Sign In
Норвегиянын бизнеси ЕАЭБдеги өнөктөштөр менен кызматташтыкка кызыкдар

Норвегиянын бизнеси ЕАЭБдеги өнөктөштөр менен кызматташтыкка кызыкдар

07.08.20
Евразия экономикалык комиссиясынын интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Гоар Барсегян Норвегия-Россия соода палатасынын аткаруучу директору Ярле Форбур жана Норвегиянын бизнесинин өкүлдөрү менен видеорежимде өткөрүлгөн жолугушууда Евразия экономикалык бирлиги, анын улуттан жогорку компетенциялары, Бирликтин жаңы интеграциялык багыттарынын үстүнөн иш, ошондой эле ЕАЭБдин жана ЕБнын ортосундагы учурдагы соода-экономикалык мамилелер тууралуу айтып берди.

ЕАЭБдин Европа өлкөлөрү менен соода-экономикалык кызматташтыгы тууралуу айтып жатып, Гоар Барсегян "Европа бирлигинин мамлекеттери менен техникалык диалогдун башталгандыгына жана эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө карабастан, Бирликтердин ортосунда толук масштабдуу диалог азырга чейин баштала элек" деп белгиледи.

"ЕБнын айрым өлкөлөрүнүн бизнеси жана Европанын ар түрдүү ассоциациялары эки Бирликтин ортосунда диалогду баштоо зарылчылыгын түшүнүп жаткандыгы биз үчүн айкын. Комиссиянын ар түрдүү блокторунун линиялары боюнча эксперттик жолугушуулар үзгүлтүксүз жолугушууларга айланууда, бажылык жана тарифтик жөнгө салуунун айрым сегменттери, товарлардын классификациясы, келип чыгышы, транзити ж.б. предметтик жактан талкууланууда. Бирок мунун баары эпизоддук кызматташтыктын гана мисалдары, ал эми эки эң ири интеграциялык бирикменин тутумдук диалогу жогору жактан болуш керек",  – деди департаменттин директору.

Ошондой эле, Гоар Барсегян норвегиялык аудиториянын көңүлүн коронавирустук инфекциянын таралышынын алдын алуу жана болтурбоо боюнча Бирлик тарабынан кабыл алып жаткан чараларга бурду. Ал пандемия коркунучу жана ар кандай чектөөлөрдүн кеңири жайылган аракети ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн олуттуу чакырык болгондугун баса белгиледи. Комиссиянын өкүлүнүн айтуусу боюнча, окуялардын өрчүшү заманбап коркунучтарга биргелешкен иш-аракеттер менен бир кыйла натыйжалуураак туруштук берүүгө болорун көрсөттү.​