Sign In
ЕЭКтин Интеграциянын негизги багыттары жана макроэкономика боюнча Министри Татьяна Валовая Евразия жана Россиядагы Канадалык ишкердик ассоциациянын өкүлдөрү менен ЕАЭБ өлкөлөрүнө инвестициялардын перспективаларын талкуулады

ЕЭКтин Интеграциянын негизги багыттары жана макроэкономика боюнча Министри Татьяна Валовая Евразия жана Россиядагы Канадалык ишкердик ассоциациянын өкүлдөрү менен ЕАЭБ өлкөлөрүнө инвестициялардын перспективаларын талкуулады

07.04.15

6-апрелде Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын Интеграциянын негизги багыттары жана макроэкономика боюнча коллегиясынын мүчөсү (Министр) Татьяна Валовая Евразия жана Россиядагы Канадалык ишкердик ассоциациянын (КДАРЕ) өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, анын жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) алкагында инвестициялоо жана бизнести өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Ошондой эле иш чарага Канаданын бизнес-коомчулугунун ­өкүлд­өрү катышышты. 

Жолугушууну ачып жатып, Евразия жана Россиядагы Канадалык ишкердик ассоциациянын москвалык кеңсесинин башчысы Нейтан Хант мындай деп белгиледи: “Биз бүгүн ушул иш чарага катышууга катталган компаниялардын рекорддук санын байкап турабыз, бул евразиялык интеграциянын өнүгүшүнүн жүрүшү жөнүндө жана Евразия экономикалык бирлигинин түзүлүшүнө байланыштуу жаңы мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымат алууга канадалык бизнестин өтө чоң кызыкчылыгын билдирет”. 

Татьяна Валовая жолугушуунун катышуучуларына евразиялык интеграциянын өнүгүүсүнүн баскычтары, ошондой эле ЕАЭБга мүчө-мамлекеттерде товарлардын, тейлөөлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтөрдүн кыймылынын либерализациясына байланыштуу жетишкендиктер жөнүндө айтып берди. Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялык жаңы мүмкүнчүлүктөр көз карашынан алып караганда, Армениянын, Беларустун, Казакстандын жана Россиянын интеграциялык өз ара аракеттешүүлөрүн мындан ары тереңдетүүнүн келечектүү багыттарына ЕЭК Министри өзүнчө токтолду. 

“Биз батыш багытында да, чыгыш багытында да көп векторлуу мамилелердин ­өнүгүүсүнө кызыкдарбыз, - деп белгиледи Татьяна Валовая. – Евразиялык долбоор өзүнүн өз алдынчалыгын далилдей алды, соодалашуунун преференциалдык режими жөнүндө макулдашууга кол коюу мүмкүнчүлүгү туурасында ар кандай өлкөлөрдүн бир катар өтүнмөлөрү буга далил боло алат”. 

Иш чаранын аягында ЕЭК Министри евразиялык интеграциянын өнүгүүсүнүн заманбап аспекттерине, ошондой эле чөлкөмдүк интеграциялык блоктордун глобалдык архитектурасында ЕАЭБ өз ордун алуусуна байланыштуу суроолорго жооп берди. 

Тараптар евразиялык жана түндүк америкалык чөлкөмдөр ортосунда мындан аркы диалогдун өнүгүүсүнө багытталган кызматташууну улантууну макулдашышты. 

Маалымат:

Евразия жана Россиядагы Канадалык ишкердик ассоциациясы (КДАРЕ) канадалык компаниялардын бизнес-ассоциациясы болуп эсептелет, Москвада, Торонтодо, Монреалда, Оттавада, Калгариде, Ванкуверде жана Алматыда филиалдары бар. Ассоциацияга мүчө компаниялардын жана жеке ишкерлердин саны 200дөн ашуун жана алар экономиканын дээрлик бардык секторлорунда иштешет. Евразия жана Россиядагы Канадалык ишкердик ассоциациясы туруктуу негизде евразиялык чөлкөмдө бизнес жүргүзүүнүн аспектилерине арналган семинарларды жана конференцияларды өткөрүп турат. Квартал сайын “Деловой Вестник” журналын чыгарат, Канадалык-Россиялык Бизнес-Кеңешинин (Canada-Russia Business Council), комитеттеринин отурумдарын уюштурат, бизнестин атынан өкмөт менен байланыштарды түзөт.