Sign In
ЕЭК “Евразия экономикалык биримдигинин алкагында алкоголь рыногун жөнгө салуу жөнүндө” макулдашууну ЕАЭБдин бардык өлкөлөрү менен макулдашмадан өткөрүүдө

ЕЭК “Евразия экономикалык биримдигинин алкагында алкоголь рыногун жөнгө салуу жөнүндө” макулдашууну ЕАЭБдин бардык өлкөлөрү менен макулдашмадан өткөрүүдө

05.10.15

2- октябрда «Сочи 2015» Эл аралык инвестициялык форумунун алкагында ЕЭК экономика жана каржы саясаты боюнча Коллегия мүчөсү (Министри) Тимур Сулейменов, азыркы учурда Комиссия тейлөө базарын либералдаштырууну ишке ашырып жатканын билдирди. Тимур Сулейменов, дүң жана чекене соода тармагы Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн Президенттери тарабынан кабыл алынган чечимдерге ылайык бирдиктүү тейлөө рыногуна киргизилгенин эске салды.

ЕЭК Министри белгилегендей, эми экономикалык биримдиктин бир өлкөсүндө иш алып барган ар бир компания, Биримдикке кирген башка өлкөдө иш баштап жатып, ачып уюштуруу иштерин, ишмердүүлүк жүргүзүүгө жана кызматкерлеринин ишине уруксат алуу процедураларын кайталап өтпөйт. 2015-жылдын 1-январынан тарта тейлөөлөрдүн бирдиктүү рыногунун секторлорунда, анын ичинде ритейл, жарандар өз өлкөлөрүндө алган дипломдорду, уруксаттамаларды жана кесиптик квалификацияларды автоматтык түрдө таануу жүзөгө ашырылды.

ЕЭК өкүлүнүн айтымында, бүгүнкү күндө жалпысынан алганда, тейлөөлөрдүн бирдиктүү рыногу боюнча милдеттемелер тейлөөлөрдүн 43 секторуна жайылган. Алардын катарына дүң жана чекене соода жаатында тейлөөлөр (бир катар өзгөчө учурлар бул тизмеге киргизилген эмес, мисалы, курал-жарактар, асыл металлдар жана таштар, баңги заттар, алкоголь продукциясы, тамеки, мунай жана мунайзаттары, газ, электр энергиясы), комиссиондук агенттердин, анын ичинде брокердик (финансылык тейлөөлөрдөн башка), ошондой эле франчайзинг кызмат көрсөтүүлөрү кирет.

Тимур Сулейменов билдиргендей, ЕЭК Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин сунуш-эскертүүлөрүн эске алуу менен Тейлөөлөрдү соодалоону, ачып уюштурууну жана ишмердүүлүктү жөнгө салуунун эрежелерин иштеп чыгууда. Тимур Сулейменовдун сөзү боюнча, документте жөнгө салуу процессинин бардык негизги стадиялары, анын ичинде, бизнеске милдеттүү талаптарды аныктоонун тартиби, уруксат берүүчү системаны, ошондой эле, мамлекеттик көзөмөлдү жана тескөөнү уюштуруу каралган. ЕЭК Министри белгилеп өткөндөй, Эрежелердин жардамы менен биз Тараптардын милдеттерин бекитип, акырындык менен өзүбүздүн улуттук жөнгө салуу системаларды "акылдуу жөнгө салуунун" мыкты эл аралык тажрыйбаларына шайкеш келтиргибиз келет.

Кеп жөнгө салуучу талаптарды жана процедураларды аныктоо жөнүндө ченемдик-укуктук актылардын бардык долбоорлоруна ЖТБ өткөрүү, ар бир мүчө өлкөдө уруксат берүүчү процедуралардын толук тизмесин бир актта аныктоо, уруксат алууга билдирүүлөрдү кароодо "унчукпай коюу - бул макул болуу" принцибин бекитүү, көзөмөлдөө-тескөө ишмердүүлүгүнүн бардык түрлөрүн ишке ашырууда тобокелге багытталган ык-амалдарды комплекстүү киргизүү ж.б. жөнүндө болууда. ЕЭК өкүлү белгилеп кеткендей, бул кодекс ички жөнгө салууну дагы баланстоого мүмкүндүк берет. Документке ЕАЭБ беш мамлекетинин мамлекет башчылары кол коюшат жана мамлекеттердин улуттук мыйзамдарына имплементацияланат.

Өзүнүн сүйлөгөн сөзүндө ЕЭК министри алкоголь рыногун жөнгө салуу маселесин да козгоп өттү. Тимур Сулейменов билдиргендей, Комиссия азыркы учурда ЕАЭБтин бардык мамлекеттери менен “Евразия экономикалык биримдигинин алкагында алкоголь рыногун жөнгө салуу жөнүндө” макулдашуунун үстүнөн иштеп жатат. Документ мыкты регулятивдик практиканы колдонууну эске алуу менен алкоголь рыногунун катышуучулары менен ыйгарымдуу органдардын ортосундагы укук мамилелеринин бардык комплексин жөнгө салууга багытталган. «Макулдашуунун долбооруна ылайык алкоголдук базардын катышуучуларынын ишмердүүлүгүн жөнгө салуунун негизги принциптери булар: басмырлоого жол бербөө, атаандаштыкты чектөө, транспаренттүүлүк», – деп баса белгиледи ЕЭК Министри.

Ошондой эле, Тимур Сулейменов ЕАЭБ өлкөлөрүндө алкоголго балансталбаган акциздер маселесине да токтолду. Анын айтымында, маселени чечүү үчүн Евразия экономикалык биримдигинин мүчө өлкөлөрүндө алкоголдук продукцияга акциздер жаатында салык саясатын жүргүзүү принциптери жөнүндө дагы бир макулдашуу даярдалууда.«Акциздик макулдашуу алкоголдун мыйзамсыз агымына байланыштуу, көп жылдардан бери келаткан көйгөйдү чечүүгө багытталган: өлкөлөрдө акциздер олуттуу жакындаштырылат, бирок дароо эмес бир нече этап менен», - деп билдирди ЕЭК Министри.