Sign In
Армениянын жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ЕЭК «ЕАЭБ иштерин Армениянын медиамейкиндигинде маалыматтык чагылдыруу» семинарын өткөрдү

Армениянын жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ЕЭК «ЕАЭБ иштерин Армениянын медиамейкиндигинде маалыматтык чагылдыруу» семинарын өткөрдү

06.04.15

3-апрелде Ереванда Евразия экономикалык комиссиясы Армениянын жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн «ЕАЭБ иштешинин Армениянын медиамейкиндигинде маалыматтык чагылдыруу» темасында семинар өткөрдү.

Иш-чара Армения Республикасынын Өкмөтүнүн жана Армения Республикасынын Эл аралык экономикалык интеграция жана реформалар министрлигинин колдоосу менен ишке ашты.

Семинарга ЕЭК Коллегия Мүчөсү (Министр) Карине Минасян, Армения Республикасынын Эл аралык экономикалык интеграция жана реформалар министринин биринчи орун басары Сурен Караян, Армения Республикасынын Премьер-министринин пресс катчысы Гоар Погосян, ошондой эле ЕЭК пресс кызматынын өкүлдөрү катышышты.

ЕЭК Министри Карине Минасян Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) максаттары жана милдеттери, Евразия экономикалык комиссиясынын иштеринин функциялары жана принциптери тууралуу айтып берди. Ал ЕАЭБ өлкөлөрүнүн маалымат мейкиндигине Армениянын медиакоомчулугу кошулуусунун зарылдыгын белгиледи, анда республиканын экономикасын евразиялык интеграция процесстеринин алкагында позициялоо жана сүрөөнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү пайда болууда. ЕЭК Министринин айтымында, Армениянын журналисттери бул жаңы чындыкты эске алуу менен иштеши керек

ЕЭК пресс кызматынын өкүлдөрү Армениянын медиакоомчулугуна ЕАЭБ өлкөлөрүнүн алдыңкы ЖМК менен ЕЭК ишмердүүлүгүн чагылдыруу боюнча тутумдук иштөөсү, Комиссиянын пресс кызматынын журналисттер менен иштөө форматтары, технологиялары жана механизмдери, евразиялык интеграция процесстеринин ЕАЭБ өлкөлөрүнүн коомдук талаасында, анын ичинде Арменияда чагылдыруу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришти. ЕЭК пресс кызматы Армениянын журналисттерин жигердүү иштешүү жана конструктивдүү кызматташууга чакырды.