Sign In
ЕЭКтин семинарында БСУнун Соода жол-жоболорун жеңилдетүү боюнча макулдашуусун ЕАЭБ өлкөлөрүндө имплементациялоого карата мамилелер талкууланды

ЕЭКтин семинарында БСУнун Соода жол-жоболорун жеңилдетүү боюнча макулдашуусун ЕАЭБ өлкөлөрүндө имплементациялоого карата мамилелер талкууланды

06.11.20
Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) 6-ноябрда соода жол-жоболорун жеңилдетүү боюнча регионалдык семинарды өткөрдү. Семинарда ЕЭК, ЕККУ, ЭСБ, БСУ жана ББУнун, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин, Түркмөнстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышышты.

"Комиссия БСУнун Соода жол-жоболорун жеңилдетүү боюнча макулдашуусун ЕАЭБ өлкөлөрүндө имплементациялоо маселесин изилдеп чыкты. Анын жоболору айрым мүчө мамлекеттер үчүн өткөөл мезгилдерди караштырган Бажы кодекси аркылуу Бирликтин укугуна максималдуу деңгээлде инкорпорацияланган. Жасалган иштин жыйынтыктары боюнча Макулдашууну имплементациялоо айрым себептер боюнча кыйын болуп жаткан мүчө мамлекеттер үчүн иш-тажрыйбалык сунуштамаларды иштеп чыгууну улантуу сунушталган", – деди отурумдун модератору, Комиссиянын Соода саясаты департаментинин директору Игорь Назарук.

Өз кезегинде, ЕЭКтин Бажы мыйзамдары жана укук колдонуу иш-тажрыйбасы департаментинин башчысы Сергей Владимиров БСУнун Соода жол-жоболорун жеңилдетүү боюнча макулдашуусу бажылык жөнгө салуунун буга чейин Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун стандарттарында бекитилген эң прогрессивдүү жана натыйжалуу аспаптарын камтыйт деп констатациялады. "Атап айтканда, документ ыйгарым укуктуу экономикалык оператор институтун, бажы контролунун максаттары үчүн тобокелдиктерди башкаруу тутумун, товарларды классификациялоо, товарларды чыгаруу мөөнөттөрүн кыскартуу боюнча баштапкы чечимдерди ж.б. өнүктүрүүгө импульс берет", – деп Сергей Владимиров баса белгиледи.

Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун стандарттары негизинен сунуштамалык мүнөздө болсо, Макулдашуу БСУнун мүчөлөрү үчүн милдеттүү болуп саналат.

Сергей Владимировдун айтуусу боюнча, учурда Комиссиянын аянтчасында Бажы кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иш алып барылууда. Анын алкагында Бирликтин укугунда бажылык жөнгө салууга байланыштуу бардык акыркы тенденцияларды чагылдыруу менен, алдыңкы бажы технологияларын жана эл аралык стандарттарды сактоо пландаштырылууда.

ЕЭКтин Бажылык-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян ЕАЭБ өлкөлөрү өздөрүнүн ишмердигинде БСУнун ченемдерин жана принциптерин жетекчиликке алгандыгын, ошондой эле Бирликтин бардык мамлекеттеринин Уюмга кошулуусунун маанилүүлүгүн таанышын баса белгиледи. БСУнун милдеттенмелерин сактоо 2011-жылдын 19-майындагы Көп тараптуу соода тутумунун алкагында Бажы бирлигинин иштөөсү жөнүндө келишим менен камсыз кылынат.

Ваагн Казарян үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө тарифтик эмес жөнгө салууну колдонуу маселелерине кеңири токтолуп өттү, ошондой эле ЕЭКтин COVID-19 пандемиясынын шарттарында экономикалык стабилдүүлүктү камсыз кылууга багытталган бажылык-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыкчам чараларына серепти көрсөттү. "Биздин экономикаларды калыбына келтирүү үчүн критикалык импорт товарларын жана керектүү продукцияны алып келүүнү жеңилдетүү жана алар үчүн бажы алымдарын төмөндөтүү боюнча убактылуу чараларды киргизүү маселелерин талкуулоо улантылууда", –  деп кошумчалады ал.

Ваагн Казарян өткөрүлүп жаткан семинардын маанилүүлүгүн жана Бирликтин ичинде БСУнун Соода жол-жоболорун жеңилдетүү боюнча макулдашуусун имплементациялоо максатында кабыл алынуучу кадамдарга карата бирдиктүү мамилелерди иштеп чыгуу үчүн андан аркы аракеттердин зарылчылыгын белгиледи. Анын пикири боюнча, тышкы контурду шайкеш келтирүү ЕАЭБдин бүткүл дүйнө тарабынан реалдуу иштеп жаткан экономикалык бирдик катары кабыл алынышына көмөк көрсөтөт. Тышкы контур соода өнөктөштөр үчүн бирдей жана алдын ала айтууга мүмкүн болуп калат.

Иш-чаранын аягында Игорь Назарук спикерлерге алардын үзүрлүү иши үчүн ыраазычылыгын билдирип, семинардын катышуучуларын өздөрүнүн суроолорун жана сунуштарын аларды эл аралык эксперттер менен андан ары иштеп чыгуу үчүн уюштуруучуларга берүүгө чакырып өттү. "Бул семинарды биз ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринде маселени андан ары изилдөө жана БСУнун Соода жол-жоболорун жеңилдетүү боюнча макулдашуусун имплементациялоого байланыштуу маселелерди биргелешип талкуулоо жөнүндө позицияны түзүү боюнча баштапкы чекит катары көрөбүз", – деди ал.

Презентациялар жана семинардын башка материалдары ЕЭКтин сайтында "Соода" бөлүмүндө жайгаштырылмакчы.​