Sign In
ЕЭК Министри Татьяна Валовая: «Дүйнөлүк валюта-финансы тутумунун туруктуулугу аймактык интеграциялык блоктордун туруктуу өнүгүүсүнөн көз каранды»

ЕЭК Министри Татьяна Валовая: «Дүйнөлүк валюта-финансы тутумунун туруктуулугу аймактык интеграциялык блоктордун туруктуу өнүгүүсүнөн көз каранды»

07.10.15

6-октябрда Лима шаарында (Перу) Интеграциянын негизги багыттары жана макроэкономиканын боюнча Коллегия мүчөсү (Министри) Татьяна Валовая, Жаңыланган Бреттон-Вуд комитетинин жыл сайын өтүүчү конференциясынын жогорку деңгээлдеги сессиясында окуган докладында, эл аралык профессионалдык коомдоштуктун көңүлүн Евразия аймагындагы мамлекеттердин өнүгүп жаткан интеграциялык процесстерине бурду.

Перу Республикасынын Борбордук Резервдик Банкынын колдоосу менен уюштурулган иш чара, салттуу түрдө Бүткүл дүйнөлүк банк менен Эл аралык Валюталык Фонддун топторунун жыл сайын өтүүчү жолугушуусунун алдында өткөрүлөт, ал эл аралык каржы архитектурасын реформалоого, о.э. глобалдуу монетардык тутумду модернизациялоого арналган.

Конференция валюталык-финансы интеграция тармагында эксперттерди, экономика боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаттарын, борбордук (улуттук) банктардын жетекчилерин жана өнүккөн жана өнүгүп жаткан мамлекеттердин, о.э. калыптанып келе жаткан рыногу бар мамлекеттердин каржы министрлерин бириктирген жетектөөчү эл аралык аянтча болуп саналат.

Өзүнүн сөзүнүн жүрүшүндө Татьяна Валовая Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагындагы валюталык-каржы интеграциясы тармагындагы жетишкендиктер жана Биримдиктин мамлекеттериндеги макулдашылган макроэкономикалык саясатты жүргүзүү тармагында Комиссиянын ишинин жыйынтыктары туурасында айтып берди.

ЕЭК Министри, дүйнөлүк валюталык-каржы тутумунун стабилдүүлүгү жаңыланган глобалдуу каржы архитектурасын калыптандыруунун базиси болуп кызмат кыла турган аймактык интеграциялык блоктордун туруктуу өнүгүүсүнөн көз каранды экенин баса белгиледи.

Өз докладында, Татьяна Валовая өзгөчө көңүлдү ЕАЭБдин үчүнчү мамлекеттер жана аймактык интеграциялык блоктор менен өз ара аракеттенүү маселелерине бурду. Негизинен, ЕЭК өкүлү аудиториянын көңүлүн евразия интеграциясынын өнүгүү процесстери менен Жибек жолунун Экономикалык алкагына байланыштуу Азия-Тынч океан аймагы менен, о.э., Кытай Элдик Республикасы менен экономикалык кызматташууну жөнгө салуу боюнча Комиссияда жүргүзүлүп жаткан иштерге бурду.

Конференция талаасындагы эки тараптуу баарлашуунун алкагында эл аралык профессионалдык коомдоштуктун өкүлдөрү ЕЭК Министринин ачык жана конструктивдүү позициясын белгилешти, о.э. валюталык-каржы интеграция тармагында ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин тажрыйбасын дагы жакшылап өздөштүрүү максатында жана макулдашылган макроэкономикалык саясатты өткөрүүдө Евразия экономикалык комиссиясы менен дагы тыгыз диалог жүргүзүүгө болгон каалоосун билдиришти.