Sign In
Михаил Мясникович Нурсултан Назарбаевди мааракеси менен куттуктады

Михаил Мясникович Нурсултан Назарбаевди мааракеси менен куттуктады

06.07.20

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин Ардактуу төрагасы, Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти – Элбашы Нурсултан Назарбаевди мааракеси менен куттуктады.

"Сизди мааракеңиз менен чың жүрөктөн куттуктайм! – деп айтылат куттуктоо катында. – Бул Сиздин заманбап көз карандысыз Казакстанды түзүүдөгү көрүнүктүү ролуңузду, аны түзүү идеясы дал Сизге таандык болгон Евразия экономикалык бирлигин түзүүгө жана өнүктүрүүгө кошкон жеке чоң салымыңызды баса бегилей кетүү үчүн мыкты себеп". ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы, Нурсултан Назарбаев улуттун чыныгы лидери, Евразия элдеринин достугу жана өз ара пайдалуу кызматташтыгы идеалдарын жактоочулуктун мыкты үлгүсү болуп саналат деп баса белгиледи.

Михаил Мясникович Казакстан Республикасынын Биринчи Президентинин бай жашоо жана саясий тажрыйбасы, анын даанышмандыгы жана масштабдуу ой жүгүртүүсү континенталдык интеграциялык процесстерде дагы көп убакытка чейин талап кылынмакчы деген ишеничин билдирди.​