Sign In
ЕЭК ЕККУ менен кызматташтыкты өнүктүрүүдө

ЕЭК ЕККУ менен кызматташтыкты өнүктүрүүдө

06.12.19

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) ЕККУ менен өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө даяр. Бул тууралуу ЕЭКтин Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Гоар Барсегян 5-декабрда Братиславада (Словакия Республикасы) Албаниянын Австрия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Игли Хасани менен жолугушууда билдирди. 2020-жылда ЕККУдагы төрагалык Албанияга өтмөкчү.

Аталган жолугушуу ЕККУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин Словакияда өтүп жаткан отурумунун алкагында болуп өттү. Гоар Барсегян баштаган ЕЭК делегациясы аталган жолугушууда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун Словакия Республикасындагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн чакыруусу боюнча катышты. Словакия бул уюмда үстүбүздөгү жылда төрагалык кылууда.

Игли Хасани менен диалогдун жүрүшүндө ЕЭК өкүлү Германия, Австрия жана Словакия төрагалык кылган акыркы жылдардагы Евразия экономикалык комиссиясынын жана ЕККУнун байланыштарынын жогорку динамикасы, ошондой эле тараптардын ЕККУнун экинчи экономикалык "себетинин" алкагындагы өз ара аракеттенүүсү жөнүндө маалымдады.

Гоар Барсегян Игли Хасанини Албаниянын алдыдагы ЕККУдагы төрагалыгы менен куттуктады жана бул тараптардын ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө жардам берет деген үмүтүн билдирди.

Ошондой эле, ЕЭК өкүлү Эл аралык колдонмо тутумдук талдоо институту (IIASA) тарабынан уюштурулган "Санариптик трансформация мезгилинде Евразиядагы эл аралык экономикалык кызматташтыктын келечеги" деп аталган коштоочу иш-чарада катышты.

"Санариптик технологиялардын активдүү өнүгүшү экономикалык прогресске, жалпы Европа жана Евразия санариптик мейкиндигин түзүүгө жана натыйжа катары – чоң экономикалык өз ара аракеттенүүгө өбөлгө түзүүдө. ЕАЭБ бүгүнкү күндө биздин региондогу экономикалык интеграциянын драйверлеринин бирине айланган, өзүнүн санариптик күн тартибин өнүктүрүү үчүн олуттуу иш-аракеттерди жасоодо", – деп Гоар Барсегян иш-чаранын жүрүшүндө түшүндүрмө сөзүн сүйлөп жатып билдирди.​