Sign In
30-марттан 3-апрелге чейин Бишкекте ЕЭК Бажы инфраструктура департаментинин башчысы Владимир Скиба баштаган Евразия экономикалык комиссиясынын делегациясынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен Мамлекеттик бажы кызмат

30-марттан 3-апрелге чейин Бишкекте ЕЭК Бажы инфраструктура департаментинин башчысы Владимир Скиба баштаган Евразия экономикалык комиссиясынын делегациясынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен Мамлекеттик бажы кызмат

06.04.15

30-марттан 3-апрелге чейин Бишкекте ЕЭК Бажы инфраструктура департаментинин башчысы Владимир Скиба баштаган Евразия экономикалык комиссиясынын делегациясынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен Мамлекеттик бажы кызматынын, ошондой эле КР Унаа жана коммуникациялар министрлигинин жетекчилиги жана адистери менен эксперттик консультациялар өткөрүлдү.

Консультацияларга Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматынын жана Казакстан Республикасынын Каржы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин өкүлдөрү катышты.

Аталган жолугушуулардын жүрүшүндө Кыргызстандын ведомстволорунун өкүлдөрү республиканын Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) тууралуу Келишимге кошулушу тууралуу Келишимде каралган иш чараларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Беларусь, Казакстан жана Россиянын Бажы бирлигине кошулушу боюнча иш-чаралар планын («жол картасын») бажы башкаруу жаатында аткаруусу тууралуу айтып беришти.

Консультациялар учурунда Кыргыз Республикасынын бажы көзөмөл тутумун алдыдагы баалоо иштерине өзгөчө көңүл бурулду. Анын натыйжаларын эске алуу менен Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеш чек аранын кыргыз-казак бөлүгүндө бажы көзөмөлүн алып салуу маселесин карамакчы.

«Жакынкы мезгилде биргелешкен аракеттер менен өткөрүүнүн алдыңкы кезектеги түйүндөрүн аягына чейин жабдууга багытталган иштердин көбүн аткаруу керек, – деп Кыргыз Республикасынын бийлик органдарында иштиктүү жолугушуулардын жүрүшүндө Владимир Скиба баса белгиледи. – ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин бажы жана салык органдарынын ортосундагы маалыматтык иштешүүнү, керек болсо Бирликтин Интеграцияланган маалыматтык тутумун колдонуу менен, уюштурууга өзгөчө көңүл буруу зарыл болмокчу».

Консультациялардын жыйынтыктарына жараша иштиктүү жолугушуулардын протоколдоруна кол коюлуп, аларда Кыргыз Республикасынын бажы көзөмөл тутумун баалоону өткөрүүнүн жакынкы перспективасы жана мөөнөттөрү боюнча негизги иш-чаралар аныкталды.