Sign In
ЕАЭБде интеграциялык процесстер активдүү өнүгүүдө

ЕАЭБде интеграциялык процесстер активдүү өнүгүүдө

05.12.19

2-3-декабрда Бишкекте болуп өткөн "Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык бирлигинде: натыйжалар, тажрыйба жана перспективалар" деп аталган иш-тажрыйбалык конференциянын катышуучулары Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) алкагындагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты. 

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Римма Киселёва ЕАЭБдин беш жылдык ишинин натыйжалары жана анын өнүгүү перспективалары боюнча негизги баяндамасы менен чыгып сүйлөп жатып, Бирлик бекем институционалдык жана ченемдик негизге ээ боло алды, ал эми ЕАЭБ мейкиндигиндеги интеграциялык процесстер ишенимдүү өнүгүүнү көрсөтүүдө, бул статистикалык маалыматтарды баалоодо да белгиленүүдө деп белгиледи. 2017 жана 2018-жылдарда өз ара сооданын көлөмүнүн олуттуу өсүшү байкалды – тийиштүүлүгүнө жараша 27,3% жана 10,1%. Инфляция олуттуу түрдө кыскарды, ал эми бул макроэкономикалык жагдайга жагымдуу таасир берди. Эгер 2015-жылдын жыйынтыктары боюнча жалпы эле ЕАЭБ боюнча инфляция 14,1% түзгөн болсо, 2018-жылдын жыйынтыктары боюнча ал 3,2% түздү. 

Римма Киселёва конференциянын катышуучуларын жалпы Евразия рыногунун төрт "классикалык эркиндиктерин" камсыз кылуудагы алга жылуу, ички рыноктогу тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү жоюу, атаандаштыктын эркиндигин камсыз кылуу, кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун либералдаштыруу жана кеңейтүү, дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын бирдиктүү рыногун түзүү боюнча иш тууралуу маалымдады. Бирликтин санариптик күн тартиби өнүгүүдө, товарларды маркалоо жана көзөмөлдөө, анын ичинде транспорттук көзөмөлдөө тутумдары боюнча пилоттук долбоорлор иштеп баштады, атайын шлюздар аркылуу маалымат алмашуу боюнча евразиялык маалыматтык тутум өнүктүрүлдү. 

Бирликтин эл аралык таанылышы камсыз кылынды жана чет өлкөлөрдөгү негизги өнөктөштөр, ошондой эле кызматташуунун географиясы дүйнөнүн дээрлик бардык континенттерин камтыган, эл аралык уюмдар жана бирикмелер менен иштешүүнүн стратегиясы аныкталды. 

Биздин өлкөлөрдүн жарандары – Бирликтин каалаган өлкөсүндө эч кандай чектөөчү лицензияларсыз же уруксаттарсыз, ошол өлкөнүн жарандары менен бирдей иштөөгө укугу бар, ошондой эле жумушка орношуу өлкөсүнүн жарандарындай эле шарттарда жана тартипте социалдык жана медициналык камсыздандырууга укугу бар эмгек мигранттары интеграциянын оң таасирлерин сезишүүдө. 

ЕАЭБде 2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын иштеп чыгуу улантылууда. Баяндамачы интеграциянын негизги багыттары боюнча ЕАЭБ мамлекеттеринин өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүүгө байланыштуу айрым маселелерге токтолуп өттү. 

Евразиялык интеграциялык бирикменин бардык өлкөлөрү өздөрүнүн демилгелерин активдүү өнүктүрүшүүдө жана экономиканын ар түрдүү тармактарындагы өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү, ошондой эле 2018-жылдын декабрь айында мамлекет башчылары тарабынан кабыл алынган, ЕАЭБдеги интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларацияны ишке ашыруу боюнча пландардын алкагында Бирликтин келечегине таасир этишүүдө. 

Маалымат

"Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык бирлигинде: натыйжалар, тажрыйба жана перспективалар" иш-тажрыйбалык конференциясы Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандын ЕАЭБде ийкемделүү мезгилиндеги мүмкүнчүлүктөрдү күчөтүү жана тобокелдиктерди жумшартуу боюнча долбоорунун колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан уюштурулду.

Конференцияда Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын жана өкмөтүнүн; Евразия экономикалык комиссиясынын; мүчө мамлекеттердин ЕАЭБ маселелери боюнча министрликтеринин жана ведомстволорунун; ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Кыргыз Республикасындагы элчиликтеринин жана соода өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери жана өкүлдөрү; Бирлик жөнүндө келишимди улуттук жана улуттан жогорку (ЕЭК) деңгээлдерде ишке ашыруунун өзгөчөлүү маселелери боюнча эксперттер жана адистер; бизнестин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты.​