Sign In
ЕЭК Министри Татьяна Валовая Перу Республикасынын Өкмөтү менен өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

ЕЭК Министри Татьяна Валовая Перу Республикасынын Өкмөтү менен өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

07.10.15

6-октябрда Лима шаарында (Перу) Евразия экономикалык комиссиясы менен Перу Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум түзүлдү. ЕЭКтин атынан документке Интеграциянын негизги багыттары жана макроэкономика боюнча Коллегия Мүчөсү ( Министри) Татьяна Валовая кол койду.

Перу Республикасы Евразия экономикалык комиссиясы менен өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум түзгөн Латын Америкасындагы экинчи мамлекет болуп калды. Бул Латын Америкалык аймактын Евразия интеграциялык долбооруна болгон кызыгуусунун өсүп жаткандыгын айтып турат, ошондой эле бул мамлекеттердин Евразия экономикалык комиссиясы менен дагы терең жана тутумдуу өз ара аракеттенүүгө болгон суроо талабын чагылдырат.

Меморандум Перу Тарап менен болгон кеңештердин механизмин түзүүнү болжолдойт. Кеп биргелешкен жумушчу топ жөнүндө болуп жатат, анын алкагында Тараптардын экономикалык өз ара аракеттенүүсүнүн практикалык маселелери боюнча диалогду өнүктүрүү пландаштырылууда. «Биздин милдетибиз – ЕАЭБ мамлекеттери менен Перунун ортосундагы товар айлануунун өсүүсүнө шарт түзүү жана ишкер чөйрөлөрдүн өз ара түз аракеттенүүсү үчүн максималдуу оңтойлуу шарт түзүү», – деп билдирди Татьяна Валовая Меморандумга кол коюу салтанатынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынынын жүрүшүндө.

Меморандумга кол коюу ЕЭК Министри Татьяна Валоваянын Перу Республикасынын Тышкы соода жана туризм министри Магали Сильва жана Перу экспортчулар Ассоциациясынын президенти (ADEX) Эдуардо Аморрорту Велайос менен болгон жумушчу жолугушууларынан мурда болуп өттү.

ЕЭК Министри перулук өнөктөштөрүн Биримдиктеги болуп жаткан экономикалык жагдай туурасында маалымат берди жана ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин Перу менен товар айлануусунун өсүшүнүн позитивдүү динамикасын белгилеп өттү. 2015-жылдын январь-июлу үчүн 2014-жылдагы ушул мезгилдеги көрсөткүчкө караганда 41,8% өсүү катталган. Экспорт 1,6 эсеге көбөйдү, импорт – 0,7 %га. ЕЭК Төрайымы Биримдиктин өнүгүү перспективалары туурасында айтып берди.

Татьяна Валовая Перу Тараптын көңүлүн Армения Республикасы жана Кыргыз Республикасы менен болгон кызматташуунун потенциалына бурду, ал улуттук ишкер чөйрөлөргө ЕАЭБ мүчө-мамлекеттерине кийинки жылы бизнес-миссия менен келип кетүүнү сунуштады. ЕЭК Министри Перу Республикасынын өкүлдөрүн Евразия экономикалык биримдигинин мамлекеттеринин аймагында өткөрүлүп жаткан экономикалык жана соода форумдарына активдүү катышууга чакырды.