Sign In
2016-жылдын 2-январынан баштап, Армения ЕАЭБтин техникалык регламенттеринин бирдиктүү талаптарына өтөт

2016-жылдын 2-январынан баштап, Армения ЕАЭБтин техникалык регламенттеринин бирдиктүү талаптарына өтөт

05.10.15

2-октябрда Ереванда «Армения Республикасы үчүн Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) коопсуздуктун жана продукцияны маркировкалоонун жаңы талаптары» аттуу семинардын алкагында Евразия экономикалык комиссиянын Коллегиясынын Мүчөсү (Министр) Карине Минасян жана ЕЭК Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин өкүлдөрү, Армения Республикасынын бизнес-коомчулугуна 2016-жылдын 2-январында күчүнө кире турган техникалык жөнгө салуу тармагындагы өзгөрүүлөрдү көрсөтүштү.

Семинар Евразиялык экономикалык комиссия, Армения Республикасынын Экономикалык интеграция жана реформалар министрлиги жана Экономика министрлиги тарабынан уюштурулган. Иш-чарага Армениянын мамлекеттик органдарынын жана бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

Карине Минасян өз сөзүндө, ЕАЭБ жөнүндөгү Келишимге Армениянын кошулуусу жөнүндөгү келишимде каралган алып коюунун мөөнөтү, ЕАЭБ аймагында жүгүртүлүүчү товарлар үчүн 2016-жылдын 2-январында бүтөөрүнө көңүл бурду. «Бул деген, 2016-жылдын 2-январынан тарта, ЕАЭБде иштеп жаткан бардык техникалык регламенттер, Армениянын аймагында айланып жаткан товарлар үчүн да иштей баштайт. Ошентсе да, ишкерлер дагы эки жыл бою улуттук мыйзамдарга ылайык, жүгүртүүгө товарларды чыгара берсе болот, – деп түшүндүрдү ЕЭК Коллегиясынын Мүчөсү, - бирок аны үчүн кээ бир даярдык иш-чараларды өткөрүү зарыл».

ЕЭК Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин өкүлдөрү иш-чаранын катышуучуларына, ЕАЭБ жөнүндөгү Келишимдеги техникалык жөнгө салуу тармагындагы эрежелерге туура келтирүү менен ЕАЭБ рыногунун иштөөсүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу кенен айтып беришти. Анын ичинде, төмөнкү маселелерге токтолушту: товарлардын шайкештигин баалоо тартиби, тамак-аш продукцияларын техникалык көзөмөлдөөнүн өзгөчөлүктөрү, ЕАЭБ аймагында жүгүртүлүүчү продукцияны маркировкалоонун жаңы талаптары, ж.б.

Өз кезегинде, бизнестин өкүлдөрү техникалык көзөмөлдөөнүн жаңы талаптарына өтүүгө тоскоолдук жаратуучу, аларды кыжаалат кылган кээ бир аспекттерди, мисалы, армян тилиндеги тиешелүү документтердин бар болгондугун, товарларды жүгүртүүгө чыгарууга чейинки дал келүүсү жөнүндө баа берүү тууралуу документтерди жол-жоболоштуруу режимине өтүүнү, жана башкаларды козгошту.