Sign In
ЕЭК Экономика жана каржы саясаты боюнча министри Тимур Сулейменов: “ЕАЭБ өлкөлөрүнүн каржы чөйрөсүн шайкештөө эл аралык стандарттардын жана эң мыкты эл аралык тажрыйбанын базасында жүргүзүлөт”

ЕЭК Экономика жана каржы саясаты боюнча министри Тимур Сулейменов: “ЕАЭБ өлкөлөрүнүн каржы чөйрөсүн шайкештөө эл аралык стандарттардын жана эң мыкты эл аралык тажрыйбанын базасында жүргүзүлөт”

06.04.15

3-апрелде Ереванда өткөрүлгөн Евразия экономикалык комиссиясына караштуу Каржы базарлары боюнча консультативдик кеңештин отурумунда ЕЭК Экономика жана каржы саясаты боюнча Коллегиясынын мүчөсү (Министр) Тимур Сулейменов билдиргендей, Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге киргизилген ченемге ылайык, Бирликке мүчө мамлекеттердин каржы чөйрөсүн шайкештөө эл аралык стандарттардын жана эң мыкты эл аралык тажрыйбанын базасында өткөрүлөт. 

ЕЭК өкүлү белгилегендей, банктар үчүн – бул Базель, камсыздандыруу уюмдары үчүн – бул AISf (Камсыздандыруу көзөмөлүнүн эл аралык ассоциациясы), баалуу кагаздар базары үчүн – бул IOSCO (Баалуу кагаздар боюнча комиссиялардын эл аралык уюму). Ошол эле учурда Комиссиянын алдында өлкөлөрдүн экономикалык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ЕАЭБга мүчө мамлекеттердин каржы базарларын өнүктүрүүнүн стратегиялык жалпылыгын камсыздоо дымактуу милдети турарын белгиледи Тимур Сулейменов. “Эгер биз бирдиктүү каржы базарына бет алган болсок, жалпы жөнгө салуу болушу керек. Баарыбыз үчүн оюндун эрежелери бир экенин түшүнүшүбүз абзел. Бул жалпылыкты камсыздоо биздин негизги милдетибиз”, - деди ЕЭК Министри. 

Отурумга Консультативдик кеңешке Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын мамлекеттик органдарынан жана бизнес коомчулугунан шайланган мүчөлөрү, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын кызматкерлери кашышты. 

Отурумдун катышуучулары Каржы базарларындагы ишмердүүлүктү жүргүзүүгө талаптар жөнүндө макулдашуу жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке мүчө мамлекеттердин каржы чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкештөөнүн планы, ошондой эле Улуттук фондулук биржаларга брокерлерди жана дилерлерди өз ара киргизүү (аккредитациялоо) жөнүндө макулдашуунун долбоору боюнча иштердин жүрүшүн талкуулашты. 

Мындан тышкары, Капиталдын эркин кыймылын камсыздоо үчүн каржы базарларында шарттарды түзүү максатында каржы чөйрөсүндөгү маалыматтарды, анын ичинде купуя маалыматтарды алмашуу жөнүндө 2014-жылдын 23-декабрындагы макулдашууга Армения Республикасынын Өкмөтүнүн жана Армения Республикасынын Борбордук банкынын кошулушу жөнүндө протокол каралды. 

Отурумдун катышуучулары Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердеги жаңы автоатуулдук жоопкерчилик камсыздандыруу өнүмүн иштеп чыгуунун максатка ылайыктуулугу маселеси боюнча макулдашылган турум калыптандыруу боюнча Жумушчу топтун ишмердүүлүгүнүн алдын ала натыйжаларын, ошондой эле ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин кайра камсыздандыруу сыйымдуулугун түзүү мүмкүнчүлүктөрүн жана перспективаларын карап чыгышты.

Каржы базарлары боюнча консультативдик комитетке караштуу ЕАЭБ аймагында валюталык жөнгө салуу жана валюталык көзөмөл маселелери боюнча Жумушчу топтун ишмердүүлүгүнүн натыйжалары талкууланды. ЕАЭБ мүчө мамлекеттер ортосунда насыя тарыхтарынын курамына кирген маалыматтарды алмашуу боюнча иштешүүнүн учурдагы абалы жана перспективалары каралды.

Тимур Сулейменов айткандай, «биздин валюталык жана курстук саясатыбызды координациялабасак, мындан ары интеграцияны сүрөй албай калабыз. Бизнестин кызыкчылыктарын жана Бирлигибиздин стратегиялык кызыкчылыктарын камсыз кылуу үчүн биз өзөктүү экономикалык саясаттарыбызды координациялоо жаатында жоопторду издешибиз керек».

Анын айтымында, бүгүн күн тартибинде өлкөлөрүбүздүн каржы тутумдарынын иштешүүсүн тереңдетүү маселелери турат, ошону менен бирге келечекте ЕАЭБ алкагында валюта бирлигин түзүү азырынча бирдиктүү валюта киргизүү дегенди билдирбейт. «Азыркы учурда өлкөлөрүбүздүн экономикалык жана каржы базарларында болгон экономикалык интеграция деңгээли ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин мейкиндигинде бирдиктүү улуттук валюта киргизүүгө объективдүү экономикалык өбөлгөлөр азыркы күндө жок экенин көрсөтүп турат», - деп Тимур Сулейменов белгиледи.

Отурумдун акырында катышуучулар ЕЭК Каржы саясаты департаментинин 2015-2016-жылдарга карата илимий изилдөө иштеринин планын талкуулашты.

Маалымат:

Евразия экономикалык комиссиясына караштуу Каржы базарлары боюнча консультативдик комитет ЕЭК Коллегиясынын 2012-жылдын 25-октябрындагы №199 Чечими менен түзүлгөн. Комитеттин төрагасы - Экономика жана каржы саясаты боюнча Коллегиянын Мүчөсү (Министр) Тимур Сулейменов.

Комитеттин ишмердүүлүгү Бажы бирлигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке мүчө мамлекеттердин каржы базарлар чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдарын мыкты эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен шайкештөөгө багытталган. 

Комитеттин приоритеттүү милдети болуп ББ жана БЭМ мүчө мамлекеттердин ортосунда каржы тейлөөлөрүн (банктык жана камсыздандыруу секторунда, ошондой эле баалуу кагаздар базарында) өз ара соодалоону кеңейтүү болуп эсептелет.