Sign In
ЕЭК Министри Роберт Арутюнян: «Кайра иштеп чыгуу өнөр жайын өнүктүрүү жана Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүндө, анын ИДПдагы үлүшүн арттыруу жаңы технологиялык жана инновациялык чечимдердин пайда болушуна дем берет».

ЕЭК Министри Роберт Арутюнян: «Кайра иштеп чыгуу өнөр жайын өнүктүрүү жана Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүндө, анын ИДПдагы үлүшүн арттыруу жаңы технологиялык жана инновациялык чечимдердин пайда болушуна дем берет».

05.10.15

2-октябрда Сочиде (Россия) “Сочи-2015” Эл аралык инвестициялык форумунун алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын Мүчөсү (Министр) Роберт Арутюнян Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн экономикаларынын өсүшүн калыбына келтирүүнүн мүмкүн болуучу жолдору жана иштеп чыгуу өнөр жайын өнүктүрүү зарылчылыктары тууралуу айтып өттү.

Форумга мамлекеттик органдардын, ишкер коомчулуктун өкүлдөрү жана болжолдуу алганда, дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн эксперттер катышышты.

«ЕАЭБ – интеграциянын жаңы мейкиндиктери» тегерек стол маегинде сүйлөгөн сөзүндө Роберт Арутюнян учур талабына ылайык түптөлгөн жагдайда Биримдик өлкөлөрүнүн экономикалык өсүш арымын калыбына келтирүү ички ресурстардын, ички керектөөнүн эсебинен мүмкүн болот деп билдирди. Мында экономикаларды диверсификациялоо, импорт алмаштыруучу өндүрүштү өнүктүрүүнү колдоо аркылуу, соода балансын жакшыртуу, жеткире ойлонулган инновациялык саясат негизги иш багыттарынан болууга тийиш. «Бул багыттарда бир жагынан алганда, калктын кирешесин жана керектөө суроо-талабын жакшыртууга шарт түзө турган, экинчи жагынан –ички рынокту коргоо механизмдери маанилүү болгон, өндүрүштүн жаңы түрлөрүнө инвестицияларга өбөлгө түзө турган көптөгөн факторлор эске алынууга тийиш, - деди ЕЭК Министри. – Ишкер мамлекет саясатынын алдын алуучулугуна жана узак мөөнөттүүлүгүнө ишенүүсү зарыл".

Роберт Арутюнян мырзанын пикири боюнча, иштеп чыгуу өнөр жайын өнүктүрүүгө өтүү жана өлкөлөрдүн ИДПсында анын үлүшүн көбөйтүүгө кайтарып берүүсү өскөн тармактарда мүмкүн болот, бул биринчиден, максималдуу кошумча наркты түзүүгө өбөлгө түзсө, экинчиден, жаңы технологиялык чечимдердин пайда болушуна жана ЕАЭБ инновациялык экономикасынын өнүгүшүнө демилге берет.

Жогоруда айтылгандардын бардыгы ЕЭК коллегиясы тарабынан иштелип чыккан жана мүчө өлкөлөрдүн Өкмөт башчылары тарабынан бекитилген “ЕАЭБ алкагында өнөр жай

кызматташтыгынын негизги багыттары жөнүндө” документте чагылдырылган”,- деп баса белгиледи ЕЭК Министри. – Документте мүчө өлкөлөрдүн күч-аракеттеринин секторалдык бөлүштүрүлүшүнө тең салмактуу мамиле жасоо сунушталат, кооперацияны өнүктүрүүнүн мүмкүн болуучу багыттары сүрөттөлөт, чакан жана орто ишканалардын ишин демилгелөө үчүн ички субконтракцияны өнүктүрүү сунуш кылынат.

Документке ылайык, Биримдик товарларынын үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна сатыкка чыгаруу жана биргелешкен маркетинг жүргүзүү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн кызматташтыгына тиешелүү маселе, маанилүү маселе болуп саналат. Мына ушундайча мүчө мамлекеттердин өнөктүк базасын, алардын тажрыйбасын пайдаланууга, сатуу натыйжалуулугун жогорулатууга болот.