Sign In
ЕЭК Министри Данил Ибраев: «Мен ишенемин, интеграция биздин өлкөлөрдүн жана алардын экономикаларынын өнүгүүсүнө жаңы импульс берет»

ЕЭК Министри Данил Ибраев: «Мен ишенемин, интеграция биздин өлкөлөрдүн жана алардын экономикаларынын өнүгүүсүнө жаңы импульс берет»

05.10.15

2-октябрда Евразия экономикалык комиссиянын Коллегиясынын Мүчөсү (Министр) Данил Ибраев «Сочи-2015» Эл аралык инвестициялык форумунун катышуучуларына евразиялык интеграцияны өнүктүрүү жана Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) түптөлүшүнүн этаптары тууралуу айтып берди.

ЕЭК Министри Данил Ибраев, мамлекеттер жана экономикалык бирикмелер экономиканын ар кыл тармактарында дүйнөлүк рыноктордогу катаал атаандаштыкка туш келип жаткандыгын белгиледи.«Дүйнөнүн саясий жана экономикалык структурасынын өзгөрүүсүнүн шартында, түптөлүп жаткан бирикмелерге кандайдыр жол менен тартылып жана дүйнөнүн экономикалык өнүгүшүнө таасир этүүчү аймактык биримдиктердин ролу жогорулайт. Глобалдашуунун азыркы этабында улуттук системалардын дүйнөлүк процесстерге катышуусунун активдешүүсү жүрүп жатат. Аймактык деңгээлде экономикалык оз ара байланыштардын тыгыздыгы өсүп жатат», - деп белгилеп өттү Комиссиянын өкүлү.

ЕЭК министри Данил Ибраев евразиялык интеграциялык долбоордун артыкчылыктары тууралуу, ички рынокторду чоңойтуу жаатындагы биримдиктин потенциалы жана жалпы институттардын түптөлүшү тууралуу айтып берди. Ал ошондой эле, кызмат көрсөтүүгө жана инфраструктурага жеткиликти камсыз кылуунун механизмдерин түптөөгө, аймактын өлкөлөрүнүн өндүрүштүк потенциалын компаниялардын кызматташтыгынын эсебинен жана инвестициялык активдүүлүгүнө дем берүүнүн эсебинен жогорулатууга басым жасады.

Ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнө кайрылып жатып, Данил Ибраев, ЕЭКтин, Ишкер Кенештин жана Биримдиктин ишкерлеринин аракеттерин, пайда болуп жаткан кыйынчылыктарды жеңүү үчүн бириктирүүгө чакырды.«Сиздер менен кызматташууда биз ЕАЭБдин мүчө өлкөлөрүнүн ишкерлерине Россиянын курулуш жана инженериялык кызмат көрсөтүү секторуна бирдей жеткиликти камсыз кыла алабыз», - деп жыйынтыктады ал.