Sign In
ЕЭК эксперттери кыргыз бизнеси үчүн консультацияларды өткөрүштү

ЕЭК эксперттери кыргыз бизнеси үчүн консультацияларды өткөрүштү

IMG_5315-06-09-18-01-05.JPG
06.09.18
Бишкектеги (Кыргыз Республикасы) коомдук кабылдамада көчмө отурумдун алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча блогунун адистери 6-сентябрда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) чек ара аралык рынокторундагы атаандаштык боюнча «Ак китептин» бет ачарын өткөрүштү. Бул басылма ЕАЭБдин чек ара аралык рынокторунда иштеген бизнес-коомдоштуктары үчүн дайыма колдонуучу китеп болуп саналат. Жыйнакта Бирликтин жалпы рынокторундагы атаандаштыкты коргоонун укуктук негиздери, өнөктөштөрдүн атаандаштыкка каршы аракеттеринин натыйжасында бизнес укуктары бузулган учурда Комиссияга даттанууларды берүүнүн тартиби жана негизи жеткиликтүү формада түшүндүрүлөт.

Кыргыз Республикасынын ишкерлери менен биринчи жолугушуу коомдук кабылдамадагы отурумдун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин колдоо көрсөтүүсү менен болуп өттү.

ЕЭК Коллегиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министри) Марат Кусаинов баса белгилеп өткөндөй, ишкерлер коомдоштугу менен өз ара аракеттенүүнүн мындай форматы ЕАЭБдин чек ара аралык рынокторундагы атаандаштык жаатындагы бизнес укуктарын жана жоопкерчилигин түшүндүрүүнүн натыйжалуу ыкмасы болуп саналат.

«Биздин максат – Бирликтеги атаандаштык эрежелерин ишкерлер коомдоштугуна жеткирүү, эгер алар монополисттер же атаандаштыкка каршы макулдашуулардын катышуучулары тарабынан бузулган болсо, ишкерлерди өз укуктарын коргоого үйрөтүү. Ошондуктан биз бизнес өз көйгөйлөрү тууралуу түздөн-түз айтсын үчүн бул консультацияларды жана ачык диалогду демилгелегенбиз», – деп баса белгиледи ЕЭК министри. 

Жолугушуунун катышуучуларынын көңүлү атаандаштык, үстөмдүк абалын кыянаттык менен пайдаланууга, ак ниет эмес атаандаштыкка, атаандаштыкка каршы макулдашууларга тыюу салуу, атаандаштыкты чектеген экономикалык ишмердикти координациялоо жаатындагы ЕАЭБдин мыйзам ченемдерине бурулду. Отурумда чарба жүргүзүүчү субъектилерге бузууларды өз алдынча четтетүүгө жана айып төлөбөстөн атаандаштыкты калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берген алдын алуу жана эскертүү аспаптарын киргизүүгө тийиштүү болгон ЕАЭБдин ченемдик-укуктук базасын өзгөртүү да каралды.
«Жалпы түшүндүрүү иштери гана эмес, жеке консультацияларды берүү да маанилүү. Эгер жалпы рыноктордо конкреттүү ишкердин укугу анын өнөктөштөрүнүн атаандаштыкка каршы аракеттери менен бузулган болсо, биз ага өзүбүздүн компетенциябыздын чектеринде жардам көрсөтүүгө даярбыз – укуктарын түшүндүрөбүз, арызды кантип жол-жоболоштурууну айтып беребиз», – деп баса белгиледи ЕЭКтин Атаандаштык саясаты жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү саясат департаментинин директору Алия Джумабаева.
ЕЭКтин Монополияга каршы жөнгө салуу департаментинин директору Алексей Сушкевич айткандай, «Бирликтин чек ара аралык рынокторунда өз укуктарын коргоо үчүн арыздануучу ЕАЭБ жөнүндө келишимде Комиссияга кайрылууга карата коюлуучу талаптарды так аткарууга тийиш. Адегенде берилген маалыматтын сыпайылыгынан жана толуктугунан бузууну иликтөөнүн ийигилиги, аны өткөрүүнүн мөөнөттөрү, ошондой эле атаандаштык эрежелеринин бузулгандыгы тууралуу иш боюнча акыркы чечимдин негиздүүлүгү жана адилеттүүлүгү көз каранды болот».
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын, Жеткирүүчүлөр (өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор) ассоциациясынын, Эл аралык ишкерлер кеңешинин, ошондой эле Ernst & Young, «Скай Мобайл», «Кыргызаэронавигация», «Кыргыз почтасы», «Кыргызтелеком» ж.б. сыяктуу компаниялардын өкүлдөрү катышты.
Жыл башынан бери ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча блогунун коомдук кабылдамасынын отуруму Москвада, Минскиде, Астанада өткөрүлгөн. 2018-жылдын аягына чейин коомдук кабылдаманын көчмө отуруму Армения Республикасынын борборунда боло тургандыгы пландаштырылган.