Sign In
ЕЭК Евразия экономикалык бирлигинин чек ара аркылуу базарларында атаандаштыкты коргоо боюнча кызыкчылыктардын кароолунда

ЕЭК Евразия экономикалык бирлигинин чек ара аркылуу базарларында атаандаштыкты коргоо боюнча кызыкчылыктардын кароолунда

06.04.15

3-апрелде Алматыда (Казакстан) Евразия экономикалык комиссиясынын Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Нурлан Алдабергеновдун төрагалыгы менен мындай темада кеңешме болду: «Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) чек ара аркылуу базарларында атаандаштыкты коргоо».)».

Иш-чарага ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин монополияга каршы органдарынын өкүлдөрү, Казакстан Республикасынын Парламентинин, Корея Республикасынын мамлекеттик сатып алуу кызматынын, Корея Республикасынын Казакстандагы Элчилигинин, ошондой эле Беларусь, Казакстан жана Россиянын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

Кеңешменин катышуучулары азык өнөр жай чөйрөсүндө ЕАЭБ чек ара аркылуу базарларында адепсиз атаандаштыкты, конкуренцияга каршы макулдашууларды, басымдуулук кылган абалдан кыянаттык менен пайдаланууну жокко чыгаруу жана ага жол бербөөнүн актуалдуу маселелерин, ошондой эле интеллектуалдык мүлк объектилерине укуктарды токтотуу принцибинин атаандаштыктын абалына таасирин талкуулашты.

ЕЭК өкүлдөрү ички базарды коргоого, ата мекендик бизнести коргоого бааларды төмөндөтүүгө жана бюджет каражаттарын үнөмдөөгө багытталган «Атаандаштык тууралуу» үлгү мыйзамынын ченемдерин улуттук монополияга каршы мыйзамдарга киргизүү боюнча кылган иштер тууралуу айтып беришти. Ошентип, Беларусь Республикасында улуттук мыйзамдар тутумуна Үлгү мыйзамдын ченемдеринин 60%ы, Казакстанда – 79%ы, Россияда – 94%ы киргизилген.

Азык-түлүк товарларынын айрым базарларындагы атаандаштыктын абалын изилдөөнүн алдын ала натыйжалары Казакстанда, мисалы, кант өндүрүү үчүн өздүк чийкизаттардын жетишсиздиги 95%дан ашыкты түзөрүн, ал эми эт жана сүт азыктарын, күн карама майын ЕАЭБ жана үчүнчү өлкөлөрдөн ташып кирүүнүн үлүшү 45%дан ашарын көрсөттү. Бул кырдаал конкуренцияга каршы макулдашууларды түзүүгө жана атаандаштыктын жалпы эрежелерин башкача бузууга барууга өбөлгө түзүшү мүмкүн. Аталган шарттарда Россиянын Кант чыгаруучулар бирлигинин башкармалыгынын төрагасынын орун басары Сергей Мироновдун пикиринде, өздүк өндүрүштү өнүктүрүүгө өбөлгө болууга чара көрүү, анын ичинде алымдарды киргизүү ата мекендик өндүрүүчүлөрдү коргоо жана башка чаралар мыйзам ченемдүү болуп саналат.

Талкуунун натыйжасында ЕАЭБ чек ара аркылуу базарларына байкоо салууну улантуу, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өндүрүмүнүн атаандаштык артыкчылыктарын толук кандуу колдонуу, Бирликке мүчө мамлекеттердин ата мекендик өндүрүүчүлөрүн колдоо жөнүндө чечим кабыл алынды.

Кеңешменин алкагында ЕЭК өкүлдөрүнүн Корея Республикасынын мамлекеттик сатып алуу кызматынын жетекчиси менен жолугушуусу болуп, анын жүрүшүндө тараптар мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салуу жана атаандаштыкты өнүктүрүү тажрыйбасын бөлүшүштү. Кызматташууну улантуу, анын ичинде электрондук мамлекеттик сатып алуу чөйрөсүндө иштешүү тууралуу Меморандум түзүү жолу менен улантуу тууралуу сүйлөшүү жетишилди.