Sign In
Евразия өкмөттөр аралык кеңеши Бирликтин аймагында жооп иретиндеги чараларды колдонуу маселесин иштеп чыгууну баштоону тапшырды

Евразия өкмөттөр аралык кеңеши Бирликтин аймагында жооп иретиндеги чараларды колдонуу маселесин иштеп чыгууну баштоону тапшырды

IMG_6305.JPG
06.02.21

Евразия өкмөттөр аралык кеңеши 5-февралда Алмата шаарында (Казакстан) болуп өткөн отурумдун жыйынтыктары боюнча Евразия экономикалык комиссиясына Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин өкмөттөрү менен биргеликте 2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 40-беренесинин 1-пунктуна ылайык чараларды колдонуу механизми жөнүндө маселени иштеп чыгууну баштоону тапшырды.

Бирлик жөнүндө келишимдин 40-беренесинин 1-пункту ЕАЭБдин бажы аймагында үчүнчү тарапка карата жооп иретиндеги чараларды колдонууга тиешелүү. Аталган иш Бирликтин жана анын мүчө мамлекеттеринин экономикалык кызыкчылыктарын натыйжалуу коргоону камсыз кылуу үчүн алып барылмакчы. Соода талаштарын чечүүнүн учурдагы эл аралык келишимдер менен каралган жол-жобосун бөгөттөө учурларына өзгөчө көңүл бөлүү тапшырылды.

 

Акыркы убакытта талаштарды чечүү жол-жоболорун бөгөттөө маселеси Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (БСУ) Апелляциялык органынын ишмердигинин убактылуу токтотулушуна байланыштуу курчуду. Натыйжада БСУга мүчөлүк кылган жана апелляция берген жоопкер тарап уюмдун укугуна шайкеш келбейт деп таанылган чараларды колдонуп, башка мүчө мамлекеттердин экономикаларына терс таасир тийгизиши мүмкүн.


Ошондой эле, Бирликтин учурдагы эркин соода аймактарын түзүү жөнүндө макулдашуулары менен каралбаган соода талашын аяктоо мүмкүн эмес болуп саналган жагдайлардагы аракеттердин тартибин аныктоо зарыл.

Тийиштүү маселени иштеп чыгуунун жыйынтыктары боюнча ЕЭКке мүчө мамлекеттердин өкмөттөрү менен биргеликте ченемдик актылардын долбоорлору менен сунуштарды даярдоо тапшырылды.