Sign In
ЕЭК Коллегия Башчысынын ишин убактылуу аткаруучу, ЕЭКтин Интеграциянын негизги багыттары жана макроэкономика боюнча министри Татьяна Валовая: "Жакынкы күндөрү Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык бирлигинин толук укуктуу мүчөсү болуп калат"

06.08.15

Евразия экономикалык бирлик (ЕАЭБ) келишимине Кыргызстандын кошулуусу жөнүндө келишимди ратификациялоо процедурасы аяктады. Евразия экономикалык комиссиясы Казакстандык Тараптан акыркы Нотанын келип түшүшүн күтүүдө. Ал келип түшкөндөн кийин Нота Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан депонирленет, жана Келишимге ылайык, Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык бирлигинин толук укуктуу катышуучусу болуп калмакчы.

"Бул иш жакынкы бир нече күндө ишке ашырылат. Андыктан, Нота депонирленген учурдан тарта, Келишимге ылайык бардык иш-чаралар, анын ичинде, бажылык көзөмөлдү алып таштоо камсыздалышы үчүн, бардык деңгээлдер боюнча бардык зарыл техникалык процедуралар азыртан аткарылууда", - деп билдирди ЕЭК Коллегия Башчысынын ишин убактылуу аткаруучу, ЕЭКтин Интеграциянын негизги багыттары жана макроэкономика боюнча министри Татьяна Валовая.