Sign In
Вероника Никишина: «БСУ реформасы көп тараптуу соода эрежелеринин натыйжалуулугун жана протекционизмди үзүрлүү тизгиндөөнү камсыз кылууга тийиш»

Вероника Никишина: «БСУ реформасы көп тараптуу соода эрежелеринин натыйжалуулугун жана протекционизмди үзүрлүү тизгиндөөнү камсыз кылууга тийиш»

IMG_9672.jpg
06.11.19

Шанхайдагы (Кытай Эл Республикасы) Эл аралык соода-экономикалык форумдун алкагында өткөрүлгөн «БСУ реформасы жана эркин соода зонасы жөнүндө макулдашуулар: мүмкүнчүлүктөр жана перспективалар» деп аталган сессиянын катышуучулары Бүткүл дүйнөлүк соода уюмун (БСУ) реформалоо, ошондой эле БСУ ченемдеринин жана эркин соода зонасы (ЭСЗ) жөнүндө макулдашуулардын өз ара байланышы маселелерин талкуулашты.

Талкуунун катышуучулары эл аралык коомдоштукту дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн инклюзивдүү өнүгүүсүнүн зарыл элементи гана эмес, регионалдык жана глобалдык контексттердеги кооперациялык байланыштардын натыйжалуу иштешин камсыз кылган бардык заманбап эркин соода жөнүндө макулдашуулар үчүн негиз болуп саналган көп тараптуу соода эрежелерин колдоого милдеттүү мамиле жасоого чакырышты.

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Вероника Никишина БСУдагы соода талаштарын чечүү тутумунун ишин камсыз кылуунун, бүгүнкү күндө көпчүлүк учурларда уюмдун экономикалык жаткан өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан мүчөлөрүнүн чыр-чатак көз караштары менен коштолгон өнүгүү күн тартибине карата сүйлөшүүлөргө салмактуу мамиле жасоонун зарылчылыгын өзгөчө белгилеп өттү. «Сүйлөшүүлөр процесси ийгиликтүү болушу үчүн биринчи кезекте тараптар БСУдагы келишпестиктерге алып келген маселелерди ачык түрдө чечүүгө умтулушу зарыл. Жаңы сүйлөшүүлөрдүн, анын ичинде айыл чарба, өнүгүү күн тартиби, субсидиялар маселелери жана башка маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдүн максаттарын Доха раундунун буга чейинки сүйлөшүүлөрүнүн ийгиликтерин жана каталарын кайрылып кароо менен аныктоо зарыл», – деди ЕЭК министри.

Ошол эле мезгилде Вероника Никишина, алардын санынын өсүшүн көбүнчө глобалдык сооданын фрагменттелиши жана БСУнун басаңдашы менен байланыштырып жатышкан, эркин соода жөнүндө макулдашуулар көп тараптуу соода эрежелерине каршы коюлбашы зарыл деп баса белгиледи. «Эркин соода жөнүндө макулдашуулар товар алмашууну тездетүүнүн жана аны диверсификациялоонун драйверлери, нарк түзүү чынжырларынын иштөөсүнүн шарты болуп саналат. Мындай макулдашууларды түзүү укугу заманбап БСУнун негизине жаткан, 1947-жылдын Тарифтер жана соода боюнча башкы макулдашуусунда берилген. Мындан сырткары, көп тараптуу соода тутумунун алкагында түзүлүп жаткан жаңы эрежелер дал эркин соода жөнүндө макулдашуулардан башат алууда жана ал жерде өзүнүн натыйжалуулугун далилдешти», – деди Вероника Никишина.

Сессиянын катышуучулары протекционизм тенденцияларынын күчөшү дүйнөлүк сооданын өсүшү жана глобалдык экономика үчүн кооптуу экендигин белгилешти жана эксперттик жана ишкердик коомдоштуктардын БСУнун аянтчасында дүйнөлүк сооданын өсүшүнө түрткү бере ала турган жана соода согуштарынын алдын ала ала турган натыйжалуу келишкендиктерге мүмкүн болушунча эртерээк жетүү үчүн керектүү көмөк көрсөтүүгө даярдыгын тастыкташты.

Сессияда Danone компаниясынын аткаруучу вице-президенти Бертранд Аустриу, БСУнун Апелляциялык органынын экс-төрагасы Джеймс Бахус, Roche Holding фармацевтикалык компаниялар тобунун Директорлор кеӊешинин вице-төрагасы Андреас Серенус Хоффман, China Taiping Insurance Holdings камсыздоо компаниясынын аткаруучу директору жана генералдык менеджери Вонг Сидонг, Lenovo компаниясынын төрагасы жана башкы аткаруучу директору Ян Юаньцин, БСУнун Апелляциялык органынын экс-соту Джанг Юджао катышышты.

5-10-ноябрда Шанхайда кытай рыногуна бир кыйла жеткирүүчүлөрдү жана инвесторлорду тартуу жана КЭРдин тышкы соодасынын улантылып жаткан диверсификациясынын темптерин сактоо максатында экинчи жолу уюштурулуп жаткан эл аралык соода көргөзмөсү өтүүдө. Көргөзмөдө 170 өлкөдөн 3 миңден ашуун ишканалар жана бийлик органдары, ошондой эле эл аралык уюмдардын бир катар делегациялары катышышты. Көргөзмөнүн иш-чараларынын салттуу катышуучулары – КЭР Төрагасы Си Цзиньпин жана Кытайдын өнөктөш мамлекеттеринин чакырылган эң жогорку деңгээлдеги жетекчилери.​