Sign In
ЕЭК Кеңеши ЕАЭБ рынокторунда атаандаштык эрежелеринин сакталышын "жумшак жөнгө салуунун" жаңы механизмин бекитти

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБ рынокторунда атаандаштык эрежелеринин сакталышын "жумшак жөнгө салуунун" жаңы механизмин бекитти

IMG_8011.jpg
05.03.21

Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин трансчек аралык рынокторунда атаандаштыктын жалпы эрежелеринин бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон иш-аракеттердин жол берилбестиги жөнүндө эскертүү берүүнүн тартиби бекитилди. Документ Комиссиянын атаандаштык боюнча блогу тарабынан 2019-жылдын 1-октябрында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунда кол коюлган ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протоколго ылайык иштелип чыккан (азыр Бирлик өлкөлөрүндө ратификацияланып жатат).

ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу министри Арман Шаккалиев буга байланыштуу мындай деп белгиледи: "Комиссия ЕАЭБ мамлекеттеринин улуттук бийлик органдары менен биргеликте Бирликтин товардык рынокторундагы атаандаштык чөйрөсүн өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча, айрыкча монополияга каршы жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүү боюнча жигердүү иш алып барууда. Бекитилген Тартип эскертүү берүү боюнча жол-жоболук маселелерди бекитүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле ЕАЭБ мыйзамдарына трансчек аралык рыноктордо атаандаштык эрежелеринин сакталышына превентивдик көзөмөл жүргүзүүнүн натыйжалуу механизмдеринин бирин киргизет".

Трансчек ара рынокторундагы пландуу жүрүм-турумун ачык жарыялагандыгы үчүн жеке адам дагы, чарба жүргүзүүчү субъекттин кызмат адамы дагы, эгерде мындай жүрүм-турум трансчек ара рынокторундагы атаандаштыктын жалпы эрежелеринин бузулушуна алып келсе, эскертүү ала алат. Тартипке ылайык, анын ичинде конференциянын жүрүшүндө жасалган, жалпыга маалымдоо каражаттарында же "Интернет" тармагында, жарнамалык брошюраларда, буклеттерде жана башкаларда жарыяланган, адамдардын белгисиз чөйрөсүнө карата айтылган билдирүүлөр кирет.

Иш жүзүндө бул механизм төмөнкүдөй түрдө жүзөгө ашырылат: Комиссиянын атаандаштык боюнча блогу, коомдук билдирүү жөнүндө маалымат алгандан кийин, мындай маалыматтын болушун текшерет, ачык билдирүүнү баалайт, эскертүү берүүнүн зарылдыгы (кереги жоктугу) жөнүндө корутундуну жана эскертүүнүн долбоорун даярдайт. Корутунду жана эскертүүнүн долбоору ЕЭК Коллегиясынын атаандаштык маселелерин тескеген мүчөсү тарабынан каралат. Ал эскертүү берүү же бербөө жөнүндө чечим кабыл алат, ошондой эле маселени кайра карап чыгуу жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.

Эскертүү берүү тартиби - "жумшак жөнгө салуунун" маанилүү механизми болуп саналат. Комиссиянын иши кесепеттерди жоюуга эмес, тобокелдиктерди башкаруу тутумун түзүүгө жана атаандаштык эрежелеринин бузулушуна жол бербөөгө багытталат.

ЕЭК Кеңеши тарабынан бекитилген Тартип ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө аталган Протокол ратификациялангандан кийин күчүнө кирет.​