Sign In
ЕЭК жана БИМУ интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө кызматташтыкты бекемдешүүдө

ЕЭК жана БИМУ интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө кызматташтыкты бекемдешүүдө

07.05.19
7-майда Женевада (Швейцария) Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыковдун Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун (БИМУ) генералдык директору Френсис Гарри менен жолугушуусунда ЕЭК жана БИМУ ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Меморандумдун максаты – интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды сактоо жана коргоо чөйрөсүндө уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө. Мындан сырткары, интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды сактоо жана коргоо маселелери боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу жана талаштарды чечүүнүн алкагында маалымат алмашуу жана биргеликте иш алып баруу аркылуу БИМУ жана ЕЭК ортосундагы кызматташтык кеңейтилет.

«БИМУ жана ЕЭК өз ара кызматташкан убакыттын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү ишмердиги, башкалар менен катар БИМУнун бул багыттагы эксперттик колдоосу менен, олуттуу ийгиликтерге жетишти, – деп белгиледи Тимур Жаксылыков. – Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү укуктук жөнгө салуу тармагында тажрыйба жана маалымат алмашуу, ошондой эле БИМУ жана ЕЭКтин иш чараларында өз ара катышуу биздин уюмдардын ар тараптуу, өз ара пайдалуу жана тең укуктуу кызматташтыгына өбөлгө түзөт деп ишенем».

«Меморандумга кол коюу БИМУ жана ЕЭКтин эки тараптуу мамилелерин мындан ары бекемдөө үчүн мыкты негизди гана камсыз кылбастан, евразия мейкиндигинде интеллектуалдык менчик укуктарын өнүктүрүү максатында мындай кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө мүмкүндүк берет», – деди Френсис Гарри.

Маалымат

Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму (WIPO, БИМУ) – чыгармачылык жана интеллектуалдык менчик маселелери боюнча БУУнун адистештирилген мекемесинин функцияларын аткарган эл аралык уюм.
 
БИМУга 192 мамлекет мүчөлүк кылат, 250 чамасындай өкмөттөр аралык жана бейөкмөт уюмдар, анын ичинде Евразия экономикалык комиссиясы (2014-жылдан тарта) уюмдун астындагы байкоочу статусуна ээ.

БИМУнун милдеттери – мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын кызматташтыгы аркылуу бүткүл дүйнөдө интеллектуалдык менчиктин корголушуна өбөлгө түзүү, ошондой эле интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү конкреттүү эл аралык келишимдердин алкагында административдик кызматташтыкты камсыз кылуу.