Sign In
ЕЭК жана Монголиянын Өкмөтү 2020-2021-жылдарга карата иш-чаралардын биргелешкен планын бекитишти

ЕЭК жана Монголиянын Өкмөтү 2020-2021-жылдарга карата иш-чаралардын биргелешкен планын бекитишти

06.12.19

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жана Монголиянын ишкердик коомдоштуктарынын линиясы боюнча байланыштарды активдештирүү, Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана негизги бизнес-ассоциациялардын көмөк көрсөтүүсү 4-декабрда Москвада өткөрүлгөн "Россия – Монголия. ЕАЭБдин жалпы рыногунда бизнес алып баруу" деп аталган форумдун көңүл борборунда болду. Форумдун жыйынтыктарынын бири ЕЭКтин жана Монголиянын Өкмөтүнүн ортосунда 2020-2021-жылдарга карата иш-чараларга кол коюлушу болду.

Форумда Евразия экономикалык комиссиясынын атынан Коллегиянын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Сергей Глазьев катышты. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Монголиянын ортосундагы салттуу бекем байланыштарды баса белгилөө менен, ал азыркы товар жүгүртүүнүн алты өлкөнүн учурдагы потенциалына шайкеш келбей жаткандыгын белгилеп өттү.

"ЕЭК улуттан жогорку орган катары тышкы экономикалык ишмердикти жөнгө салуу менен байланыштуу бир катар маселелер үчүн жооп берет. Дал ошондуктан Монголиянын өкмөтү менен биргелешкен иш планында техникалык жөнгө салуу жана СФС-чараларды колдонуу маселелерине басым жасалууда, бул бизге бүгүнтөн эле соодадагы тоскоолдуктарды жоюу багытында аракет жасоого мүмкүндүк берет", – деди Сергей Глазьев.

ЕЭК өкүлү Комиссиянын Улан-Батор менен өз ара аракеттенүүсүнүн темпине жана ЕЭКтин жана Монголиянын өкмөтүнүн ортосундагы меморандумду ишке ашыруунун натыйжаларына жогорку баа берди. Сергей Глазьев эки тарап тең динамикалуу өз ара аракеттенүүгө даярдыгын көрсөтүүдө деп баса белгиледи. Муну ЕЭКтин жана Монголиянын өкмөтүнүн ортосундагы биргелешкен жумушчу топтун үчүнчү отурумунун натыйжалары боюнча жетишилген келишкендиктердин ишке ашырылышы күбөлөндүрүп турат.

Монголиянын Премьер-министри Ухнаагийн Хурэлсух соодадагы тоскоолдуктарды азайтуу боюнча иштин маанилүүлүгүнө басым жасады жана стандартташтыруу жана техникалык жөнгө салуу маселелерине көңүл бурду, анткени дал ушул маселелер соода байланыштарына олуттуу таасир көрсөтөт.

"ЕАЭБ өлкөлөрү Монголиянын тышкы экономикалык байланыштарын өнүктүрүү үчүн абдан чоң мааниге ээ. Бул биздин максаттуу рыногубуз. Акыркы бир нече жыл ичинде калыптанган ченемдик-укуктук база Монголиянын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара аракеттенүүсүнүн адымдап өнүгүшүнө өбөлгө түзүүдө", – деп билдирди Монголиянын премьер-министри.

Ухнаагийн Хурэлсух ЕЭКтин жана Монголиянын өкмөтүнүн ортосундагы 2020-2021-жылдарга карата иш-чаралардын биргелешкен планына кол коюлушун колдоду. "Бул документ Монголиянын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода-экономикалык кызматташтыгын активдештирүүгө түрткү берет деп ишенем", – деп Ухнаагийн Хурэлсух корутундулады. Приоритеттүү тармактардын катарында ал тоо-кен казып алуу өнөр жайын, ошондой эле мал чарбачылыгын жана жеңил өнөр жайды, атап айтканда, кашемирди жана андан жасалган буюмдарды өндүрүүнү атады.

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары, Россия-Монголия соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагасы Алексей Гордеев форумдун катышуучуларына саламдашуу сөзү менен кайрылды: "ЕАЭБ мамлекеттеринин жана Монголиянын ортосундагы мамилелер достук мүнөзгө ээ жана жакшы коңшулаштык принциптерине негизделген. Биздин монгол өнөктөштөрүбүз үчүн Бирликтин өлкөлөрү менен өз ара аракеттенүү соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүдөгү приоритет болуп саналат", деп белгиледи ал жана Монголиянын жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын көрсөткүчтөрүнүн өсүшүнө карабастан, аны андан ары өрчүтүү үчүн олуттуу резервдер бар деп баса белгиледи. Алардын бири – БСУ принциптери боюнча жашаган ЕАЭБдин бирдиктүү рыногунун потенциалынын Монголия тарабынан колдонулушу, Монголиянын Бирликтин преференциалдык жана преференциалдык эмес соода-экономикалык макулдашууларынын тутумуна, ошондой эле биргелешкен ири евразиялык долбоорлорду, анын ичинде транспорттук каттамдарды ишке ашырууга кошулушу.

"Россия Монголияны Чоң Евразия өнөктөштүгү концепциясын ишке ашырууда катышуучу өлкөлөрдүн катарында көрөт, ал эми "Бир алкак – Бир жол" жана "Талаа жолу" идеяларынын байланыштырылышы жалпы иш-аракеттерди бириктирүү үчүн олуттуу платформа болуп саналат", – деп Алексей Гордеев корутундулады.

Монголиянын тышкы иштер министри Дамдийн Цогтбаатар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ишкерлери монгол рыногунда иштөөдөн алышы мүмкүн болгон пайдаларга көңүл бурду.

"Акыркы жылдарда Монголия – Түндүк-Чыгыш Азиянын эң тез өнүгүп келе жаткан экономикасы. Бул ишмердигин жергиликтештирүү үчүн биздин өлкөнү тандаган жана продукциясын үчүнчү өлкөлөргө экспорттоону көздөгөн чет өлкөлүк бизнес үчүн мыкты мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ишкерлери үчүн Монголия Азия регионундагы "байланыш түйүнү" катары кызмат кылышы мүмкүн", деди Дамдийн Цогтбаатар.

Ошондой эле, ал ЕАЭБ өлкөлөрү менен кооперациялык өнөр жай чынжырларын түзүү үчүн ири потенциалга ээ болгон жана учурда Бирликтин мамлекеттеринин ишкерлери менен иш жүзүндө өз ара аракеттенүү жүрүп жаткан тармактарды атап өттү: сүт кластери, текстиль өнөр жайы, курулуш материалдарын өндүрүү.

Пленардык сессиянын жүрүшүндө ЕАЭБдин жана Монголиянын ишкердик коомдоштуктарынын өкүлдөрү чыгып сөз сүйлөштү.

"ЕАЭБдин Ишкердик кеңеши Бирликтин ичиндеги ишкердик демилгелерди гана эмес, ЕАЭБдин негизги чет элдик өнөктөштөрү менен долбоорлорду да илгерилетүүнү өзүнүн приоритети катары көрөт. Бул контекстте Монголия – биздин стратегиялык өнөктөштөрдүн бири. Өлкөнүн Бирликтин мамлекеттери менен салттуу түрдө жакын байланыштарын эске алуу менен, бул өзгөчө маанилүү",деп ЕАЭБдин Ишкердик кеңешинин президиумунун мүчөсү, Кыргыз өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин президенти Данил Ибраев баса белгиледи.

Монголиянын улуттук соода-өнөр жай палатасынын президенти Отгондаваа Амартувшин Монголиянын ишкердик коомдоштуктарынын линиясы боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматы менен чыгып сүйлөдү.

ЕЭКтин Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Сергей Шухно модератор болгон "Монголия – ЕАЭБ: кызматташтык динамикасы жана өз ара аракеттенүүнүн перспективалары" деп аталган панелдик сессиянын жүрүшүндө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Монголиянын соода-экономикалык өз ара аракеттенүүсүн андан ары өнүктүрүүнүн практикалык маселелери каралды.

Форумдун жыйынтыктары боюнча ЕЭКтин жана Монголиянын Өкмөтүнүн ортосунда 2020-2021-жылдарга карата иш-чаралардын планына, ошондой эле ЕАЭБдин Ишкердик кеңешинин жана Монголиянын Улуттук Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга, Россиянын Соода-өнөр жай палатасынын жана Монголиянын Улуттук Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда, Москва Соода-өнөр жай палатасынын жана Монголиянын Улуттук Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда меморандумдарга кол коюлду. Мындан сырткары, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Монголиянын компанияларынын ортосунда бир катар меморандумдарга кол коюлду.

Форум ЕЭК, Россия Федерациясынын Соода-өнөр жай палатасы жана Монголиянын Улуттук Соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулду.​