Sign In
Суусундуктардын идиштери үчүн алюминий лентасына карата импорттук алымдын чендери эки жылга 10%дан 12%га чейин көтөрүлдү

Суусундуктардын идиштери үчүн алюминий лентасына карата импорттук алымдын чендери эки жылга 10%дан 12%га чейин көтөрүлдү

IMG_8141.jpg
05.03.21

Евразия экономикалык комиссиясы чечимдердин топтомун кабыл алуу жол-жобосун аяктап, анын натыйжасында суусундуктар үчүн идиштерди өндүрүү үчүн колдонулган алюминий лентага карата импорттук алымдардын чени эки жылдык мөөнөткө 10дон 12% га чейин көтөрүлөт.

5-мартта Комиссиянын Кеңеши капкактарды өндүрүү үчүн колдонулган лентага жана алюминий банкаларды ачуу үчүн шаймандарга карата ("ачкычтар") алымдардын чендерин жогорулатуу менен ЕАЭБ ТЭИ ТНдин өзүнчө кодун бөлүп берүү жана деталдаштыруу боюнча чечим кабыл алды.

Ага чейин ЕЭК Коллегиясы алымдарды ошол эле өлчөмдөрдө көбөйтүү менен, суусундуктар үчүн идиштердин корпустарын даярдоо үчүн колдонулган алюминий лентасын ЕАЭБ ТЭИ ТНде бөлүп көрсөткөн.

"Чараны киргизүү ата мекендик алюминий өндүрүшүн өнүктүрүүнүн шарттарын турукташтырууга, даяр продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле өндүрүш көлөмүн көбөйтүүгө багытталган", - деп билдирди ЕЭК Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министри) Андрей Слепнев.

Ал белгилеп өткөндөй, учурда Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринде алюминий лентасын чыгарган ишканалар толук пайдаланылбай жатат. Ошол эле учурда, алардын потенциалдык кубаттуулугу лентага болгон ички керектөөнү толук канааттандырууга мүмкүндүк берет.

ЕЭК Кеңешинин Чечими расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта он календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.​