайкиев.

Коммерциялык эмес уюмду негиздөө 2012-жылы эле демилгеленген. Бүгүнкү күндө ЕСТЭЛОнун интеграциялык процесстерди өнүктүрүүдөгү компетенциясына шек жок. ЕСТЭЛОнун өкүлдөрүнүн активдүү катышуусунда ЕАЭБ жөнүндө келишимдин транспорт ишмердигиндеги, техникалык жана бажылык жөнгө салуудагы интеграцияны аныктаган жоболору жана Бирликтин органдарынын актыларынын долбоорлору, ошондой эле Координацияланган (макулдашылган) транспорттук саясатты ишке ашыруунун негизги багыттарынын жана баскычтарынын жана аларды ишке ашыруу боюнча 2018–2020-жылдарга карата «жол карталарынын» жоболору макулдашылды.

Маалымат

ЕСТЭЛО 2012-жылы Россия Федерациясынын өкмөтүнүн Төрагасы Владимир Путиндин тапшырмасы боюнча ЕврАзЭКтин Бажы бирлигинин алкагындагы транспорт тармагындагы коомдук уюм катары негизделген (2011-жылдын 8-июнундагы № ВП-39пр протокол).

ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин ЕСТЭЛОнун курамына кирген уюмдарынын өкүлдөрү (транспортчулар бирликтери, соода-өнөр жай палаталары, автомобилдик ташуучулар асооциациялары) Комиссиянын консультативдик органдарынын, анын ичинде Транспорт жана инфраструктура боюнча консультативдик комитеттин жана анын тармактык комитетчелеринин, эксперттик жана жумушчу топторунун ишинде, ар кандай деңгээлдердеги кеңешмелерде, ошондой эле тоскоолдуктарды аныктоо боюнча иште туруктуу негизде катышышат.

ЕСТЭЛОдогу төрагалык ар үч жыл сайын ротациялык негизде ишке ашырылат. Кезектеги үч жылда (2019-2022-жылдар аралыгында) ЕСТЭЛОнун ишмердиги россиялык тараптын төрагалыгы астында ишке ашырылмакчы.