Sign In
Тигран Саркисян ПЭЭФтин ачылышында: «Биздин Бирлик – экономикалык бирлик, жана ал калыптанды»

Тигран Саркисян ПЭЭФтин ачылышында: «Биздин Бирлик – экономикалык бирлик, жана ал калыптанды»

07.06.19

«Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) экономикалык бирикме болуп саналат. Биздин биринчи беш жыл ичиндеги ишибиз биздин долбоордун саясий экендиги жөнүндө сындоонун жөнсүз экендигин ишендирерлик далилдеди. Муну фактылар күбөлөндүрүп турат», – ушундай билдирүү менен Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 6-июнда XXIII Петербург эл аралык экономикалык форумунун ачылыш аземинде чыгып сүйлөдү.

Ал ЕАЭБди түзүү идеясы, 25 жыл мурда Москва университетинде, эмне үчүн муну ишке ашыруу зарыл экендигине объективдүү аргументтерди келтирүү менен, Евразия экономикалык бирлигин түзүү демилгеси менен чыгып сүйлөгөн, Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти Нурсултан Абишевич Назарбаевге тиешелүү экендигин эскертип өттү. «Бул – жалпы маданий өткөн жол, жалпы баалуулуктар, жалпы экономикалык кызыкчылыктар. ЕАЭБ дал ушул принциптердин жана тең укуктуу катышуу принцибинин негизинде түзүлгөн», – деди Тигран Саркисян.

ЕАЭБдин өзгөчөлүгү – бүткүл Евразия бирлиги үчүн милдеттүү болгон чечимдерди кабыл алуучу улуттан жогорку институттун – Евразия экономикалык комиссиясынын болушу. ЕАЭБди Европа бирлигинен чечимдердин консенсустук негизде кабыл алынышы айырмалап турат. Бул, эгер кайсы бир катышуучу өлкө үчүн бир нерсе жагыштуу болбосо, ал вето укугунан пайдалана алат дегенди түшүндүрөт. «Биздин өлкөлөрдө эч качан мындай аспап болгон эмес. Анын аркасында алар дээрлик 200 млн адамдан турган ири мейкиндиктин экономикалык саясатына иш жүзүндө таасир берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат», – деп ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы баса белгиледи.

ЕАЭБде тең өкүлчүлүк принциби аракеттенет, б.а., Россия, Казакстан жана Беларусь канча добушка ээ болсо, Армениянын жана Кыргызстандын да ошончо добушу бар. Комиссияда ар бир өлкөдөн эки министрден иштешет. Ошондой эле, ЕЭК Кеңешинде вице-премьерлер деңгээлинде ар бир мүчө мамлекеттин бирден добушу бар. «Ошентип, улуттук дүң өнүмдөн, калктын санынан, аймагынан көз карандысыз, биз баарыбыз Бирликте тең укуктуубуз», – деп ЕЭК Коллегиясынын башчысы жыйынтыктады.

Тигран Саркисян айтып өткөндөй, Бирликтин олуттуу ийгиликтерин ишкердик коомдоштуктун баалоосу тастыктап турат. Беш жыл ичинде төрт «эркиндикти» – ЕАЭБдин аймагында товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтүн эркин кыймылын түзүү боюнча масштабдуу иш аткарылды. Бирлик аларды ишке ашырууга карай кадамдап илгерилөөдө. Ошондой эле, бул – бизнес, калкынын саны дээрлик 200 млн адамды түзгөн ЕАЭБдин бүткүл аймагына товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүү менен, өз ара соодадагы тоскоолдуктардын жоюлушунан алган пайдалар. Армения Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге интеграцияланышынын натыйжалары жөнүндө докладдардын жыйынтыктарына ылайык, аталган өлкөлөрдөн экспорттун көлөмдөрү олуттуу түрдө өскөн – жылына 30% ашык. Бул аталган өлкөлөрдөгү экономикалык өсүү үчүн олуттуу салым жана түрткү болуп саналат.

Бирликтин калыптангандыгын күбөлөндүргөн дагы бир факт – бул эл аралык уюмдардын жана үчүнчү өлкөлөрдүн ага болгон кызыгуусу. Дээрлик 50 субъект ЕЭКке тике экономикалык диалогду жолго салуу сурамы менен кайрылган. Баарынан мурда, кеп эркин соода зоналары жөнүндө макулдашуулар тууралуу болуп жатат. Ошондой эле, бул Кытай менен Соода жана экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу. Эркин соода зоналарын (ЭСЗ) түзүү боюнча приоритеттер аныкталды. Буга жети өлкө кирет. Вьетнам менен ЭСЗ жөнүндө макулдашуу иштеп жатат. ЕАЭБ жана Ирандын ортосунда эркин соода зонасын түзүүгө алып келген макулдашууга кол коюлду. Азыркы учурда Сербия менен сүйлөшүүлөр аяктоодо, Сингапур жана Израиль менен сүйлөшүүлөр интенсивдүү жүргүзүлүүдө. Мындан сырткары, приоритеттүү өлкөлөрдүн катарында – Индия жана Египет. Бирлик эки эң ири интеграциялык бирикме – АСЕАН жана МЕРКОСУР менен өз ара аракеттенүүсүн жол-жоболоштурду. «Эл аралык кызматташтыктын өнүгүшү биздин Бирлик экономикалык экендигинин жана анын калыптангандыгынын далили болуп саналат», – деп Тигран Саркисян баса белгиледи.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Генералдык катчысы Антониу Гутерреш, форумдун ачылышында сөз сүйлөп жатып, 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруудагы тоскоолдуктар жөнүндө айтып берди. Бул өсүү темптеринин аябагандай басаңдашы жана, ушул себептен, Максаттарды аткарууга карата прогресстин басаңдашы, соода тармагындагы чечимдер, технологиялар, мисалы 5G тармактары, жасалма интеллект менен байланыштуу чыр-чатактар, мунун баары рыноктордун өзгөрмөлүүлүгүнө жана алдын ала айтууга болбостугуна алып келүүдө.

«Ошол эле убакта биз климаттын өзгөрүшүнө күбө болуп жатабыз, бул баарыбыз үчүн чоң коркунуч, бул биздин Максаттарыбызды аткарууга карай алга жылуу мүмкүнчүлүктөрүбүздү чектейт. Биз Төртүнчү өнөр жай революциясы деп аталган жаңы технологиялардын, жасалма интеллекттин таасирин көрүп жатабыз, алар рынокторго, айрыкча эмгек рынокторуна чоң таасирин тийгизет. Бир эле учурда жумуш орундары түзүлүп жана жоюлат. Биз буга даяр эмеспиз. Билим берүү тутумун кайрадан түзүү зарыл, анткени биз керексиз болуп калышы мүмкүн болгон нерселерди үйрөнбөстөн, жаңыча билим алышыбыз керек», – деди Антониу Гутерреш.

Бардык аталган себептерден улам, учурда Туруктуу өнүгүү максаттарын аткарууга карай алга жылуу кыйыныраак болууда. Мындан сырткары, алардын ишке ашырылышы, мурда эки уюлдуу болуп, азыр көп уюлдуу болуп калган, ал эми бүгүнкү күндө бир топ баш аламан да болуп калган, дүйнөдө жүргүзүлүп жаткан саясаттан көз каранды, деп БУУнун генкатчысы жыйынтыктады.

Россия Федерациясынын Өкмөт башчысынын биринчи орун басары, ЕЭК Кеңешинин мүчөсү Антон Силуанов, чектөөлөрдү киргизип, жана ал аркылуу преференцияларды алууга үмүттөнүп жаткан өлкөлөр натыйжада пайдаларга караганда, кемчиликтерди көбүрөөк алат деп баса белгиледи. «Эгер эсептөөлөргө же соодага каршы тоскоолдуктар киргизилсе, дароо аларды айланып өтүү ыкмалары пайда болот. Глобалдык экономикада бир өлкө үчүн преференцияларды түзүүнүн аркасында артыкчылык алууга болбойт», – деди вице-премьер. Дүйнөдө орун алып жаткан абалга карама-каршы, Россия ачыктыкка жана, соода, эсептөөлөр жана бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү аркылуу, иштешүүнү каалаган өлкөлөр менен, биринчи кезекте ЕАЭБ өлкөлөрү менен иштешүүгө көңүлдөнүүдө, деп кошумчалады ал.

Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додон жакынкы убакта анын өлкөсү баланстын үлгүсү болуп калышы мүмкүн деген пикирин билдирди. «Мунун өзгөчөлүгү эмнеде – бизде Европа бирлиги менен да, КМШ менен да макулдашуулар бар. Бүгүнкү күндөгү баскычта Молдованын Европа менен визасыз режими жана ошол эле убакта КМШ менен эркин соода жүргүзүү жөнүндө макулдашуусу бар. Биз ЕврАзЭКте байкоочу статусун алган дүйнөдөгү биринчи өлкөбүз, – деди ал. – Биз бардык аянтчаларда активдүү жүргүзүп жаткан бул баланстуулук биздин баарына үлгү болуп калышыбызга алып келиши мүмкүн».

Мындан сырткары, форумдун ачылышында Монголиянын Премьер-министринин орун басары Улзийсайхан Энхтувшин жана Саясий бюронун мүчөсү, Вьетнам Коммунисттик партиясынын БК катчысы, Вьетнам Коммунисттик партиясынын БК экономика башкармалыгынын башчысы Нгуен Ван Бинь чыгып сүйлөштү, алар өз өлкөлөрүнүн эл аралык кызматташтыгынын өнүгүүсүнүн векторлору жөнүндө айтып беришти.