Sign In
ЕЭК Чили Республикасынын Өкмөтү менен кызматташтыгын өнүктүрүүдө

ЕЭК Чили Республикасынын Өкмөтү менен кызматташтыгын өнүктүрүүдө

05.10.15

2-октябрда Чили Республикасынын Сантьяго шаарында Евразия экономикалык комиссиясы менен Чили Республикасынын ортосундагы өз ара иш жүргүзүүсү боюнча Биргелешкен комиссиянын алгачкы көрсөтмө берүүчү отуруму болуп өттү. Жолугушуулардын мындай форматта болушу ЕЭК менен Чили Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумда каралган, ага 2015-жылдын 19-июнунда Петербург эл аралык экономикалык форумунун тилкесинде кол коюлган жана ал үзгүлтүксүз байланыштарды жүзөгө ашыруу жана Тараптар ортосунда натыйжалуу диалогду өнүктүрүү үчүн тажрыйбалык механизм болууга арналган.

Евразия экономикалык комиссиясынын атынан Интеграциянын негизги багыттары жана макроэкономика боюнча коллегия Мүчөсү (Министр) Татьяна Валовая болду. Чили Республикасынын делегациясын Чил Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык экономикалык мамилелер башкы башкармалыгынын (DIRICON) башчысынын милдетин аткаруучу П. Уррия жетектеди.

Делегация жетекчилери өз сөздөрүндө кызматташтыкты өнүктүрүүнүн Биргелешкен комиссияны түзүүдөн улам ачылык жаткан мүмкүнчүлүктөрүнө жогорку баа берип өтүштү, ошондой эле, Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерде жана Чили Республикасында учурда орун алып турган экономикалык жагдайларды талкуулашты.

ЕЭК Министри чилилик өнөктөштөрүнө Евразия экономикалык биримдигинин алкагында интеграцияны өнүктүрүүнүн актуалдуу багыттары, ошондой эле, 2015-жылы Армения Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ЕАЭБга кошулууларынан кийин түптөлгөн кызматташтыктын кошумча мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди. Эң оболу, курулуш, энергонатыйжалуу жана энергоүнөмдөөчү технологияларды өнүктүрүү, айыл чарбасы, балык уулоо жана вино жасоо сыяктуу мүмкүнчүлүгү кеңири тармактар тууралуу сөз болмокчу.

Биргелешкен комиссиянын биринчи отурумунун жүрүшүндө Тараптардын техникалык жөнгө салуу, бажы мыйзамдары, ошондой эле фитосанитардык жана ветеринардык чаралар чөйрөсүндө тыгыз иш жүргүзүүнүн келечектери, талкуунун негизги темасы болду. Татьяна Валовая 180 млн.дон ашык адамдан турган ЕАЭБ бирдиктүү рыногунун чили бизнесине ачып бере турган мүмкүнчүлүктөрүн түшндүрүү менен, чилилик расмий жана ишкер чөйрөлөрдүн көптөгөн суроолоруна жооп берди.

Чили Республикасына 1-2- октябрда иш боюнча баруунун жүрүшүндө Татьяна Валовая ЧР Экономика министри Филиппе Сеспедес, ЧР Тышкы иштер министри Эдгардо Риверс жана Чили –Россия ишкер кеңешини төрагасы Филиппе Сандовал менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Чилилик өнөктөштөр ЕАЭБга мүчө мамлекеттер менен сооданы либерализациялоо мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө басым жасашты. Чилилик Тарапка ЕАЭБ рыногуна кирүүгө кыйла олуттуу тоскоолдуктардын тизмесин аны кийинчерээк Биргелешкен комиссиянын форматында талкуулоо үчүн даярдоо сунушталды.

Болуп өткөн жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча, Тараптар тарабынан евразиялык ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнүн чили бизнеси менен

кыйла тыгыз жана тике байланыш түзүү зарылчылыктары белгиленген. Бул багытта чили делегациясынын 2016-жылдын башталышында ЕАЭБга мүчө мамлекеттерге пландаштырылып жаткан визити маанилүү кадам болууга тийиш.