Sign In
Маркалоо – ЕАЭБдин ички рыногунда товарлардын эркин жылышын камсыз кылуунун маанилүү аспабы

Маркалоо – ЕАЭБдин ички рыногунда товарлардын эркин жылышын камсыз кылуунун маанилүү аспабы

05.08.19
Товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоону киргизүүгө байланыштуу Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) ички рыногундагы соодадагы тоскоолдуктарды жоюу Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Москвада өз аянтчасында өткөргөн, ишкерлердин кезектеги консультацияларынын темасы болду.

Иш-чарада Беларусь, Казакстан жана Россиянын 100дөн ашуун бизнес өкүлдөрү катышышты.

Товарлардын айрым түрлөрүнө карата маркалоону киргизүүдө, санариптик технологияларды натыйжалуу пайдаланууну жана рыноктун бардык ак ниет катышуучуларынын пикирин эске алуу менен, тутумдук мамилени колдонуу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Ишкерлер маркалоо соодага тоскоолдук кылбашын гана эмес, тескерисинче, товарлардын эркин жылышын камсыз кылуунун маанилүү аспабы жана экономикага санариптик технологияларды киргизүүнүн катализатору экендгиги тууралуу жалпы түшүнүккө келишти.

Ишкердик коомдоштуктун өкүлдөрү ЕЭК тарабынан уюштурулган ар кандай аянтчаларда тоскоолдуктарды, алып коюуларды жана чектөөлөрдү Комиссия менен биргеликте жоюуга даярдыгын билдиришти.

Консультациялардын жыйынтыктары боюнча Комиссия Бирликтин рыногунда товарларды маркалоо жөнүндө бизнестин кеңири пикирин алды. Товарлардын айрым категориялары менен соода жүргүзүүнү жөнгө салууну жакшыртуу үчүн кошумча талкууларды талап кылган маселелер аныкталды.