Sign In
ЕАЭБ жана Куба 2020-жылга карата кызматташтык пландарын белгилешти

ЕАЭБ жана Куба 2020-жылга карата кызматташтык пландарын белгилешти

06.02.20

Евразия экономикалык комиссиясынын жана Куба Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү, ошондой эле 2020-жылга карата биргелешкен иш-аракеттердин планы ЕЭК Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Сергей Глазьевдин жана Куба Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Херардо Пеньяльвер Порталдын сүйлөшүүлөрүнүн негизги темаларынан болду.

"2019-жылдын аягында ЕЭК делегациясынын Гаванага иш сапарынын жүрүшүндө жакынкы мезгилге карата иштин пландары белгиленген, жана биз аларды иш жүзүндө ишке ашырып баштоого кубанычтабыз, – деди ЕЭК министри Сергей Глазьев. – Атап айтканда, 2020-жылдын июнь айынын башында, жолугушуунун күн тартибин алдын ала макулдашуу менен, ЕЭКтин жана Куба Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү боюнча биргелешкен комиссиянын экинчи отурумун өткөрүүгө даярбыз".

Куба Республикасынын Элчиси Херардо Пеньяльвер Порталь Гаванада Кубанын мамлекеттик түзүмдөрү, илимий жана ишкердик коомдоштуктары үчүн ЕАЭБдин ишмердиги жөнүндө семинарды өткөрүүнү сунуш кылды. Ошондой эле, ал Куба Республикасынын Соода палатасынын жана ЕАЭБдин Ишкердик кеңешинин ортосунда тике диалогдун орнотулушун колдоорун айтты. Бул Кубанын аймагында инфраструктураны модернизацияло боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүнүн бизнесинин соода-экономикалык кызматташтык процессине кошулушуна өбөлгө түзмөкчү. 

Тараптар Кубанын ишкердик коомдоштуктарынын делегациясынын Петербург эл аралык экономикалык форумунда жана 2020-жылда Минскте өткөрүлө турган Евразия экономикалык форумунда катышуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.​