Sign In
ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү Евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын дагы бир нече позицияларын макулдашышты

ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү Евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын дагы бир нече позицияларын макулдашышты

06.02.20

6-февралда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин мүчөлөрү Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарынын долбоорунун кем жерлерин иштеп чыгуу боюнча кеңешме өткөрүштү. 

Буга чейин Евразия өкмөттөр аралык кеңеши Бирликтин мамлекеттеринин өкмөттөрүнө ЕЭК менен биргеликте документти аягына чыгара иштелишин камсыз кылууну жана аны апрелде Өкмөттөр аралык кеңештин кароосуна көрсөтүүнү тапшырган эле.

"Макулдашылбаган чаралардын жана механизмдердин тизмегинде – дээрлик жүз позиция. Иш-чаралардын көпчүлүгү мамлекет башчылары тарабынан кол коюлган ЕАЭБ жөнүндө келишимдин жана Интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларациянын талаптарына шайкеш келет", – деп ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович баса белгиледи.

Талкуунун жүрүшүндө тараптар мурда макулдашылбаган бир катар позициялар боюнча консенсуска келишти жана кийинки кеңешмени бир жумадан кийин өткөрүү жөнүндө келишишти.

"Иш бир кыйла интенсивдүү болуп калды, тараптар дээрлик бардык талаш маселелер боюнча консенсус таап жатышат", – деп ЕЭК Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Сергей Глазьев кеңешменин жыйынтыктары боюнча билдирди.

Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарынын долбоорунда келечекте ЕАЭБ мамлекеттеринин кызматташтыгынын ченемдик-укуктук негиздерин түзүүнү аяктоого, Бирликтин улуттан жогорку жана улуттук институттарынын аткаруучулук жеке тартибин жогорулатууга, мүчө мамлекеттердин кызматташтыктын жаңы багыттарын аныктоого жана жөнгө салууга карата мамилелерин шайкеш келтирүүнү жана синхрондоштурууну камсыз кылууга мүмкүндүк берген чаралар жана механизмдер ачып көрсөтүлгөн.

Документ Өкмөттөр аралык кеңеш тарабынан жактырылган учурда, аны 2020-жылдын май айында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунда бекитүү пландаштырылууда. ​