Sign In
ЕЭК энергетика жана инфраструктура боюнча министри Таир Мансуров жана БУУ Баш катчысынын атайын өкүлү Мирослав Енча ЕАЭБ жана Борбор Азия чөлкөмүнүн өнүгүшүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты.

06.04.15

3-апрелде Москвада ЕЭК энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Таир Мансуров жана БУУ Баш катчысынын атайын өкүлү, БУУнун Борбор Азия боюнча превентивдик дипломатия боюнча Чөлкөмдүк борборунун башчысы Мирослав Енча жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө алар Борбор Азия чөлкөмүнүн өнүгүшүнүн актуалдуу маселелери тууралуу пикир алмашып, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин мейкиндигинде интеграциянын өнүгүшүнүн маселелерин карашты.

Мирослав Енчанын өтүнүчү менен Таир Мансуров аны ЕАЭБ өнүгүшүнүн заманбап тенденциялары жана перспективалары менен тааныштырды. Атап айтканда, Бирликтин мейкиндигинде 2015–2025-жылдары электроэнергия, газ, мунай жана мунай зат жалпы базарын түзүү, ошондой эле автомобиль менен ташууну либералдаштыруу темасы талкууланды.