Sign In
ЕЭК металлургия үчүн графиттелген электроддорго карата импорттук алымдардын ченин эки жылга нөлгө түшүрдү

ЕЭК металлургия үчүн графиттелген электроддорго карата импорттук алымдардын ченин эки жылга нөлгө түшүрдү

IMG_8057.jpg
05.03.21

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 5-марттагы отурумунда графиттелген электроддорунун айрым түрлөрүн - карата алып келүү бажы алымынын ченин эки жылдык мөөнөткө 0% өлчөмүндө белгилөө чечимин кабыл алды.

Каралып жаткан товарлар металлдарды эритүү үчүн жаа түрүндөгү болот эритүүчү мештерде колдонулат. Аларды өндүрүүдө чийки зат катары негизинен үчүнчү өлкөлөрдөн сатылып алынган тикенектүү кокс жана таш көмүр чайыры колдонулат.

Евразия экономикалык бирлигинин аймагында электроддорду чыгарган ишканалардын өндүрүштүк кубаттуулугу мындай продукцияларга ички муктаждыктын жарымынан азын камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет.

"Ошентип, алымдарды төмөндөтүү графиттелген электроддорго болгон тартыштыкты толтурууга жана Бирликте өндүрүлгөн, машина курууда, жарандык курулушта жана башка өнөр жай тармактарында колдонулган металл продукциясынын өздүк наркын төмөндөтүүгө багытталган", - деп белгиледи ЕЭКтин бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян.

Чечимди кабыл алуу зарылдыгы, анын ичинде, дүйнөдөгү графиттелген электроддордун өндүрүшүнүн 30% үлүшү туура келген Кытайда экологиялык эмес кубаттуулуктардын төмөндөшүнө байланыштуу баалардын көтөрүлүшү менен негизделет.

Чечим расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта он календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Маалымат

Комиссиянын Кеңешинин 2019-жылдын 22-февралындагы № 29 чечимине ылайык, 2019-жылдын 16-майынан 2020-жылдын 30-апрелине чейинки мезгилде, каралып жаткан товарларга карата, бажы наркынын 0% өлчөмүндө алып келүү бажы алымынын чени колдонулган.​